Кыргыздын залкарлары "жашаган" адабият жана искусство музейи

© Sputnik / Азат АкаевГосударственный музей литературы и искусства им. Токтогула Сатылганова
Государственный музей литературы и искусства им. Токтогула Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтогул атындагы адабият жана искусство музейи Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Музей аты айтып тургандай эле биз билген кыргыз маданиятынын жалпы тарыхын камтыйт. Залкар инсандарыбыздын бизге калтырган улуу мурастарын баалаган адамдар бул музейге баш багуусу абзел.

Кыргыз жазуусу, адабияты жана искусствосу көрсөтүлгөн музей борбор калаадагы Токтогул көчөсүнүн Панфилов көчөсү менен кесилишкен аймакта жайгашкан. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Элди түбөлүк эл кылып турган — тили, дили, искусствосу жана адабияты" деген сөзү музейдин башкы максаты менен дал келет.

Үч бөлмөлүү имарат алгач төкмө акын Токтогул Сатылгановдун кызы Гүлсарага берилген үй болгон. Гүлсара бул жерде бир топ жыл жашагандан кийин каза болот. Андан соң 1989-жылы акындын 125 жылдык мааракесине карата музей болуп ачылган.

Музей үч көргөзмө залдан турат. Бул үч бөлмөдө кыргыз маданий жана агартуу тарыхына эбегейсиз салым кошкон инсандардын өмүр баяндарын, сүрөт жана эмгектерин көрүүгө болот. 

© Sputnik / Азат АкаевКыргыз жазуусу, адабияты жана искусствосу көрсөтүлгөн музей борбор калаадагы Токтогул көчөсүнүн Панфилов менен кесилишкен жеринде жайгашкан
Государственный музей литературы и искусства им. Токтогула Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз жазуусу, адабияты жана искусствосу көрсөтүлгөн музей борбор калаадагы Токтогул көчөсүнүн Панфилов менен кесилишкен жеринде жайгашкан

Биринчи залда кыргыз жазуусунун алгачкы пайда болуусу тууралуу кенен маалымат бар. Азыркы Кыргызстандын аймагында өкүм сүргөн мамлекеттерге таандык жазуулар чегерилген таштар — бул бөлмөнүн эң баалуу экспонаты. Аны менен бирге эле кыргыз алфавитинин араб арибинен латынчага, андан кийин кириллицага өтүү тарыхы менен таанышууга болот. Ошол кездеги гезит-журналдардын көчүрмөлөрү менен бирге Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Ташым Байжиев, Зияш Бектенов жана Тазабек Саманчин сыяктуу алгачкы агартуучулардын өмүр баяндары, китептери жана сүрөттөрү коюлган. Ошондой эле "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" эпосторунун жарым кылым мурдагы китептери бар. 

© Sputnik / Азат АкаевҮч бөлмөлүү имарат алгач төкмө акын Токтогул Сатылгановдун кызы Гүлсарага берилген үй болгон. Гүлсара бул жерде бир топ жыл жашагандан кийин каза болот. Андан соң 1989-жылы акындын 125 жылдык мааракесине карата музей болуп ачылган
Үч бөлмөлүү имарат алгач төкмө акын Токтогул Сатылгановдун кызы Гүлсарага берилген үй болгон. Гүлсара бул жерде бир топ жыл жашагандан кийин каза болот. Андан соң 1989-жылы акындын 125 жылдык мааракесине карата музей болуп ачылган - Sputnik Кыргызстан
1/3
Үч бөлмөлүү имарат алгач төкмө акын Токтогул Сатылгановдун кызы Гүлсарага берилген үй болгон. Гүлсара бул жерде бир топ жыл жашагандан кийин каза болот. Андан соң 1989-жылы акындын 125 жылдык мааракесине карата музей болуп ачылган
© Sputnik / Азат АкаевАзыркы Кыргызстандын аймагында өкүм сүргөн мамлекеттерге таандык жазуулар чегерилген таштар — биринчи бөлмөнүн эң баалуу экспонаты
Азыркы Кыргызстандын аймагында өкүм сүргөн мамлекеттерге таандык жазуулар чегерилген таштар — биринчи бөлмөнүн эң баалуу экспонаты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Азыркы Кыргызстандын аймагында өкүм сүргөн мамлекеттерге таандык жазуулар чегерилген таштар — биринчи бөлмөнүн эң баалуу экспонаты
© Sputnik / Азат АкаевКыргыз алфавитинин араб арибинен латынчага, андан кийин кириллицага өтүү тарыхы менен таанышууга болот
Кыргыз алфавитинин араб арибинен латынчага, андан кийин кириллицага өтүү тарыхы менен таанышууга болот - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кыргыз алфавитинин араб арибинен латынчага, андан кийин кириллицага өтүү тарыхы менен таанышууга болот
1/3
Үч бөлмөлүү имарат алгач төкмө акын Токтогул Сатылгановдун кызы Гүлсарага берилген үй болгон. Гүлсара бул жерде бир топ жыл жашагандан кийин каза болот. Андан соң 1989-жылы акындын 125 жылдык мааракесине карата музей болуп ачылган
2/3
Азыркы Кыргызстандын аймагында өкүм сүргөн мамлекеттерге таандык жазуулар чегерилген таштар — биринчи бөлмөнүн эң баалуу экспонаты
3/3
Кыргыз алфавитинин араб арибинен латынчага, андан кийин кириллицага өтүү тарыхы менен таанышууга болот

Экинчи бөлмө толугу менен кыргыз адабиятчыларына арналган. Мукай Элебаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов, Алыкул Осмонов, Касымалы Баялинов, Жусуп Турусбеков жана Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу кыргыз адабиятынын негизин түзгөн жазуучу, акын жана драматургдар тууралуу маалыматтар жана алардын сүрөттөрү бар. Бул көргөзмө залынын эң негизги экспонаттары — ар бир залкар жазуучунун оригиналдуу китептери. Музейдин фондусуна таандык китептер ар дайым толукталып турат. 

© Sputnik / Азат АкаевАйтматовдун "Элди түбөлүк эл кылып турган — тили, дили, искусствосу жана адабияты" деген сөзү музейдин башкы максаты менен дал келет
Государственный музей литературы и искусства им. Токтогула Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун "Элди түбөлүк эл кылып турган — тили, дили, искусствосу жана адабияты" деген сөзү музейдин башкы максаты менен дал келет

Үчүнчү көргөзмө залынан кыргыз искусствосу тууралуу кенен маалымат алууга болот. Бөлмө улуу акындар Токтогул Сатылганов жана Барпы Алыкулов жөнүндөгү маалымат бурчу менен башталат. Андан соң кыргыз классикалык музыкасынын тарыхы көрсөтүлгөн. Алгачкы жолу кыргыз музыкасынын нотага түшүрүлүшү, биринчи оркестр жана ансамблдин түзүлүү жолдору чагылдырылган. Эң алгачкы композиторлор Ыбырай Туманов, Жумамүдүн Шералиевдин, чыгаан ырчылар Мыскал Өмүрканова, Муса Баетовдун, опера жана балеттин негизделүүсүнө салым кошкон Абдылас Малдыбаев, Калый Молдобасанов, Асек Жумабаев, балет бийчиси Чолпонбай Базарбаевдин, актерлор Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Муратбек Рыскуловдордун өмүр таржымалдары, эмгек жолу жана сүрөттөрү бар. Ал эми улуу актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовго өзүнчө бир бурч бөлүнгөн. Жалпы эле музейдин эң баалуу экспонаттарынын бири да бул бөлмөдө жайгашкан. Келген эл Токтогул Сатылгановдун өзүнө таандык комузун жана Абдылас Малдыбаев колдонгон мандолина менен домбураны көрө алат. 

© Sputnik / Азат АкаевҮчүнчү көргөзмө залынан кыргыз искусствосу тууралуу кенен маалымат алууга болот
Государственный музей литературы и искусства им. Токтогула Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Үчүнчү көргөзмө залынан кыргыз искусствосу тууралуу кенен маалымат алууга болот

Музей дүйшөмбүдөн жума күнүнө чейин саат 9.00-17.00 аралыгында иштейт. Баасы 10 гана сом. Анын ичине музей кызматкеринин экспонаттар тууралуу түшүндүрүүсү да камтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0