10 жашар кыздын испаниялык жаран тарабынан "уурдалышы". Окуянын чоо-жайы

© AFP / PATRICK HERTZOGОкуучу кыздар. Архив
Окуучу кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-апрелде Бишкектеги теннис кортунун жанынан 10 жаштагы окуучу кыз жоголуп кеткен.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. "Ак жол" өткөрүү бекетинен 10 жашар кызды алып өтүүгө аракет кылган Испаниянын жараны кармалганын 2-май күнү эртең менен Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлаган.

Маалыматка ылайык, чек арада өтүү маалында чет элдик жаран өзгөчө жүрүм-туруму менен шек жаратып, суроо-жооп учурунда өзү да, кыз да орусча билбей турганын айткан.

"Нөөмөттө турган кызматкер кыздан орус тилин билер-билбесин сураганда, секелек билерин айткан", — дешти Чек ара кызматынан.

Испаниялык жаран чек арадан өткөрүлбөй, ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Ал эми кечээ, 30-апрелде, милицияга Элмира Круглова аттуу аял арыз менен кайрылып, 10 жаштагы кызынын жоголуп кеткенин билдирген.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына кызды Испанияга анын биологиялык атасы алып кетүүгө аракет жасаганын айтып берди.

Случаи кражи человека - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык ишкерди Жамбыл облусунан уурдап кетишти
"Мурунку жолдошум, кызымдын атасы аны алып кетүүнү чечиптир. Ажырашкандан кийин сүйлөшчү деле эмеспиз, Испаниядан Кыргызстанга көчүп келгем. Күбөлөрдүн айтып бергени боюнча атасы кызымды күч менен унаага салыптыр. Мурунку жолдошум кызымды Испанияга алып кетүүгө аракет кылган экен, ал жакта соттор көбүнесе өз жарандарынын кызыкчылыгына басым жасайт. Биз сот иштеринин баарын Кыргызстандан өткөрөбүз", — деди Круглова.

Шаардык милициянын маалымат катчысы Адыл Оморов кыздын биологиялык атасынын колунда баланы чет өлкөгө алып кетүүгө керектелчү документтердин баары бар экенин билдирди.

"Иштин чоо-жайын тактоо үчүн окуяга тиешеси бар адамдардын баарын башкармалыкка алып келдик. Чет элдик жаран кыздын биологиялык атасы экени аныкталды. Бардык документтери толук экен. Мыйзам боюнча ал кызы менен жүрүүгө укугу бар. Баланын уурдалышы боюнча арыз жазылгандыктан, учурда окуя такталып жатат", — деди ал.

Милициянын маалыматы боюнча ишти тактоо үчүн Испания сотуна сурам жөнөтүлүп, чет элдик жаран кое берилди. Бирок азырынча аны менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0