Өзбекстандын элчилиги Кыргызстандын түштүгүндөгү жарандарына жардам берет

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРОбсуждение приграничных вопросов в Оше
Обсуждение приграничных вопросов в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандарды кабыл алуу 11-12-майда болот.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында убактылуу жана туруктуу жашап жаткан Өзбекстандын жарандарына барып, 11-12-майда консулдук жардам көрсөтөт. Бул тууралуу аталган элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Ысык-Көл жээгиндеги конок үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандыктарга Ысык-Көлдүн мейманкана менен конок үйлөрү көрсөтүлөт
Анын алкагында жарандарга бир катар кеңештер берилет. Ошондой эле консулдук каттоого туруп, Кыргызстанда туруктуу жашап жаткандыгы тууралуу документтерге тапшырык берип, Өзбекстандын жарандыгынан чыгуу тууралуу документтерди тапшырууга мүмкүнчүлүк ала алышат.

Жарандарды кабыл алуу КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында өтөт. Консулдук кызматтан пайдалануу үчүн (0312) 98-62-96 телефону аркылуу же элчиликтин сайтындагы электрондук каттоодон алдын ала өтүү керек. Элчиликтин өкүлдөрү каттоодон өткөн гана жарандарды кабыл алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0