Сагынов: "Өлбөс полкко" 50 миң адамдын катышуусу күтүлүүдө

Жазылуу
Өткөн жылы акцияга 30 миң кыргызстандык катышкан болчу.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. 9-май күнү өтө турган "Өлбөс полк" маршына 50 миң адамдын катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу "Өлбөс полк — Кыргызстан" коомдук фондунун мүчөсү Таалайбек Сагынов видео көпүрө учурунда билдирди.

Видео көпүрө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өттү.

Улуу жеңиштин урматына уюштурулган акция Кыргызстанда бешинчи ирет өтүп жатат. Өткөн жылы ага 30 миң адам катышкан.

"Акция элди кадыресе бириктирет. Муну кээде биздин саясатчылар ишке ашыра албай жатат. Эртеңки акцияга 50 миң адамдын катышуусу күтүлүүдө. Мындай иш-чара көптөгөн жылдар бою уланат деп үмүт артабыз", — деди Сагынов.

Видео көпүрө постсоветтик аймактагы сегиз мамлекетти байланыштырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0