Боом капчыгайында төрт күн таш кулатылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайындагы автоунаа. Архив
Боом капчыгайындагы автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иштер үстүбүздөгү жылдын 14-18-май күндөрү аткарылмакчы.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 130 жана 300-чакырымдарында тоо таштарын кулатуу иштери жүрө турганын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери үстүбүздөгү жылдын 14-18-май күндөрү аткарылмакчы.

"Аталган тилкеде жол маал-маалы менен саат 9.00дөн 16.00гө чейин жабылып турат. Автоунаалар топтолушуна жараша кое берилип турат. Жол кыймылына ИИМ өкүлдөрү көз салат", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик жолго чыккан айдоочуларды сак болуп, жол эрежесин сактоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0