Жеңиш майрамы күнү эки миңден ашуун айдоочу жол эрежесин бузуп кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота столичного ГУОБДД в Бишкеке
Работа столичного ГУОБДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча 65 унаа айып короого киргизилди.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Кечээ, 9-майда ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы (ЖКККББ) Кыргызстан боюнча жол эрежелерин бузган 2128 айдоочуну жоопкерчиликке тартты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.

Алардын ичинен эң көп бузулган жол эрежелери төмөнкүлөр:

— мас абалында унаа айдагандар — 19 айдоочу;

— ылдамдыкты уруксат берилген өлчөмдөн жогорулатып ийгендер —369 айдоочу;

— жол белгилерине баш ийбегендер — 143 айдоочу;

— алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандар — 4 айдоочу;

— унаа айдоо үчүн тиешелүү документтери жоктор — 25 айдоочу;

— унаа айдап бара жатып уюлдук телефон аркылуу сүйлөшкөндөр — 382 айдоочу;

— милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбегендиги үчүн — 5 айдоочу.

Булардын ичинен 65 унаа айып короого киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0