Facebook баракчасында жалгыз бой адамдарга таанышуу тиркемеси ачылат

© AFP / NICOLAS ASFOURI Facebook социалдык тармагынын логотиби. Архив
Facebook социалдык тармагынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марк Цукербергдин айтымында, бул функция олуттуу мамиле куруу үчүн иштелип чыккан.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Жакында Facebook баракчасында жалгыз бой адамдар үчүн атайын таанышуу тиркемеси иштей баштайт. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы кабарлады. 

Сүрөткө түшүп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соцтармакта көп отурган аялдар өздөрүн түрү суук сезишет
Маалыматка ылайык, 1-2-май күндөрү Сан-Хосе шаарында (Калифорния штатында) Facebook компаниясынын F8 аттуу жыл сайын уюштурулган конференциясы өткөн. Анда Марк Цукерберг баракчада Dating Home аттуу таанышуу тиркемеси иштей баштаарын билдирген.

Колдонуучулар таанышуу үчүн өзүнчө чат ачып, ал жакка адамдарды макулдугу жок кошо алышпайт. Сервисти ишке киргизүү үчүн башкы баракчага өзүңүздүн бир нече сүрөттөрүңүздү жүктөп, хоббиңизди жазып коюу жетиштүү. Убакыттын өтүшү менен каталог сиз жайгашкан аймакта жашаган адамдарды жана бир тармакта иштеген жарандардын тизмесин сунуштай баштайт.

Маалым болгондой тиркеме ушул жылдын аягында иштеп башташы болжолдонууда. Цукербергдин айтымында, бул функция олуттуу мамиле куруу үчүн иштелип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0