Оштун жаштары Айсулуу Тыныбекова баштаган мыктылар менен жолугат

© Sputnik / Табылды КадырбековНаграждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын билим, ишкерлик, спорт тууралуу суроолоруна жооп берип, келечекке багыт берүү.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова, Жанар Акаев, Нуржигит Кадырбеков сыяктуу коомдо төбөсү көрүнгөн инсандар 14-май күнү Ош шаарынын жаштары менен "Ийгиликке жол" аталышындагы жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруу тобунан билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын билим, ишкерлик, спорт тууралуу суроолоруна жооп берип, келечекке багыт берүү.

"Жолугушууга ЖК депутаты Жанар Акаев, спортчу Айсулуу Тыныбекова, "Ыйман" фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, өлкөдөгү эң жаш профессор Алмаз Бейшеналиев сыяктуу ийгиликтерди багындырган жаштар катышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ош улуттук драма театрында өтүүчү жолугушууга каалаган адам акысыз кире алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0