ЖАМКтын көчмө колоннасынын жетекчилигине иш козголду

Жазылуу
УКМК кызматкерине пара берип жатып кармалган көчмө колоннанын жетекчисинин кош жарандуулугу аныкталган.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жаза аткаруу комитетинин механизациялашкан көчмө колоннасын (МКК) жетектеген адамдарга кылмыш иши козголгонун УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, колоннанын кызматкерлери негизсиз айлык акыны жогорулатып, курулуш иштери  үчүн материалдарды сатып алуу мыйзамсыз жүргөнү аныкталган. Мындан улам мамлекетке 2,5 миллион сом зыян келтирилген.

"Андан сырткары, буга чейин УКМК кызматкерине пара берип жатып кармалган көчмө колоннанын жетекчисинин кош жарандуулугу аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Папкага катылган доллар. ЖАМК кызматкеринин пара берүү учуру - Sputnik Кыргызстан
Папкага катылган доллар. Пара берип жаткан ЖАМК кызматкеринин кармалышы видеодо
Иш Кылмыш жаза кодексинин 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 171 (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жумшоо) 189 (аукцион, тендер өткөрүү тартибин бузуу), 350 (Документтерди жасалмалоо) жана 306-беренелери  (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзүү) боюнча козголду.

Ушу тапта тергөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0