Бишкекке 140 жыл! Жээнбеков шаардыктарды куттуктады

Жазылуу
Мамлекет башчы калаанын дайыма жашыл, кооз, таза жана коопсуз болушу үчүн шаардыктар бардык күчүн жумшоого тийиш экендигин айтты.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бишкектиктерди борбор калаанын 140 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Президент өз куттуктоосунда кыргызстандыктар үчүн Бишкек шаары бийик маданияттын, илимдин, билимдин жана толеранттуулуктун борбору экендигин  белгилеген.

"Албетте, борбордун башкы байлыгы – анын тургундары. Бишкекте Кыргызстанды байырлаган бардык этностордун өкүлдөрү жана ар түрдүү кесипти аркалаган адистер жашап, эмгектенет. Муундан-муунга борбордун  тургундары  тынчтыктын, ынтымактын жана өз ара түшүнүүнүн бекем негизин түптөп келишкен", — деп айтылат куттуктоодо.

Жээнбеков мунун менен катар эле бишкектиктер калаанын дайыма жашыл, кооз, таза жана коопсуз болушу үчүн бардык күчүн жумшоого тийиш экендигин да кошумчалаган.

Куттуктоосунун аягында президент мекендештерге чың ден соолук, бакыт, таалай жана ийгиликтерди каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0