Кыяз, Кычан, Нургүл, Нуржан. Атыңыздын маанисин билесизби?

Жазылуу
Ата-эне ымыркайлуу болгондо ылайыктуу ысым ойлонуп, анын маанисин түшүнүп койгону оң. Анткени балага коюлган ат анын келечегине, жашоосуна таасирин тийгизет деп айтылып жүрөт.

Атыңыздын маанисин билбей же ымыркайга ысым ыйгарууда түйшөлүп жүрсөңүз Sputnik Кыргызстан агенттигинин кыргызча ысымдар рубрикасы сиздер үчүн. Бул ирет да кыздар, балдардын 20 ысымы сунушталат. Көпчүлүк ысымдар окутуучу, доцент Шералы Жапаровдун "Адам аттары" эмгегинен алынды.

Эркек балдарга берилчү 10 ысым

Күмөндөр. Эгер ымыркай кичинекей болуп же болжогон ай-күнүнө жетпей, ара төрөлсө жашап кетиши күмөн (так эмес) деген мааниде баланы Күмөндөр аташкан.

Өспүрүм кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канат, Керексиз, Кыял, Марал. Атыңыздын маанисин билесизби?
Кылым. Балдары көп чарчаган үй-бүлө кезектеги төрөлгөн наристенин өмүрү узун болуп, кылым карытып жашасын деген тилек менен ушул ысымды тандап коюшат.

Кылыч. "Эли-жерин сырткы баскынчылардан коргогон, үй-бүлөсүнө чеп болгон, тайманбас эр азамат болсун" деген ниетте ыйгарылган ат.

Кыргызбай. Кыргыз элинин бай адамы болуп, өз калкынын кайрымдуу, боорукер, кеменгер, көрөгөч, акылманы болсун деген ата-эненин көксөөсү.

Кырман. "Турмушу дыйкандын кырманындай берекелүү болуп, колу ачык, берешен бала болсун" деген ата-эненин аруу тилегинен жаралган ысым. Көбүнчө эрте жазда, ошондой эле эгин-тегин жыйналып жаткан учурда төрөлгөндөргө берилет.

Кычан. Байыркы түрк элдеринин эстеликтеринде бул сөз "даңктуу, белгилүү, даңазалуу" деген мааниде колдонулган. Мындай атты монгол, калмак антропонимиясынан да кездештирүүгө болот. 50-жылдардан кийин бул ысым кыргыздын баатыр уулу Кычандай эр жүрөк бала болсун деген тилекте эркек балдарга берилип келет.

Кыяз. Бул антропонимдин өзөгү араб тилинен алганда "белги, нышан" дегендерди билдирет. Ымыркай төрөлгөндө бетинде же денесинде меңи, бутунун же колунун манжалары ашыкча төрөлсө, ушундай ат коюлат. Муну менен наристенин башка балдардан бөтөнчөлүгү бар деген ой коштолот.

Бешик бөлөп жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайдын кыркын чыгаруу керекпи, балага кантип ысым тандайт. Жөрөлгөлөр мааниси
Максат. Ымыркайлуу болбой жүрүп балалуу болгондор "перзенттүү болуп максатыбызга жеттик, балабыз токтоп калсын" деп, кээде ата-энеси кандайдыр бир жакшы санаган оюна жеткенде, тилеги ишке ашканда Максат деген ысым кыз балага да, эркек балдарга да берилген.

Максүт. Араб тилинен келген эркектин аты, лексикалык негизи "кыял, тилек, үмүт, максат" деген маанилерди билдирет.

Малик. Бул ысым "кан, падыша, султан, мамлекет башчысы (мамлекетти башкаруучу)" деген сөзгө маанилеш. Кыздарга берилүүчү түрү — Малике, Малика, Малийке, Малийка.

Кыз балдарга берилчү 10 ысым

Мырзагүл. Элдик ишеним боюнча, кыз балага "мырза" деген эркек баланын атын кошуп койсо, анын артынан эр бала ээрчип келет деген түшүнүк орун алган.

Назгүл. "Гүлдөй назик, акылы тунук, сулуу кыз болсун" деген таризде коюлган ат.

Назик. Сын атооч. "Сүйкүмдүү, өтө сыпаа, сылык, наздуу көз карашты, мамилени, кылдат чыккан уккулуктуу, жагымдуу добушту" жеген маанини билдирген ысым.

Наристе. "Наристеникиндей жүрөгү таза, ата-энесине кайрымдуу кыз болсун" деген тилек менен кыз балдарга коюлуп келет.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байзак, Барпы, Бермет, Баян. Атыңыздын маанисин билесизби?
Нургүл. Нур — бул зат атооч. Жарык, шоола деген сөздөргө маанилеш. Ал эми гүл — эң кооз өсүмдүк. Ушул эки сөздү айкаштырып "нурдай жанып, гүлдөй назик кыз болсун" деп ата-энеси кызын Нургүл атаган.

Нурпери. Кыздардын энчилүү аты. "нур" жана "пери" деген эки курамдан турат. Пери бул "периште" деген сөздөн алынган. Ааламга күндүн нурундай нурун чачып, ашкан сулуу пери болсун деген максатта коюлган ат.

Нурай. "Ай" байыркы түрк тилинде "сулуу, көркөм асыл, аппак, нурдуу, акылдуу кымбаттуу" деген маанини билдирет.

Нуржан. Эр балдарга да, кыз балдарга бирдей коюла берет. Жүзүнөн нуру төгүлүп, маңдайы жарык, боорукер адам болсун деген тилекте коюлат.

Нурзат. Көбүнчө кыз балдарга, өтө сейрек эр балдарга коюлат. "Күндүн нурундай болуп үй-бүлөмө да, келечекте өз бүлөсүнө да жарыгын чачкан инсандардан болсун" деп берилген.

Нуркыз. "Сулуу, оор басырыктуу, ысык-суукка, кайгы-капага көтөрүмдүү болсун" деген тилектер менен коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0