9-майда жаан жаайбы? Кыргызгидрометтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековМонумент памяти павшим в Великой Отечественной войне в Бишкеке
Монумент памяти павшим в Великой Отечественной войне в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Шаршемби күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Маалыматка ылайык, чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Майрам күнү Чүйдө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градус ысык болот.

Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27 градус нөлдөн жогору.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…12, күндүз 24…29 градуска чейин ысыйт. Ал эми тоолуу Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25, Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн 25…30 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0