Эмнеге шыктуусуң? Аймактарда жаштар үчүн кесип тандоо боюнча жарманке өтөт

© Sputnik / Александр Демьянчук / Медиабанкка өтүү"Ярмарка вакансий" в Санкт-Петербурге
Ярмарка вакансий в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын максаты — мектеп окуучуларына Кыргызстандын жогорку окуу жайлары, билим берүү борборлору, жаштар уюмдары жана Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) жөнүндө маалымат берүү.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарында бүтүрүүчүлөр үчүн кесип тандоо боюнча жарманке өтө турганын Борбордук Азиядагы IDEAнын долбоорлор координатору Нурайым Шамырканова билдирди.

Бүтүрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыркы коңгуроодо банкет өткөрүүгө быйыл да тыюу салынды
Анын айтымында, аймактардагы жаштарга кесип тандоо боюнча маалымат берүү зарыл. Мындан улам "Демилгелүү жаштар" долбоорунун алкагында 16-майда Нарын облусунун Кочкор районунда, 15-майда Нарын шаарында жана 19-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда окуу жайлар жана кесип тандоо тууралуу жарманке өткөрүлөт.

Шамырканова жаштардын көпчүлүгү кесип тандоодо эмнеге шыгы бар экенин эске албайт.

"Алар менен баарлашканда басымдуу бөлүгү эл аралык мамилелер, юриспруденция сыяктуу факультеттерде билим алууну каалашат. Кесип тандоодо анын деңгээлине эмес, адам өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө, шыгына карап тандашы керек. Бул себептен биз аймактарга жарманке уюштуруп жатабыз. Маалымат берүү жыл сайын ар кайсы региондордо өтөт", — деди Шамырканова.

Иш-чаранын максаты — мектеп окуучуларына Кыргызстандын жогорку окуу жайлары, билим берүү борборлору, жаштар уюмдары жана Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) жөнүндө маалымат берүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0