Бишкек шаарынын Свердлов райондук №3 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн команда башчысы, улук прапорщик Чыңгыз Садыралиев

Эки баласы товар менен кошо күйүп кетти... Өрт өчүрүүчү Садыралиев менен маек

5816
(жаңыланган 09:09 08.05.2018)
Эламан Карымшаков
Бүгүн студиябызга күн сайын душман менен кармашкан аскер жигит келди. Күнүгө жаны тынбаган кандай душман экен деп жатасызбы? Таң калбаңыз, ал — сиз менен мен! Ширеңкенин бир талы менен токойду жана электр тогун, газды, мешти туура эмес колдонуп өз үйүбүздү өрттөйбүз.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук №3 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн команда башчысы, улук пропорщик Чыңгыз Садыралиев 15 жылдан бери тилсиз жоо менен кармашып келет. Ал жүрөгү оозуна тыгылып, ажалы көзүнө көрүнүп калган адамдарды куткарат. Тилекке каршы, кээде куйкаланган кишинин сөөгүн кармап отуруп калышы да мүмкүн…

— Менин туугандарымдын, дос-тааныштарымдын арасында бир да өрт өчүрүүчү жок. Мындан улам бул кесипке кызыккан жаштар азбы деген суроо жаралат. Дегеле бизде мындай кызматка үйрөткөн окуу жайлар барбы?

— Кызыккандар аябай эле көп. Тескерисинче, жумушка кире албай жүргөндөр толтура. Бишкекте өрт өчүрүүчүлөрдү даярдаган Кыргызстан мамлекеттик техникалык университети бар. Мындан сырткары, Казакстанга, Санкт-Петербургга барып окуп келишүүдө. Негизи бизде иштейм деген балдар кара жумушка бышкан, эч нерседен тайманбаган, эр жүрөк болушу керек. Себеби жумуштун чоң милдети — алгач өрттүн очогун табуу. Очогуна жете албай коркуп, айланчыктап чекесинен суу чача берсең өчпөйт. Чоң имарат болсо жалын чектелгенден кийин ичиндеги майда-чүйдөсүнө чейин чачып өчүрүп чыгабыз. 

Сотрудник пожарной службы МЧС Чынгыз Садыралиев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Чыңгыз Садыралиев 15 жылдан бери өрт өчүрүүчү болуп иштейт

— Бул кесипке кызыккан жаштардын мынча көп экенин билбептирмин. Сиз кантип жумушка орношконсуз?

— Бул менин балалык кыялым. Өрт өчүрүүчү унаалар өтүп баратса суктанып караар элем. Бирок чоңойгондо бул тармакта окууга шарт болбой Бишкек гуманитардык университетинин социология адистигине тапшырдым. Анткен менен ал окууну аяктагандан кийин өрт өчүрүүчү досторумдун жардамы менен жумушка орношо алдым. Алган дипломум ошол бойдон үйдө турат. Жаңы иштеп баштаганда 700 сом гана айлык алчумун. Ага чейин эч жерде иштебегендиктен, ошол акча да мага аябай көп сезилген. Азыр катардагылар 11 миңдин тегерегинде, мен 20 миң сомго чукул алам. Мурда троллейбус, автобуста бекер болуп, өкмөт көмүр түшүрүп берип бир топ жеңилдиктер болчу. Азыр андайлар жок, болгону оорукана акысыз карайт, бирок дарысын сатып аласың.

— Кандай график менен иштейсиздер, канча жаштан кийин пенсияга жиберет?

— Мен бир күн иштеп үч күн эс алам. Бош убагымда айылда мал кармайм, дыйканчылык менен алектенем. 20 жыл иштегенден кийин пенсияга чыгарат. Негизи жумушка 30 жашка чейинки балдарды гана алат. Алар 48 жашка чейин иштейт. Бизде иштегендерди эр жүрөк, азаматтар десем болот. Күнүгө душман менен кармашабыз. Чакыруу түшкөндө башка адамга айланып каласың. Муну мурда улуулар айтса ишенчү эмесмин, командир болгондон кийин байкадым. 

Сотрудник пожарной службы МЧС Чынгыз Садыралиев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Фото / предоставлено Чынгызом Садыралиевым
Садыралиев: бизде иштегендерди эр жүрөк, азаматтар десем болот. Күнүгө душман менен кармашабыз.

— Командир канча адамды башкарат?

— Бир командада 14 бала болот. Аларды начальник, андан кийин командир башкарат. Чакырууга чыкканда мен бир машинаны, начальник экинчисин жетектейт. Устав боюнча бир мүнөттүн ичинде жолго чыгып кетишибиз керек. Барганда беш принцип сакталат:

1. Адам өмүрүн сактоо, анын ичинде өзүңдүн да;

2. Жарылуучу заттын бар-жогун тактоо;

3. Өрттүн жалынын курчоо;

4. Өрттү өчүрүүгө жапырт киришүү;

5. Толугу менен өчүрүү.

— Жүрөк үшүн алган окуяга күбө болуп, эсиңизден кетпей калгандары барбы?

— Беш жыл мурда "Дордой" базарында оюнчук саткан үй-бүлө ашыкча товарларын сарайына киргизип койгон экен. Беш жана жети жаштагы балдары үйдө жалгыз калып ал жакка кирип ойногон. Анан эмнеден экенин белгисиз, ичинен өрт чыгып кетет. Алар эшикке эмес, төр жагына качкан. Биз өчүрүп жатсак "эки балабыз үйдө калды эле, жок" деп издеп калышты. Өрттү өчүрүп, тегерегин казып кирсек байкуш балдар куйкаланып калыптыр. Кийин сүрөттөрүн көрсөм мотурайган балдар экен, аябай ичим ачышкан. Ошентип бир үй-бүлө балдарынан айрылып калды…

Ал эми мындан эки жыл мурун жалгыз бала ата-энесинен ажырап калган. Алар эртең менен баласын окууга жиберип коюп кайра уктап калышат. Свет өчүп калгандыктан шам жаккан экен. Ошондон өрт тутанып телевизору гана күйүптүр. Бирок ата-энеси иске ууланып, жаткан жеринен турбай узап кетишкен… 

Сотрудник пожарной службы МЧС Чынгыз Садыралиев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өрт өчүрүүчүлөргө чакыруу түшкөндө бир мүнөттүн ичинде жолго чыгып кетиши керек

— Ири өрт учурунда кандай ыкмаларды колдоносуздар? Мындай кырдаалда маңдай тери менен жеткен эмгеги күйүп жүздөгөн адамдар сиздерге үмүт артып карап турушат да.

— "Ош" базардагы акыркы өрттө алоолонгон жалынды көрүп, эми бул качан токтойт деп тынсыздандым. Чачкан суубузду сезбей жаткандай болду. 15 сааттай иштедик. Өрт чоң башталган экен, болбосо ошончо күч менен бат эле өчүрүп коймокпуз. Алгач жалынды башка жакка жабыштырбай курчап, анан өчүрүүгө кириштик. Мындан сырткары, Турбазада, Орто-Сай, "Жунхай" базарларында өрт чыкканда барганбыз.

Базарлардын, соода борборлордун ыкчам планы болот. Анда ошол объектинин картасы, кирүү-чыгуу эшиктери, суу түтүктөрү, өрт өчүрүү шаймандары кайсы жерде жайгашкан, кайсы жол менен тез жетебиз, ушунун баары камтылган. 

Сотрудники МЧС на месте пожара на территории Ошского рынка в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Садыралиев: "Ош" базардагы алоолонгон өрт качан токтойт деп тынсыздандым. 15 сааттай иштеп толук өчүрүп бүттүк.

— Адамдарды аман сактап калганда кандай сезимдер пайда болот?

— Бир үйдөн түтүн чыгып жатканын айтып коңшулары чакырды. Эшигин талкалап кирсек, ашкана жагы күйүп, түтүн каптап кетиптир. Үй ээси берки бөлмөдө уктай берип түтүнгө ууланат. Сыртка алып чыгып жасалма дем алдырганда өзүнө келгенден кийин тез жардамга өткөрүп бергенбиз.

Ушундай эле өрттөн бир апаны куткардык. Кирсек ичи түтүнгө толгон, аны балдар берки бөлмөдөн аман алып чыгышты. Ал далдоо жерге баш калкалап, түтүн үстүнөн кете берген.

Айтарым, өрттөн качып көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирүү жакшы жол эмес. Түтүнгө ууланбагыдай жерге далдаланып, акыркы мүнөттөргө чейин куткаруучуларды күтүү керек. Такыр болбой баратса экинчи-үчүнчү кабаттан секирсе мейли. Буту-колу сынышы мүмкүн, бирок аман калат.

Биз адамдарды убагында куткарып калсак анча бааланбайбыз. Айтылбай эле калат. Кокус бирөө каза болсо, анда көп сөзгө калабыз. Мисалы, бир жолу жатаканада өрт чыкканда 30, бир үйдөн 10 адам куткарганбыз. Ошондо кадимкидей кубанып отуруп калабыз. Ыраазы болуп рахматын айтып, тамагын бергендер болуп турат. Анан депутаттар биз жөнүндө сүйлөп калса телевизордон көрүп, ошол көтөрүп чыккан маселеси аткарылгансып сүйүнүп калабыз.

Кээде кыжыры кайнап калганда бизге кол салып уруп-сабап киргендер болот. Аларга теңелбейбиз. Кеч барышыбызга унаа тыгыны, көчөлөрдүн тардыгы себеп болот. Анысы аз келгенсип, тар көчөнүн жолуна эки катар кылып унааларын токтотуп коюшат. Өтө албай туруп калабыз.

— Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

— Өзүм Нарындын Кочкор районуна караштуу Комсомол айылында төрөлгөм. Кийин Кант шаарынын Биринчи Май айылына көчүп келгенбиз. Эки уул, бир кызым бар, жакында төртүнчүсү жарыкка келет. Экинчи уулум өрт өчүрүүчү болом деп кызыгып жүрөт. Ошол менин жолумду жолдойт окшойт деп сыймыктанып отурам.

5816
Белгилер:
өрт кырсыгы, куткаруу, кырсык, өрт өчүрүүчү, ӨКМ
Тема боюнча
Куткаруучу: аялдын үзүлүп калган бутун көрүп өзүбүздү жоготуп койдук
Базарлардагы сырдуу өрттөн канча акча жок болду? "Куйкаланган" миллиондор...
Бала тирүү экен, кайра бергиле! "Тез жардам" фельдшеринин бир күнү