Учурда Улуттук хирургия борборунун ашказан жана он эки эли ичеги оорулары бөлүмүнүн жетекчиси, жогорку даражадагы хирург Болот Иманов

Жансыз бейтапты кучактап ыйлап, кечирим сурадым... Хирургдун маеги

7106
(жаңыланган 13:37 02.05.2018)
Болот Иманов 40 жылдан бери оор абалда келген бейтаптарга жардам берип келет. Иш тажрыйбасында 10 миңден ашык операция жасаган. Орто Азияда биринчилерден болуп уйку бездин дартын операция жолу менен айыктырууну ишке ашырган.

Учурда Улуттук хирургия борборунун ашказан жана он эки эли ичеги оорулары бөлүмүн жетектейт.

Болот Иманов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, хирургдардын жашоосу, иш тажрыйбасындагы өксүгөн, сүйүнгөн, таң калган учурлары тууралуу айтып берди.

Дарыгерликке түрткү берген апа, Иса Ахунбаевдин өлүмү…

Бала кезимде апамдын колу-буту ооруп, тегеректеп эле жүрчүбүз. Ошондо дарыгер болом деп максат койдум. Дагы бир себеби, дарыгер Асан Жайлообаев биздин айылдан. Ал келгенде жердештер кадырлап тосуп алчу. 10-класста окуп жүргөндө белгилүү хирург Иса Ахунбаев автокырсыктан каза тапты. Бул окуя ого бетер түрткү берип, медициналык институтка тапшырып калдым. Чолпон-Атадагы бейтапканада үч жыл мед ага катары эмгектендим. Келгендин баарын үзгүлтүксүз кабыл ала берчүмүн. Кесиптештер "Боке, өзүң тейлей бер" дешчү.

Хирургияда оору даана аныкталып, бейтаптар так дарыланып чыгат. Терапевт адистериндей өнөкөт оорулар менен алектенбейбиз. Хирургия мага ушунусу менен жакты.

Врач-хирург высшей категории Болот Иманов в рабочем кабинете
© Фото / из личного архива Болота Иманова
Дарыгер-хирург Болот Иманов Орто Азияда биринчилерден болуп уйку бездин дартын операция жолу менен айыктырууну ишке ашырган

Клиникалык ординатураны хирург Мамбет Мамакеевдин кафедрасынан өттүм. 24 жашымда ашзказан жана ок эки эли ичеги бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалдым. 16 жыл устатым Мамакеевдин жардамчысы болдум. Ал киши хирургиянын сырларын гана эмес, адамга кандай мамиле кылышты да үйрөттү.

Совет убагындагы студенттик күндөр, изденүү, билим

Мектепти жакшы окугам. Окуу жайдан орус тилинен кыйналдык. Экзамендерде түндөп окуп, тапшырмаларды ырча жаттап жооп берчүбүз. Биринчи жолу "үч" алганда арданып ыйлагам. Бирок медицина боюнча сабактарга келгенде кыргыз балдар көзүбүздү жуумп айтып берчүбүз.

Биздин убакта студенттер кесипке абдан кызыкчу. Ачыгын айтсам, азыр жаш адистерге ишене бербейм. Биз ординатураны акысыз окучубуз, тескерисинче, бизге мамлекет төлөп берчү. Эсимде бейтапканада үйрөнөм деп кечке жүрө берчүмүн. Дарыгерлер "үйүңө барбайсыңбы" деп урушчу. Үйгө барганда адамдын органдарын элестетип дорожкаларды кескилеп, колумду көндүрчүмүн. Жубайым абдан түшүнүктүү чыгып, ишиме колдоо көрсөттү.

Врач-хирург высшей категории Болот Иманов во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Болот Иманов: Хирургияда оору даана аныкталып, бейтаптар так дарыланып чыгат. Кесип мага ушунусу менен жакты

Оорулууларга шыпаа болгон жана таң калган учур

Мен Орто Азияда биринчи жолу уйку безинин дартын хирургиялык жол менен дарылоону изилдеп, диссертация жактагам. 1996-жылы бул илдеттин өлүм көрсөткүчү 60-70 пайыз эле. Устатым Мамбет Мамакеев "Болот муну менен күрөшүүнү колго албасаң болбойт" деди. Күн-түн дебей отуруп үч жыл убактыбызды сарптадык. 2000-жылдары өлүм көрсөткүчү 18,2 пайызга түштү. Андан кийин республиканын бардык аймактарында менин ыкмамды колдоно башташты. Учурда каза болгондордун саны 7 пайызды гана түзөт.

Адатта ичегилер буралып калат. Бир ирет бизге келген бейтаптын ашказаны буралып калыптыр. Башында ичин бөлөк диагноз менен ачканбыз. Ден соолугун калыбына келтиргенден кийин маалымат булактарынан издештирсек мындай диагноз менен операцияны дүйнө жүзүндө 501-болуп биз жасаптырбыз. Бул Кыргызстанда биринчи жолу жасалган операция болгон.

Врач-хирург высшей категории Болот Иманов с коллективом
© Фото / из личного архива Болота Иманова
Болот Иманов: биздин убакта студенттер кесипке абдан кызыкчу. Ачыгын айтсам, азыр жаш адистерге ишене бербейм

Көзгө жаш алганда…

Тажрыйбамда 10 миңден ашык операция жасадым. Жумуш учурунда өмүрүн сактай албай, ажал тапкан бейтаптар болбой койбойт экен. Жаш жигит алвеококкоз оорусу менен келди. Башка бейтапканаларга барса жасай албайбыз деп чыгарып берип коюшуптур. Туугандары "сизге ишенебиз, бир нерсе болсо жоопкер болбойсуз" деп суранышты. Операция убагында бейтаптын ири кан тамыры жарылып кетти, Кучактап ыйлап, кечирим сурагам…

2010-жылы апрель окуясында киши абдан көп келген. Окуя болгон күнү эч бир кызматкер үйүнө кеткен жок. Өлүп келгендери да болду. Жалпысынан 80дей операция жасадык. Ошондо бир жаш бала сол жак өпкөсүнө ок жеп операция жасаткан. Андан"не кылып жүрдүң" деп сурасам, "кызыгып карап тургам" деп жооп берди. Көп өтпөй апрель баатырларына өкмөт акча берет деп калбадыбы, ошондо "мен кокусунан эмес, атайын эрдик үчүн баргам" деп калыптыр.

Борбордо болгон окуя. Жаш балдар ортосу оюлуп калган чоң терезеден ары-бери секирип ойношот. Бирөөсү аларды туурайм деп атып ичи менен сайылып калыптыр. Баладан көп кан кетип калды. Сактай алган жокпуз. Мөлтүрөгөн жапжаш бала экен. Бөлүмдөгү дарыгердин баары ыйладык.

Врач-хирург высшей категории Болот Иманов во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Хирург Болот Иманов: бала кезимде апамдын колу-буту ооруп, тегеректеп эле жүрчүбүз. Ошондо дарыгер болом деп максат койдум

Тизелеп акча сунган бейтаптын окуясы

Илгери бейтаптар дарыгерлерди кудайындай көрчү. Кой союп эле келе беришчү. Бир жолу Тоңдон келген чабандын аялына операция жасап, ал ийгиликтүү өттү. Чабан кабинетиме келип "муну алып коюңуз" десе чочуп кетипмин. Ал кезде акча алуу деген жок болчу да. Ишенесизби, албайм десем "сизге ыраазымын" деп тизелеп акчасын сунду. Он баласы бар экен деди. Колундагы 100 рублдин 10нун ырым катары алып, калганын "балдарга таттуу алып бер" деп жолго салдым.

Борбордук Азияда аялдан чыккан биринчи хирург жана академик Какиш Рыскулова. Архив
© Фото / из семейного архива Какиш Рыскуловой
Эгер мен акча алып жашасам эбак байып кетмекмин. "Ставкаңыз канча" дегендерди укканда, "мен силерге базарчы эмесми"н деп тилдейм. Эгер чын жүрөгүнөн ыраазычылык айтып жатса башка кеп. Эл катары жашайм. Үй-бүлөбүз менен үзүлүп-жулкунбайбыз. Бир мисал айтып берейин. Мен го айылдыкмын. Жубайым башкарманын кызы болчу. Убагында кайнатам биздин батирлеп жүргөнүбүзгө карабай үй алып бергенге жардамдашкан эмес. Атам айылдан алма жүктөп, акысына орустун бир кичинекей бөлмөсүн сатып алганбыз. Ал урап түшкөндө мамлекеттен үй беришкен.

Өзүм жумшак адаммын. Бейтаптар же алардын туугандары менен катуу айтышып, жаман көрүнгөн күндөрүм болгон эмес. Устатым Мамакеев "сени сөксө, ичиңен сөгүп, сыртыңан жылмайып кой" деп айтат.

7106
Белгилер:
хирург, операция, бейтап, Болот Иманов, Мамбет Мамакеев
Тема боюнча
Келер бекен? Чет элдиктердин өмүрүн сактап жүргөн кыргызстандык ак халатчандар
Аялдар адатта сүйгөнүнө, эркек кез келгенине кол салат. Бишкектик психиатрдын маеги
Тоодогу жамгыр. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

36
Синоптиктер жекшемби күнү Кыргызстанда күн 33 градуска чейин ысый турганын маалымдашты.  Ал эми Чүйдө абанын өзгөрүп турары айтылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү, 7-июнда, күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +19...+24, ал эми Нарын жергесинде +18...+23 градус болот. 

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +26...+28, Ошто +30...+32 градус болору айтылды. 

36
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Беш күн катары менен жамгыр жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду.

60 жыл электр жарыгы жетпеген айылга электр мамылары коюлууда

107
(жаңыланган 20:59 06.06.2020)
Жазыкечүүлүктөрдүн сентябрдын башында башка кыргызстандыктар сыяктуу эле электр энергиясын кадимкидей пайдаланып калышары айтылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду. Бул тууралуу "Жалал-Абад электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

1960-жылы уюштурулган Жазы-Кечүү айылында жергиликтүү жашоочулар электр жарыгы жок жашап келген.

  • Проводка электричества в селе Жазы-Кечуу Базар-Коргонского района
    Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду.
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Проводка электричества в селе Жазы-Кечуу Базар-Коргонского района
    1960-жылы уюштурулган Жазы-Кечүү айылында жергиликтүү жашоочулар электр жарыгы жок жашап келген.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 2
© Фото / Зульфия Тургунова
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду.
"Жалал-Абад электр" ишканасы Сузак районунун Кыз-Көл айылы тараптан Жазы-Кечүү айылына 18 чакырым аралыктан аба чубалгыларын тартуу иштерин баштады. 25 миллион сомдук долбоор аталган мекеменин өз каражатынын эсебинен жүргүзүп жатат", —  деп айтылган маалыматта.

Аталган ишканадан электр мамычаларды орнотуу жана башка иштер август айынын соңунда аяктап, 1-сентябрда айылга жарык берилип каларын билдиришти.

Жазы-Кечүү айылы Базар-Коргон районунун борборунан 110 чакырым алыста жайгашкан. Айылда 140 түтүн, тагыраагы, 600дөй адам жашайт. 100 орундуу мектеп жана ФАП бар.

Кышында кар калың жаап, кыш алты айга созулат. Эң алыскы тоолуу аймакта жайгашкан Жазы-Кечүү айылында 1960-жылдардан бери электр жарыгы жок.

107
Белгилер:
электр жарыгы, Базар-Коргон, Кыргызстан
Тема боюнча
Кар жаткан ашууда электриктер үч күн иштеп, бузулган линияны оңдоду. Сүрөт
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали. Архивдик сүрөт

Казакстан президентинин маалымат катчысынан COVID табылды

0
(жаңыланган 23:36 06.06.2020)
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин, Ак ордо санитардык эрежелерди сактап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали коронавирус менен ооруп калгандыгын Sputnik Казакстан жазды.

"Тилекке каршы, менин коронавирус боюнча тапшырган тестим сактанган чараларга карабастан, менден оору чыккандыгын көрсөттү. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ооруканада жатам. Абалым канааттандырарлык", — деген Берик Уали.

Казакстан президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин айтты.

"Мамлекет башчы тесттен улам өтүп турат. Ак ордо санитардык эрежелерди сактап, талаптар күчөтүлгөн", — деген Уали.

Ал жалпы казакстандыктарды карантиндин талаптарын сактоого чакырды.

0
Белгилер:
коронавирус, катчылык, маалымат, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты