Уюштуруучулар президент Жээнбековдун "Өлбөс полк" акциясына катышуусун күтүшүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жөө жүрүш Бишкек шаарында бешинчи жолу өтүп жатат.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу "Өлбөс полк — Кыргызстан" коомдук фондунун мүчөсү Станислав Епифанцев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал эми президенттин аппараты бул боюнча маалыматты азырынча ырастай элек.

Бул акция Улуу Ата мекендик Согуштагы Жеңиш күнүнө карата уюштурулуп, быйыл Бишкек шаарында бешинчи жолу өтүп жатат.

Жөө жүрүш Жеңиш паркынан башталып, Жеңиш аянтындагы өчпөс оттун жанында аяктайт.

Былтыр "Өлбөс полкко" 30 миңдей киши катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0