Аял. Архив

Уул-келиним менен чогуу тургум келбейт, бөлүп да кое албайм. Эненин арманы

13059
(жаңыланган 13:30 06.05.2018)
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жаштайынан жесир калып, уулун жалгыз чоңойтуп бөпөлөп жатып баласын жашоого чоркок кылып алган эненин ой-толгоосу сунушталат.

Жашым өтүп калганда кайрылбай эле коеюн дегем, бирок аргам кеткенде кат жазууга туура келди.

Турмушка 28 жашымда чыктым. Өмүрлүк жарым жеңилимди жерден, оорумду колдон алган, көзүмдүн кареги менен тең айланган жакшы адам эле. Бир жылдан кийин уулдуу болдук. Кубанычыбыз койнубузга батпай жүргөн кезде жолдошум кырсыктап каза болуп калды. Анда балам 3 жашта болчу. Ошентип 32 жашымда баламды кучактап жесир калдым. Кайын-журтум жакшы адамдар эле, кетип кала алган жокмун.

"Жашсың, турмушка чык", "баш кошолу" дегендер да болду. Бирок балам башка бирөө менен батышпай, кордук көрүп калбасын деп экинчи жолу турмуш куруудан таптакыр баш тарттым. Белимди бекем бууп, иштедим. Тапкан-ташыганымдын баарын балама чаптап, "атасы жок дедирбей багайын" деп эч нерседен кем кылбай чоңойттум. Жумушум жакшы болуп, уулум жетимдин тамагын ичип, жетимдин кийимин кийбей өстү.

Айлар, жылдар өтүп азыр 60ка таяп калдым. Уулумду үйлөнтүп-жайланткам, неберелерим бар. Бирок баары даярга көнгөн балам азыр деле эч нерсе менен иши жок, ал тургай үнөмдөп жашаганды да билбейт. Келиним да жөнсүзүрөөк болуп калды. Мен деле жашым келип мурдагыдай акча таба албайм. Аны билишпейт. Экөө эле эмес, алардын эки баласы да менин мойнумда. Аярлап, бөпөлөп канатыма калкалап жатып баламды тескерисинче жашоого чоркок кылып койгонумду эми түшүнүп отурам…

Көрсө, бала акча кайдан келерин, бар-жок эмне экенин экенин билип чоңоюшу керек экен. Азыр айламды таппай эки анжы болуп жүргөн убагым. Көзүм көрүп, кулагым укпаган жакка басып кетейин дейм, булардан санаам тынбайт. Менин деле эч нерсени ойлонбой, тынч жашагым келет. Өзүңөрчө жашагыла деп бөлүп салайын дейм, неберелериме боорум ачыйт. Бирок алар менен чогуу турганга да чыдабай калдым. Кандай кылсам болот?..

Кеңеш Усенов, психолог

Мындай көйгөй менен кайрылган да, кайрылбаган да ата-эне толтура. Бирок аны дароо чечип берүү мүмкүн эмес. Себеби биринчиден ал үй-бүлөнүн жашоо стилин билишибиз керек.

Бизге кайрылган эне башынан эле өзүнө "аял мындай болуш керек, эркек мындай болуш керек, баланы ушундай тарбиялоо зарыл" деген сыяктуу кандайыр бир чектөөлөрдү коюп алган. Анын оюнда баары ошол сызык менен кетиши керек. Бирок жашоо андай эмес да.

Азыркы кырдаалда апасы баласын өз алдынча коюш керек. Буга чейин баласы үчүн чечип, баарын өзү көзөмөлдөп жүрсө, азыр аларды жайына койсун. Эми деле кеч эмес. Апасы азыр деле "мен жок болсом кантип жашайт" деп сарсанаа болуп жатпайбы, демек дагы эле баласын бапестеп, бөпөлөп жатат. Мунун жыйынтыгы жакшы болбойт. Баланы өз алдынча коюп, жоопкерчиликти мойнуна илгенде гана иштеп, жашоонун ачуу-татуусун биле баштайт. Бала качан өз алдынча болгондо жоопкерчиликти көбүрөөк сезет.

Бул жерде дагы бир көйгөй — аял өзүнүн жеке турмушун курган эмес. Башкача айтканда, өзү үчүн жашаган эмес. "Уулум" деп жүрүп, баарын унутуп калган. Ооба, баланы багып, карап, көзөмөлдөп тарбиялоо керек. Бирок анын ордуна чечим чыгарып, анын милдетин ата-эне аткарган болбойт. Кичинесинен акча кайдан табыларын, үй-бүлөдө эркек менен аялдын орду кайда, кандай болорун түшүндүрүп, үйрөтүү зарыл. Азыр ата-энелер балдарына кыйынчылык көрбөй чоңойсун деп шарттын баарын түзүп берип жатат. Бирок муктаждык болбогондуктан бала эч нерсе билбей чоңоюп калат да, кийинки жашоодо кокус кыйынчылык болуп калса мүдүрүлүп жыгылышы ыктымал.

Бала тарбиялоодо ата-эне аны кара жумушка салбаса да бир нерсеге милдеттендирип, өзүнө жасатып көндүрүшү зарыл. Айрым ата-эне "балам аны жасай албайт" деп жаман көндүрөт. Балким колунан келеттир же өзү жасагысы келип жаткандыр, байкап көрсүн да. Негизи кичинекей балдар "өзүм жасайм" дей берет. Ошол сыяктуу ар бир адам өз жашоосун курууда көп нерсени өзү кылып, жон териси менен сезип жасаганы майнаптуу.

Азыркы учурда бизге кайрылган аял баласын өз алдынча коюп, өзү үчүн жашап көрсүн. Эмнеге болбосун, балким, баласы апасынын кадырын билип ага башкача мамиле кылып калар. Башкысы бир калыптан чыгып, тобокелдикке барып көрүш керек.

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында ичиңиздеги букту чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз. Каттар ар кыл темада кабыл алынат.

13059
Белгилер:
тарбия, ата-эне, бала, психолог, Кыргызстан
Тема:
Психолог менен баарлашуу (80)
Тема боюнча
Күйөөм кызгана берип күн көрсөтпөй калды. Канткенде жаным калат?..