Жээнбеков: жарандардын укугун коргоо мамлекеттин башкы милдеттеринин бири

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болуп, өз Конституциясын кабыл алгандыгына бүгүн 25 жыл болду.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков мекендештерибизди Конституция күнү менен куттуктап, жарандардын конституциялык укуктарын коргоо мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдеттердин бири болууга тийиш деп айткан. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болуп, өз Конституциясын кабыл алгандыгына 25 жыл болду.

Акыркы бир жылда Кыргызстан калкынын саны кандай өзгөрдү - Sputnik Кыргызстан
Башыбыз көбөйүүдө! Калкынын саны тез өскөн Кыргызстандын аймактары
"Кыргызстан – укуктук мамлекет. Биздин өлкөдө мыйзамдан улук, бийик жана ыйык эч нерсе жок. Өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоо карапайым жарандан тартып өлкө башчысына дейре бирдей болууга тийиш. Адам укугу, эркиндиги, кадыр-баркы жана адам баалуулуктары бекем сакталган мамлекеттин келечеги кең болот. Жарандардын конституциялык укуктарын коргоо мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдеттердин бири болууга тийиш", — деп айтылат куттуктоодо.

Президент Конституция күнү жарандардын эркиндигинин, жаратман жана бейпил эмгектин, мамлекетибизди бекемдөөнүн, адилеттүү жана калыс коом куруунун майрамы экендигин белгилеген.

"Бул күн бизди мыйзамды урматтоого, адам укуктарын баарынан бийик кастарлоого, келечек муун алдында зор жоопкерчиликти сезүүгө үндөп турат", — деген Жээнбеков.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болуп, өз Конституциясынын кабыл алгандыгына бүгүн 25 жыл болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0