Ысык-Көлдүн окуучулары туристтик сезондо жолдо жүрүүнү үйрөнүп жатышат

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КРЫсык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүгүнүн кызматкерлери окуучуларга жайкы каникул алдында жолдо жүрүүнүн эрежелери үйрөтүп жатышат
Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүгүнүн кызматкерлери окуучуларга жайкы каникул алдында жолдо жүрүүнүн эрежелери үйрөтүп жатышат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучуларга туристтер келип, унаалардын саны көбөйгөн жайкы каникул учурунда өзүн жолдо алып жүрүүнү үйрөтүп жатышат.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүгүнүн кызматкерлери окуучуларга жайкы каникул алдында жолдо жүрүүнүн эрежелери үйрөтүп жатышат. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББсынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Милиция кызматкерлери мектептерде жол белгилеринин жардамы менен ар кандай сынактарды, оюндарды өткөрүп жатышат. Иш-чаранын негизги максаты — көлдүк окуучуларга туристтер келип, унаалардын саны көбөйгөн жайкы каникул учурунда өзүн жолдо алып жүрүүнү үйрөтүү", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат кызматынан мындай иш-чара окуу жылынын аягына чейин улантыларын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0