Манас проспектиси оңдолуп жаткандыктан коомдук транспорттун багыты өзгөрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЗабастовка водителей маршруток в Бишкеке
Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Манас проспектисинин Жибек Жолунан Чүй преспектисине чейинки бөлүгү оңдолуп жаткандыктан айрым коомдук транспорттун багыты өзгөргөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.

№ 111, 134, 137, 212 микроавтобустар Чүй проспектиси боюнча эки тарапка тең каттайт.

Ремонт дорожного полотна в Москве - Sputnik Кыргызстан
Быйыл оңдоло турган Бишкек шаарындагы жолдор. Карта
Ал эми №167, 186, 184 маршруткалар менен №22 автобус Исанов көчөсү менен келип Чүй проспектиси аркылуу жүрөт. Ал эми кайтып келе жатканда Чүй проспектиси менен келип, Тоголок Молдо аркылуу кетет.

Андан сырткары, №176 маршрутка (түндүк-чыгыш) менен №150 (түштүктү карай) маршрутка Турусбеков көчөсү менен каттайт.

Шаар бийлиги айдоочуларды бара турчу жерине кантип жетүүнү алдын ала пландоого чакырып, келтирилген ыңгайсыздык үчүн калаа тургундарынан кечирим сурайт.

Быйыл Бишкек шаарынын дагы кайсы көчөлөрү оңдолорун мэрия буга чейин жарыялаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0