Райым Матраимовдун датын карай турган Алмаз Калыбаев ким? Судьянын чуулуу өкүмдөрү

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLМолоток судьи.
Молоток судьи. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматтан кол жууган Райым Матраимов беш айдан кийин "мыйзамсыз жумуштан бошотту" деп өкмөткө доо коюшу коомчулукту таң калтырды. Анын доосун карап жаткан судья Алмаз Калыбаев ким экенин билесизби? Ал буга чейин депутаттардын мандат чырын чечүү, президенттин ар намысын коргоо жана "Мен гей, мен мусулманмын" деген тасма боюнча өкүм чыгарган.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов 20-апрелде мыйзамсыз жумуштан алынганын айтып өкмөттү сотко берди. Анын иши боюнча алгачкы соттук отурум шейшемби күнү өтүп, экинчи тараптын жоктугунан 10-майга жылдырылды.

Матраимов өкмөттүн токтомун жокко чыгарып, мурунку кызмат ордуна кайра отурууга аракет кылууда. Соттук ишке Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев төрагалык кылып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: сот ишине кийлигишейин деген оюм жок, бирок мажбур болуп жатам
Sputnik Кыргызстан агенттиги өкмөт менен бажычынын тирешин чече турган судьянын буга чейин караган резонанстуу соттук иштерин тизмектеди.

Азамат Калыбаев 42 жашта. Биринчи Май райондук сотунда 2009-жылдан бери иштеп жатканы айтылат. Ал эми 2015-жылы ушул эле райондук соттун судьялыгына сынак жарыяланганда 24 талапкердин ичинен 5-орунду ээлеген. Андан соң Сотторду тандоо кеңеши 14 талапкерди жактырып, ошондогу президент Алмазбек Атамбаевге сунуштаган. Өлкө башчы эки талапкерди артка кайтарып, натыйжада 12син судьялыкка дайындаган. Алардын катарында Алмаз Калыбаев дагы бар эле.

ЖМК менен адвокаттарды айыпка жыккан

Өткөн жылы Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Дача СУга кулаган учактагы жүк боюнча маалымат жыйын өткөрүп, анда айтылган сөздөрдү Zanoza.kg сайты жазып чыккан. Мындан улам башкы прокурор президент Алмазбек Атамбаевдин ар намысына шек келтирди деген доо менен аталган сайтты жана адвокаттар Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованы сотко берет. Бул ишти Алмаз Калыбаев карап, интернет сайтты 3, адвокаттардын ар бирин 5 миллион сомдук айыпка жыккан. Ошондой эле жарыяланган маалыматты төгүндөө талабы коюлган.

Депуттардын мандатын кайрып берген

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Айбек Эрнис уулу - Sputnik Кыргызстан
Текебаевди соттогон Айбек Эрнис уулу тууралуу 8 факты
2016-жылдын 15-январында "Кыргызстан" саясий партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын мандаттан ажыратылышы боюнча ишти карап, Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамга каршы иш жасаган деп өкүм чыгарган. БШК партиянын сунушун негиз кылып эки депутатты мандатынан ажыраткан болчу. Бирок депутаттар сот өкүмүнө карабай фракциянын чечими менен мандаттарынан кол жууп калышкан.

Камчыбек Ташиевди шайлоого катыштырбай…

Акыркы парламенттик шайлоодо "Республика — Ата-Журт" партиясынан талапкер Камчыбек Ташиевди үгүт өнөктүгү маалында "Өнүгүү — Прогресс" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Абдыманап Абдыбахаповду сабап салган деген кине менен БШК талапкерлик укугунан четтеткен. Мындан улам Ташиев Биринчи Май райондук сотуна талапкер катары тизмеге кайра каттоо өтүнүчү менен кайрылат. Бирок мындан майнап чыккан жок, судья Алмаз Калыбаев Ташиевдин өтүнүчүн канааттандырбай койгон.

Экстремисттик тасманы көрсөтүүгө тыюу салган

Эркек адамдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элесиң турат, өзүң жок... Табышмактуу Райымбек Матраимов тууралуу 5 факты
2012-жылы адам укуктарына арналган "Бир дүйнө – Кыргызстан" кинофестивалында "Мен гей, мен мусулманмын" деген даректүү тасмасын көрсөтүүгө белсенишкен. Бул боюнча ошондогу муфтий Рахматулло ажы Эгембердиев Биринчи Май райондук сотко кайрылган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия дагы кинонун сюжетинде диний касчылыкты козутуу жана мусулмандарды басынтуу учурлар камтылган деп тапкан. Натыйжада судья Алмаз Калыбаев ал тасманы Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө тыюу салган. Соттун чечиминин аткарылышын ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери көзөмөлгө алып турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0