Биологдор фастфудду болушунча жеп арык бойдон калуунун жолун табышты

Жазылуу
Окумушутуулар бул иликтөө семирүү менен метаболизмдин бузулушу менен күрөшүүгө жардам берет деген ойдо.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Копенгаген университетинин биологдору организмде висфатин гармонунун жок болушу май клеткаларынын чоңоюшуна бөгөт коерун далилдешти. Бул тууралуу MedicalXpress басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.

Даниялык окумуштуулар чычкандарга иликтөө жүргүзүп, май клеткаларындагы висфатинди алып салышкан.

"Операция болгон чычкандарды алгач туура тамактандырып, андан соң аларга бургер менен пиццага окшош азыктарды беришкен. Натыйжада эксперименттен өтпөй ошондой эле тамак жеген чычкандар салмак кошуп, иликтөөгө алынгандары арык боюнча калганы аныкталган", — деп айтылат макалада.

Продажа фаст-фуда в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Медиктер фастфуддун иммунитетке таасири кандай болорун айтышты
Мындан тышкары, изилдөө висфатини жок чычкандардын организми кандагы глюкозанын деңгээлин көзөмөлдөп турарын көрсөткөн.

Окумуштуулар бул иликтөө семирүү менен метаболизмдин бузулушу менен күрөшүүгө жардам берет деген ойдо. Бирок илимпоздор адамдын организминен висфатинди жөндөн жөн эле алып салуу ден соолукка терс таасир тийгизерин эскертишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0