Лаврова кытай насыясы боюнча англис тилиндеги келишимге кол коюу себебин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-каржы министри Ольга Лаврова. Архив
Экс-каржы министри Ольга Лаврова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу каралып жатат.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Экс-каржы министри Ольга Лаврова Кытайдын "Эксим" банкынан ТЭЦти модернизациялоо үчүн алынган 386 миллион долларлык насыяга эмне үчүн англис тилиндеги келишимге кол койгонун айтты.

Депутат Бакирдин Субанбеков экс-министр англис тилиндеги келишимде эмне деп жазылып турганын түшүнүп, түшүнбөгөнүнө кызыкты.

Экс-премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев - Sputnik Кыргызстан
Жантөрө Сатыбалдиев: бизди жегичтер, ичкичтер деп шылдыңдабагыла
Лаврова ошол учурдагы Энергетика министрлиги англис тилиндеги келишимдин ар бир барагын которуп берип, анын дал келүүчүлүгүн тастыктап бергенин айтып, келишимде эмне тууралуу айтылып жатканынан кабары болгонун айтты.

Экс-министр бул келишимдин долбоору өкмөттүн 2013-жылдагы тийиштүү токтому менен макулдашылып бекитилгенин билдирди. Андыктан келишимге кол коюуда ошол учурда иштеп жаткан эл аралык документтерге каршы келбей турганын баса белгиледи.

Эске салсак, Кытайдын "Эксим" банкынан алынган насыялык келишимге ошол учурдагы каржы министри Ольга Лаврова кол койгон.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0