Согуш ардагери. Архив

Согуш ардагерлерине жыл сайын бир берилчү акчалай жардам көбөйдү

179
(жаңыланган 17:34 03.05.2018)
Бул айда Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына берилүүчү социалдык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 47 600 сомду түздү.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Жеңиш күнү, 9-майдын урматына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жыл сайын бир жолу берилүүчү акчалай төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйдү. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгондугун мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул максатта президенттин фондусунан жети миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, ушу тапта өлкөдө согуштун 475 ардагери бар. Алардын ичинен 128и — согуштун майыптары, 299у — согуштун катышуучулары, 23ү — концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 25и — Ленинград блокадачылары.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык колдоо максатында ай сайын стипендия берилет. Алар согуштун майыптарына, катышуучуларына, концлагерге жашы жете электе түшкөн туткундарга, Ленинград блокадачыларга 10 000 сом өлчөмүндө каралган. Аны менен катар эле ай сайын жеңилдиктердин ордуна төлөнүүчү акчалай компенсациялар төмөнкүдөй:

— согуштун майыптарына, катышуучуларына, концлагерге жашы жете электе түшкөн туткундарга, Ленинград блокадачыларына – 7000 сом;

— согушта каза болгон жоокерлердин жесирлерине – 1000 сом;

— майыптуулугу бар ооруктун эмгекчилерине – 2000 сом;

— майыптыгы жок ооруктун эмгекчилерине – 1000 сом;

— эмгек армиясында иштегендерге – 2000 сом;

— согуш майыптарынын, катышуучуларынын жана Ленинград блокадачыларынын жесирлерине – 1000 сом.

Мындан сырткары, жыл сайын 9-май Жеңиш күнүнүн урматына кошумча бир жолу акчалай жөлөкпул төлөнөт.

— согуштун майыптарына, катышуучуларына, концлагерге жашы жете электе түшкөн туткундарга, Ленинград блокадачыларына – 15 000 сом;

— согушта каза болгон жоокерлердин жесирлерине, ооруктун эмгекчилерине жана эмгек армиячыларына – 10 000 сом.

Жогорудагыларга кошумча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгынын урматына президенттин фондусунан 15 000 сом өлчөмүндө бир жолу төлөнүүчү акчалай жөлөкпул берилет.

Бул айда Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына (ар бирине) берилүүчү социалдык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 47 600 сомду, согуштун катышуучуларына, концлагерге жашы жете электе түшкөн туткундарга, Ленинград блокадачыларына берилүүчү акча 47 400 сомду түздү. Ал эми согушта каза болгон жоокерлердин жесирлерине берилүүчү каражат 11 200 сомду, майыптыгы бар ооруктун эмгекчилерине жана эмгек армиясында иштегендерге берилүүчү акча 12 100, майыптыгы жок ооруктун эмгекчилерине 11 100 сом каралды.

179
Белгилер:
Кыргызстан, Сооронбай Жээнбеков, жардам
Тема боюнча
Ленинград блокадасына катышкан жалгыз бой аялга жардам берилди

Кыргыздардын тунгуч блокбастери. "Буктурма" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер

51
  • Басмачылардын башчысынын ролун аткарган белгилүү актёр Салават Исхаков
  • Кинокартина тоолуу аймакта, республиканын булуң-бурчунда тартылган
  • Киночуларды башкарган кинорежиссёр
  • Буктурмада өткөн кылымдын 20-жылдарындагы коомдук саясий абал экрандаштырылган
  • Кинофильмде Геннадий Базаров өзбек чекисттин образын жараткан
  •  Жан-жөкөрлөрүн ээрчитип алган басмачылардын башчысы Бостонкул
  • Тасмада курал-жарак, каармандардын мушташын, атышканын көрүүгө болот
  • Операторлук милдетти Валерий Виленский аткарган
  • Бийик тоолуу аймакта кызуу иштеген киночулар
  • Атчан актёрлор Николай Дупак менен Игорь Ледогоров
  • Буктурма фильми Базаровдун Саманчынын жолунан кийинки ири эмгеги болгон
  • Киношедевр 1970-жылы СССР боюнча көп көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан тасма аталган
КРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Геннадий Базаров 1969-жылы "Буктурма" тасмасын тарткан. Ал эмгек ата мекендик кинематографиянын тарыхында жаралган биринчи блокбастер болгон.

"Буктурма" фильминин сценарийин Хасан Булатов, Герасим Дегальцев, Асан Шершенов жазган. Тасмада өткөн кылымдын 20-жылдарындагы өлкөдөгү коомдук-саясий абал баяндалат. Анын режиссёру Геннадий Базаров болуп, операторлук милдетти Валерий Виленский аткарган. Совет бийлиги менен басмачылардын тиреши, чек арачылардын оор иши көрсөтүлөт.

Базаровдун ал фильми кыргыз киночулары жараткан блокбастер жанрындагы биринчи эмгек болчу. Анда Игорь Ледогоров, Салават Исхаков, Владимир Балон, Афанасий Кочетков, Николай Дупак, Медел Маниязов, Леонид Ясиновский, Ашыралы Боталиев, Абдыашым Көбөгөнов, Иван Кузнецов роль жараткан.

СССРде кинокартинанын популярдуулугу артып, көп көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан тасмалардын сап башына чыгып, мамлекетке бир топ киреше алып келген.

"Кыргыз керемети" жөнүндө кызыктуу материалды Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

51
  • Басмачылардын башчысынын ролун аткарган белгилүү актёр Салават Исхаков
    © Sputnik / Александр Федоров

    Басмачылардын башчысынын ролун аткарган белгилүү актёр Салават Исхаков

  • Кинокартина тоолуу аймакта, республиканын булуң-бурчунда тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинокартина тоолуу аймакта, республиканын булуң-бурчунда тартылган

  • Киночуларды башкарган кинорежиссёр
    © Sputnik / Александр Федоров

    Киночуларды башкарган кинорежиссёр

  • Буктурмада өткөн кылымдын 20-жылдарындагы коомдук саясий абал экрандаштырылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Буктурмада" өткөн кылымдын 20-жылдарындагы коомдук саясий абал экрандаштырылган

  • Кинофильмде Геннадий Базаров өзбек чекисттин образын жараткан
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинофильмде Геннадий Базаров өзбек чекисттин образын жараткан

  •  Жан-жөкөрлөрүн ээрчитип алган басмачылардын башчысы Бостонкул
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жан-жөкөрлөрүн ээрчитип алган басмачылардын башчысы Бостонкул

  • Тасмада курал-жарак, каармандардын мушташын, атышканын көрүүгө болот
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тасмада курал-жарак, каармандардын мушташын, атышканын көрүүгө болот

  • Операторлук милдетти Валерий Виленский аткарган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Операторлук милдетти Валерий Виленский аткарган

  • Бийик тоолуу аймакта кызуу иштеген киночулар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Бийик тоолуу аймакта кызуу иштеген киночулар

  • Атчан актёрлор Николай Дупак менен Игорь Ледогоров
    © Sputnik / Александр Федоров

    Атчан актёрлор Николай Дупак менен Игорь Ледогоров

  • Буктурма фильми Базаровдун Саманчынын жолунан кийинки ири эмгеги болгон
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Буктурма" фильми Базаровдун "Саманчынын жолунан" кийинки ири эмгеги болгон

  • Киношедевр 1970-жылы СССР боюнча көп көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан тасма аталган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Киношедевр 1970-жылы СССР боюнча көп көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан тасма аталган

Белгилер:
режиссер, Геннадий Базаров, сүрөт, тасма, кино тасма
Тема боюнча
Кыргыз киносунун багын ачкан чолпон жылдыздар. Генийлердин сүрөттөрү
Согушка жибербей коюшкан. Турдакун Усубалиевдин сүрөттө калган элеси
Өз киндигин өзү кесип жетилген. Исхак Раззаковдун сүрөттө калган ирмемдери
Шаарга таң калган эки кемпир. "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасынан ирмемдер
3-жашар манасчыМанас эпосунун күнүндө

Үч жашар бала "Манас" айтып... Эпостун күнүнө арналган иш-чарадан сүрөттөр

101
(жаңыланган 17:14 04.12.2021)
Иш-чарага катышкан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өзү манасчынын уулу экенине сыймыктанарын айтып, табият берген талантты багып, аны аздектеп сактоого чакырган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бүгүн, 4-декабрда, "Манас" эпосунун күнү улуттук филармонияда салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Иш-чара белгилүү манасчылар Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдыгына жана Талантаалы Бакчиевдин 50 жылдыгына арналды.

  • В Национальной филармонии в Бишкеке торжественно отметили День эпоса Манас. 4 декабря 2021 года
    Бүгүн, 4-декабрда, "Манас" эпосунун күнү улуттук филармонияда салтанаттуу түрдө белгиленди.
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР
  • В Национальной филармонии в Бишкеке торжественно отметили День эпоса Манас. 4 декабря 2021 года
    Ошондой эле "Манас", "Семетей", "Сейтек" жана башка эпостордун жаңы чыккан китептеринин көргөзмөсү жана сүрөт көргөзмөсү сунушталган.
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР
  • В Национальной филармонии в Бишкеке торжественно отметили День эпоса Манас. 4 декабря 2021 года
    Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, ошондой эле белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, манасчылар жана кеңири коомчулук катышты.
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР
  • В Национальной филармонии в Бишкеке торжественно отметили День эпоса Манас. 4 декабря 2021 года
    Майрамдык салтанат манасчылар катышкан концерттик программа менен коштолгон.
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР
  • В Национальной филармонии в Бишкеке торжественно отметили День эпоса Манас. 4 декабря 2021 года
    Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өзү манасчынын уулу экенине сыймыктанарын айтып, табият берген талантты багып, аны аздектеп сактоого чакырды.

    Мындан сырткары, "Манас" айтсак кулак бүтөт ташка дагы, манасчылар өнөргө бай башка дагы" аталышындагы пролог да көрсөтүлгөн.
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР
1 / 8
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР
Бүгүн, 4-декабрда, "Манас" эпосунун күнү улуттук филармонияда салтанаттуу түрдө белгиленди.

Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, ошондой эле белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, манасчылар жана кеңири коомчулук катышты.

Министр Жаманкулов дүйнө жүзүндө элдик оозеки чыгармалардын эң көлөмдүүсү катары таанылган даңазалуу эпостун атагы алыска кетип, улуттун сыймыгына айлангандыгы тууралуу кайрылуу жасаган.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өзү манасчынын уулу экенине сыймыктанарын айтып, табият берген талантты багып, аны аздектеп сактоого чакырды.

"Улут өзүнүн өзгөчөлүгүн ушундай кайталангыс бай маданияты жана мурасы менен сыймыктана алат. Уучубуз куру эмес экенине күбө болдум. Үч жашар баладан тарта "Манас" айтканын көрүп, баарыбыз кубанып, жүрөгүбүз элжиреп турат. "Манасты" сактоого жана даңазалоого бардык аракеттерибизди бирге жумшайлы", — деди Касмамбетов.

Майрамдык салтанат манасчылар катышкан концерттик программа менен коштолгон. Ошондой эле "Манас", "Семетей", "Сейтек" жана башка эпостордун жаңы чыккан китептеринин көргөзмөсү жана сүрөт көргөзмөсү сунушталган. Мындан сырткары, "Манас" айтсак кулак бүтөт ташка дагы, манасчылар өнөргө бай башка дагы" аталышындагы пролог да көрсөтүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө манасчыларга президенттин жана министрлер кабинетинин энчилүү сааттары жана ыраазычылык каты тапшырылган.

101
Белгилер:
Азамат Жаманкулов, Манас, маданият, манасчы, иш-чара
Тема боюнча
"Манас" айтсак кулак бүтөт ташка да... Эпостун күнүнө карата иш-чара өтөт
Коронавируска кабылган бейтаптарды караган медик. Архивдик сүрөт

“Омикрон” менен пандемия аяктайбы? Вирусологдун божомолу

0
Буга чейин окумуштуулар жаңы штаммдын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Коронавирустун “омикрон” штаммынын пайда болушу менен COVID-19 илдети мурдагыдан жеңилирээк өтүп, кесепети дагы мурдагыдай оор болбой калышы мүмкүн. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Гамалея борборунун профессору, вирусолог Анатолий Альтштейн билдирди.

Адис ДССУнун бул вирус дүйнө жүзүнө жыл жаңырганга чейин жайылып кетет деген пикирине кошулбай турганын айтты.

"Жаңы жылга чейин жайылып кетүүгө үлгүрбөйт. Мисалы, "дельта" 2020-жылдын күзүндө пайда болуп, дүйнөнүн ар тарабына быйылкы жылдын май-июль айларында жетти. Андыктан “омикрондун” канчалык жугуштуу экенин азырынча так кесе айтууга эрте”, — деди Альтштейн.

Ошондой эле ал омикрондун кандай алсыз жактары бар экенин айтып, дал ушул штамм менен пандемия аякташы мүмкүн экенин божомолдоду.

“Штаммдын S-белогу 32 жолу мутация болгон. Бул өтө көп, демек, геному алсыз. Буга чейин жуктуруп алган 100 киши жеңил формада ооруп жатат, каза болгондор жок. Коронавирустан өлгөндөрдүн саны кадимки грипптен көз жумгандарга теңелип калганда пандемия бүттү деп айтсак болот. Бул жаатта алганда пандемия “омикрон” менен бүтүп калышы дагы ыктымал”, — деди вирусолог.

Анткен менен адис сөзүнүн соңунда бардыгы бул штамм улгайган адамдарга жеткенде гана белгилүү болорун кошумчалады.

Буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
коронавирус, 'омикрон' штаммы, вирусолог, божомол
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды