Эмнеден жазганымды билбейм. "Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова менен маек

© Фото / Айжан Нурланбекова"Дүйнөнүн сулуу айымы – 2018" сулуулук сынагынын жеңүүчүү Сания Шакирова
Дүйнөнүн сулуу айымы – 2018 сулуулук сынагынын жеңүүчүү Сания Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети жыл мурун Сания Шакирова жолдошу менен ажырашканын тастыктаган күбөлүктү колго алган. "Үч бала менен жалгыз эми кантем?" деген ой аны санаага салган. Ошол убакта келечекте жеке ишин ачып, "Дүйнөнүн сулуу айымы – 2018" таажысын тагынары үч уктаса да түшүнө кирген эмес.

30 жаштагы Сания Шакирова кеңсебизге баш багары менен бүт редакциянын көңүлүн өзүнө бурдуртуп алды: чоң таажы тагынган татына келинди жанынан күндө эле көрө бербейт эмеспизби. Сулуулук ханышаларына коюлган талап ушундай: жеңишке жеткенден кийин бир жыл бою бардык коомдук жайларда таажы тагынып жүрүүсү абзел.

Шакирова дизайнерлик бул жасалга мойнуна күч келтирип, оорута ылдый тартып турганын айтып наалыды. Көрсө, көп сулуу көксөгөн зер буюмдун салмагы үч килограмм экен!

— Кичине кезиңизде эле татына белеңиз? Балалыгыңыздан баян салсаңыз.

— Кара-Балтада төрөлдүм, ошол шаардагы мектепке бардым. Класстын эң сулуусу болгом деп айта албайм. Эркек баланыкындай мүнөзүм бар эле, дайым бирөөлөр менен мушташып эле басып жүрчүмүн.

Алтынчы классымда эле "Кара-Балта сулуусу" болуп чыга келдим. Өзүм үчүн да күтүүсүз болду. Негизи ага көңүл деле бурган эмесмин, качандыр бир кезде кайра таажы тагынарым түк ойго келген эмес.

© Sputnik / Табылды КадырбековСания Шакирова: атамдын Кара-Балтада үч кафеси бар эле, 90-жылдары алардын иши токтоп калды. 17ге толгонумда апам экөөбүз акча табуу үчүн Москваны багындырууга бет алдык
Миссис мира — 2018 Сания Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Сания Шакирова: атамдын Кара-Балтада үч кафеси бар эле, 90-жылдары алардын иши токтоп калды. 17ге толгонумда апам экөөбүз акча табуу үчүн Москваны багындырууга бет алдык

— Алгачкы акчаңызды кантип таптыңыз эле?

— Мага башынан эле маникюр жасоо жакчу. Өз курбуларым, туугандарымдын тырмактарын жасап жүрүп, кийин сулуулук салонуна ишке кирдим. Агезде 14 жашка толгон кезим болчу.

Адегенде эрмек катары гана көрчүмүн, бирок ошол кездерде үйдө акча тартыш болуп калды. Атамдын Кара-Балтада үч кафеси бар эле, 90-жылдары алардын иши токтоп калды. 17ге толгонумда апам экөөбүз акча табуу үчүн Москваны багындырууга бет алдык.

— Ири калаада орун таап кетүү кыйынга турдубу?

— Айтпаңыз. Эгер өз ишиңди так аткарып, тил билсең, ал жакта ишке орношуу оңой эле. Москва көңүлүмдөн дароо түнөк тапты. Ал жакта тапканың көп, чыгымың аз. Бизде той-топур көп эмеспи, Москвада зарыл сумманы оңой эле топтой аласың.

© Фото / Айжан НурланбековаШакирова: Москва көңүлүмдөн дароо түнөк тапты. Ал жакта тапканың көп, чыгымың аз. Зарыл сумманы оңой эле топтой аласың
Миссис мира — 2018 Сания Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Шакирова: Москва көңүлүмдөн дароо түнөк тапты. Ал жакта тапканың көп, чыгымың аз. Зарыл сумманы оңой эле топтой аласың

— Жолдошуңуз менен кандайча таанышкан элеңиз?

— 17 жашымда турмушка чыккам. Ошол күнү салондо иштеп жаткан элем. Чачын кырктыруу үчүн менин болочок жолдошум кирип калат. Өзү Оштон, Москвага окууга келген экен. Мени бир көрүп сүйүп калыптыр, чогуу иштешкендерден телефон номеримди сурап алат. Ошол күнү кечинде эле мага телефон чалды, бир айдан соң экөөбүз баш кошконбуз.

— Өтө эле шашылыш үйлөнгөнүңүздөрдү ата-энелер кандай кабылдады?

— Ачыгын айтканда, ата-энебизден коркуп бир жыл баш кошконубузду жашырып жүрдүк. Агезде апам кайра Кара-Балтага кайткан эле. Ага мен балалуу болгондо гана кабарладым. Биринчи рейс менен Москвага учуп келген.

— Жолдошуңуз менен ажырашкансыз да, чынбы?

— Ооба, жети жыл мурун эки ача жолго түштүк. Аябай көңүлүмдү ооруткан учур болду. Ажырашкым келген эмес, эми кантип үч бала менен жалгыз калам деген ой мени сансыз санаага салды. Жарым жылдай азап тарттым…

Бирок кийин күч топтоп: "Сания, тур, ыйлактаганды токтот, алдыга жыл!" деп өзүмдү өзүм шыктандырдым. Анан Ксения Бородинанын салонуна резюмемди жөнөттүм. Азыр жолдошум менен достук мамиледебиз.

— Бородинага эң алгач качан жолуктуңуз?

— Ишке орношкондон эки күндөн кийин көрдүм. Ошондо ал салонго келди да: "Бүгүн мен жаңы келген кызга жасатайын" деди. Чочуладым, бирок Ксения өзү жайбаракат отуруп, телевизордун экранынан көзүн айырбады. Ишимди баалады, андан кийин мага келе баштады.

— Мамилеңиздер дурус беле?

— Абдан жакшы болчу! Ксения мени Саша деп койчу, бул ысым өзүмө аябай жагат. Ал дайым балдарыма белек-бечкек, чемодан-чемодан таттуу, балдардын кийимдерин жиберчү! Аны менен жаңы эле жазыштык, жеңишим менен куттуктады.

— Дагы кайсы жылдыздар менен иштештиңиз?

— Ольга Бузова, Маша Малиновская, Авраам Руссого маникюр жасачумун. Талапты эң катуу койгону Маша Малиновская болчу. Ал жаңы жасалган маникюрду мактап туруп, босогодогу кабыл алуу текчесине жеткенде боектун түсүн жактырбагандыгын айтчу. Кайрадан боеп бүткөнүмдө: "Ай, жок, Санюш, жанагы эле жакшыраак экен" деп коюшу мүмкүн. Ушундай кыз экен.

— Ал эми Ольга Бузова менен иштешүү кандай экен?

— Мүнөзү жакшы, бирок бир мүнөт да ордунда тынч отурбайт. Ал кыз менен иштеш оңой эмес, жаны жай албайт.

— Жылдыздар менен иштешкендер көп табат дешет.

— Ооба, маянама эч нааразычылыгым жок болчу. Бир жылдан кийин Кара-Балтадан үч бөлмөлүү батир жана унаа сатып алгам.

— Эмнеликтен Кыргызстанга кайтууну чечтиңиз?

— Ошол мезгилде мен ал жакта жалгыз элем, балдарымды апам бакчу. Бир жылда Кара-Балтага төрт ирет келип кеттим, Мекенге эле тартыла бердим. Балдарым менсиз чоңоюп жатканын көрдүм… Салондогу беш жылдык келишимдин мөөнөтү бүткөндө Ксения кайрадан келишим түзүүнү сунуштады, бирок мен баш тарттым.

Ал жакшы эне, мени дароо түшүндү. "Сашуль, кайтууң зарыл, балдарга барышың керек. Сөзсүз өзүңдүн бир ишиңди ачкын!" деди. Эки жылдан бери Бишкектемин.

© Sputnik / Табылды КадырбековСания: жолдошум экөөбүз баш кошконубузду ата-энебизге бир жылдан кийин айттык
Миссис мира — 2018 Сания Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Сания: жолдошум экөөбүз баш кошконубузду ата-энебизге бир жылдан кийин айттык

— Бизнес баштоо кыйынга турган жокпу?

— Сулуулук салондорун акырындап ача баштадым. Азыр Кара-Балтада эки салон, Бишкекте мектеп-салон жана нейл-бар иштеп жатат. Алардын ишин Москвадагы талаптарга ылайыкташтырдым.

Маселен, ал жакта баары бир жолку жабдыктарды гана колдонушат, бул ыкманы мен да салондорума киргиздим. Мындан тышкары, бишкектик чеберлер кээде адепти сактабай, бүтүндөй турмушу тууралуу, кайсы жери ооруй турганынан бери төкпөй-чачпай айтып берип салышат. Ал эми мен салондорумда адам эс алып чыккыдай шарт түзөм.

— Бирок Москвадагы сулуулук салондорунда Бишкектегиден алда канча кымбат эмеспи!

— Ооба, беш эсе. Ал жакта иштөө абдан кирешелүү. Эгер Бишкекте чебер 25-35 миң алса, ал калаада — 100дөн 300 миң рублге чейин таап коет. Ошондуктан менин мектебимден үйрөнүп чыккандар Россияда ишке орношо алат. Бул жагынан мен аларга көмөктөшөм, кантсе да Москвада байланыштарым бар.

© Фото / Айжан НурланбековаШакирова: мен ал жакта жалгыз элем, балдарымды апам бакчу. Бир жылда Кара-Балтага төрт ирет келип кеттим, Мекенге эле тартыла бердим. Балдарым менсиз чоңоюп жатканын көрдүм…
Миссис мира — 2018 Сания Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Шакирова: мен ал жакта жалгыз элем, балдарымды апам бакчу. Бир жылда Кара-Балтага төрт ирет келип кеттим, Мекенге эле тартыла бердим. Балдарым менсиз чоңоюп жатканын көрдүм…

— Miss Universe Beauty-2018 сынагына кандайча катышып калдыңыз?

— Бул кызык болду. Бир ай мурун теле алпаруучу Ассоль Молдокматова менен Парижге Вячеслав Зайцевдин мааракесине барганбыз. Ал жакта абдан көп белгилүү адамдар, маселен, моданын белдүү өкүлү Пьер Карден да болду. Ассоль иш-чараны алпарды.

Ошол жактагы күндөрдүн биринде ал мага аябай үңүлө карап туруп: "Сания, бул келбетиң менен Дүйнөлүк сулуулар сынагына сөзсүз катышууң зарыл!" деди. Мен тамаша кеп катары кабыл алгам.

Фотомодель Айыма Бактыбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Төрт жашында фотомодель болгон Айыма. Наристенин апасы менен маек
Бишкекке учуп келгенден эки күндөн кийин Ассоль телефон чалып: "Кийимдериңди даярда, Вьетнамга сулуулук сынагына барабыз!" деди. Көрсө, ал эбак менин сүрөтүмдү, резюмемди жиберип коюптур. Мен катышуучу катары катталыпмын.

Элестетсеңиздер, сынакка кийилчү кийимдерди даярдап, бир нече килого арыктоого эки жума гана убактым бар экен. Сахнада басууну үйрөнүү үчүн педагог жалдадым. Шиш такачан көрктүү басууга көнүгүүгө бир нече сутка жумшадым.

Сынакка баратканымды эч кимге айтпадым, болгону Ассоль, апам, таекем жана балдарым гана билчү. Абдан корктум.

— Адатта жергиликтүү сулуулук сынактарында бийкечтер олчойгон суммадагы каражат сарптайт, стилист, визажисттин акысын берет, анан да сынактын билеттерин да тааныштарына сатат. Сиз андай сахнада кериле басууга көп акча короттуңузбу?

— Жок, мен болгону жол кирени табууга тийиш элем, беш жылдыздуу мейманкана, визажисттер, атургай, спа кызматтарынын да чыгымдарын алар өздөрү көтөрдү. Башка эч кимге акча төлөгөн жокмун, баары адилет, айкын өттү.

— Сынактын жүрүшү кандай болду?

— 4 номер көрсөттүк: дефиле, өнөр сынагы, кече көйнөгүн кийип жана улуттук костюмчан чыктым. Менимче, дал ушул кыргыз көйнөгү менен көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн түнөк таба алдым окшойт.

Сахнада турганымда тек гана уят болбосом экен деп тилендим. Дүйнөнүн эң сулуусу болуп россиялык бийкеч аталды, ал эми мен дүйнөнүн сулуу айымы болдум. Байгем да дурус: 5 миң доллар, Италияга жолдомо жана моделдик агенттик менен бир жылдык келишим.

© Sputnik / Табылды КадырбековҮч баланын энеси: эч качан карыбайм деп кескин түрдө чечим кабыл алгам.
Миссис мира — 2018 Сания Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Үч баланын энеси: эч качан карыбайм деп кескин түрдө чечим кабыл алгам.

— Бизде сулуулук сынактарынын жеңүүчүлөрүнө дайым сын пикир айтылат. Сиз деле андайдан тыш калбасаңыз керек?..

— Ооба. Мен көңүл чөгөртчү нерселерге көңүл бөлбөөгө тырышам, бирок бир нерсени түк түшүнө албайм. Мага чейин Кыргызстандан бир дагы айым "Дүйнөнүн сулуу айымы" наамына татыган эмес. Менин жазыгым кайсы?

— Келбетиңиз, сулуулугуңуз пластикалык хирургдун аракетинин натыйжасы деп сизден шектенишейби?

— Аларга эч качан кайрылган эмесмин. Өз келбетимден өзүм кыйкым издебейм!

— Беш жылдан кийин сизди кандай калыпта көрөбүз?

— Эч качан карыбайм деп кескин түрдө чечим кабыл алгам. Мүнөздөп тамактанам, машыгуу залына барып турам, андыктан, беш жылдан соң деле ушундай эле жапжаш бойдон калам.

Жаңылыктар түрмөгү
0