Каалаган жерден өтпө! Бишкекте жөө жүргөндөргө рейд башталды

Жазылуу
Бир сааттын ичинде 12 киши айыпка жыгылды.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Борбор калаада "Жөө жүргүнчү" деп аталган рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖККБ) маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, рейд бүгүн башталып 6-майга чейин созулат.

"Иш-чара айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежелерин бузууларын алдын алуу максатында өткөрүлүп жатат. Мыйзам боюнча көчөнү туура эмес жерден кесип өткөндөргө айып салынат", — деп жазылат билдирүүдө.

Бир сааттын ичинде Бишкекте 12 жөө киши жолдон туура эмес жерден өткөндүгү үчүн айыпка жыгылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0