Куба мамлекетин жарым кылым башкарган белгилүү комендант Фидель Кастро. Архивдик сүрөт

Фидель, Кастро, Эрнесто. Революционерлердин ысымын алган кыргыз балдары

149
(жаңыланган 12:42 02.05.2018)
Адегенде эле Куба мамлекетин жарым кылым башкарган белгилүү комендант Фидель Кастронун аты, фамилиясын алгандар чыгат.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Кыргызстанда дүйнөдөгү революционерлердин ысымын алган жарандар бар экенин билесизби? Бул тизмени Sputnik Кыргызстандын кабарчысы биометрикалык маалымат тапшырып, шайлоочулардын тизмесине кирген 18 жаштан жогорку жарандардын арасынан тапты.

Адегенде эле Куба мамлекетин жарым кылым башкарган белгилүү комендант Фидель Кастронун атын да, фамилиясын да алгандар чыгат. Кастро деп бир кыргызстандык уулуна ат койсо, Фиделдердин саны 12ге жетет. Ошол эле өлкөнүн революционери Эрнесто Че Геваранын ысымы бир кишиге ыйгарылган. 

Кыргызстанда Түндүк Кореянын негиздөөчүсү Ким Ир Сендин (Ким — фамилиясы) Сен-Ир деген адашы жашайт. 

Аялдардан болсо Маокуль деген ат коюлган. Ага Кытайды негиздеген Мао Цзэдундун ысымы ыйгарылышы ыктымал. Бирок ал революционер СССР менен Кытайдын тирешүүсүнөн улам бизге анча таанымал болбой калса керек.

149
Белгилер:
ысым, Фидель Кастро
Тема боюнча
Ошбай, Париж-Турат. Ысымы шаар атынан коюлган кыргызстандыктар
Дүйшөмбү, Шейшемби, Бейшемби. Апта күндөрүнүн аталышын алган кыргызстандыктар
Исполняющий обязанности Премьер-министра Кыргызской Республики, первый вице-премьер-министр Кубатбек Боронов на заседании Республиканского оперативного штаба. 04 июня 2020 года

Боронов: аймакка каттаган ар бир жүргүнчүнүн телефон номерин жазып калгыла

0
Биринчи вице-премьер облустарга кетип жаткан жүргүнчүлөрдүн ар бири тизмектелип, телефон номерлери жазыла турган китепче ачуу керектигин айтты.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Үй карантиндегилерди көзөмөлдөө үчүн алардын бардыгынын уюлдук телефонуна мобилдик тиркеме жүктөлүшү керек. Мындай тапшырманы тармактык мамлекеттик органдарга премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бергендигин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Муну менен катар Боронов карантиндик эрежелерди эске алуу менен туристтик сезонго даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.

"Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туристтик сезонго дыкат даярдык көрүүгө тийиш. Бул багыттагы иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыгышы зарыл", — деген Боронов.

Биринчи вице-премьер жергиликтүү бийлик органдарына 5-июндан тарта аймактар аралык коомдук транспорттун иши жанданарын эскертти. Бир облустан экинчи аймакка өтүп жаткан ар бир жүргүнчүнү катуу көзөмөлгө алуу керектигин кошумчалады.

"Вирустун жайылышын алдын алуу үчүн башка облустарга кирип жаткан жарандарды көзөмөлдөө иши күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тармактык мамлекеттик органдар менен биргеликте аймактарга барып жаткан ар бир жаранды тизмектеп, телефон номерлери жазыла турган китепче ачуу керек", — деди ал.

COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 1899га жетип, бүгүн, 4-июнда, 28 кишиден аныкталды.

Ал эми жалпы 1292 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

0
Табло курса доллара, евро, рубля и тенге на обменном бюро в Бишкеке

Ката кеткен. Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзам долбоору ЖКга киргизилди

34
(жаңыланган 13:23 04.06.2020)
Мыйзам долбоору үстүбүздөгү жылдын апрель айында коомдук талкууга коюлуп, бир топ сын-пикирлерди жараткан.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы акча алмаштыруу жайларын жабуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди. Бул тууралуу парламенттин сайтында жарыяланды.

Сурамжылоо

Акча алмаштыруу бюролорун жабуу демилгесин колдойсузбу?
  • Жабыш керек! Акча алмаштыруу жайларын банктарга салыштырмалуу көзөмөлдөө оор
    0% (0)
  • Мен каршымын. Валюта рыногунда атаандаштык болушу керек
    0% (0)
  • Азыр ишсиз отургандар ансыз да көп. Дагы башкаларды жумушсуз калтыруунун эмне кереги бар?
    0% (0)
  • Мага баары бир, менин киреше-чыгашамдын бардыгы сом менен
    0% (0)
Добуш бергендер:
Аталган документ үстүбүздөгү жылдын апрель айында коомдук талкууга коюлган. Мыйзамды демилгелеген депутаттар менчик бюролор операциялар тууралуу маалыматты жашырып, валюта курсун негизсиз жогорулатып, мындай аракети менен сомдун кунун кетирет деген жүйө келтирген.

Долбоордун негиздемесинде 2015-жылы Улуттук банк акча алмаштыруу жайларын жабууга аракет кылып, бирок коомдук талкуу учурунда колдоо таппай калганы жазылган.

"Акча алмаштыруу операцияларын банктар, кредиттик союздар, чакан финансылык жана кредиттик компаниялар гана жүргүзүшү сунушталууда. Бул улуттук валюта рыногунун коопсуздугун, валюта операцияларынын ачык-айкындуулугун камсыздоого жана көбүрөөк салык түшүшүнө шарт түзөт", — деп жазылган мыйзам долбоорунда.

Документтеги ката

Деген менен мыйзам долбоорунун расмий тилде жазылган негиздемесинде ката кетип калган. Мүмкүн болуучу терс кесепеттердин болжолу бөлүмүндө "Мыйзам долбоорду кабыл алуу "Медицина кызматкерлеринин макамы жөнүндө" КР мыйзамдарына өзгөрүтүүлөрдү киргизүү" терс кесепеттерди алып келбейт" деп жазылып турат. Чынында бул мыйзам валюта рыногуна эмес, медицина тармагына тиешелүү.

Ал эми жөндөө таасирин талдоо жөнүндө маалыматында "Мыйзам долбоору жөндөө таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, себеби ал ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес" деп жазылган.

Законопроект о закрытии обменных пунктов в Кыргызстане
скриншот с сайта Жогорку Кенеша
Акча алмаштыруу жайларын жабуу боюнча мыйзам

Мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Алиярбек Абжалиев, Салайдин Айдаров, Искендер Гайпкулов, Пархат Тулендыбаев, Айнура Осмонова, Экмат Байбакпаев сунуштаган. Негизги демилгечиси Гүлшат Асылбаева.

34
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, депутат, мыйзам, акча алмаштыруу жайы
Тема боюнча
Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзамы боюнча Улуттук банк комментарий берди
Жалаа жаппасын! Акча алмаштыруу жайлары мыйзам жазган депутаттарга жооп берди