Кыргызстандагы Манас уулу Семетейлер жана Манас Жакыповичтер

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Жаа атып жаткан жигит. Архив
Жаа атып жаткан жигит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу эпостогу каармандардын атын алып жүргөн мекендештер арбын.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстанда өз аты да, атасынын аты да дүйнөдөгү эң чоң эпостун каармандарыныкына окшош ысым алып жүргөн мекендештер көп. Sputnik Кыргызстан агенттиги жашы жетип, биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочулардын тизмесин карап чыкты.

Өспүрүм кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канат, Керексиз, Кыял, Марал. Атыңыздын маанисин билесизби?
"Манас" эпосунун көлөмү жарым миллион саптан ашуун.

Кыргызстанда кеминде 10 Манас Жакыпович, бир Манас Джакыпович, анан бир Жакып уулу бар. Ошондой эле 18 Семетей Манасович жана сегиз Семетей Манас уулу жашайт. Тизмеде алардан тышкары, үч Сейтек Семетей уулу катталган.

Кыргызстандыктар дүйнөлүк кишилердин да атын ымыркайга көп ыйгарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0