Үйдү кантип ууруларга көтөртүп жибербеш керек. Милициянын кеңештери

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЭшикти ачып жаткан адам. Архив
Эшикти ачып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жай келип, көптөр эс алууга кеткенде батирлер менен жер тамдардын көбү кайтаруусуз калат да, уурулук күчөйт.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы үйгө уурулар кирбеши үчүн алдын алган көрүлчү чаралар боюнча кеңеш берди.

Өзүңдү жана жакындарыңды ууру тузагына илбеш үчүн төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:

— үйдө көпкө чейин болбой турганыңызды, алыска кетээриңизди элге жарыялабай эле коюш керек;

— үйдүн ачкычын ишенген жакындарга таштап кетүү зарыл, алар маал-маалы менен келип, карап турганы жакшы;

— терезе менен балкон ачык калбасын, бул өзгөчө алдыңкы кабатта жашагандарга тиешелүү;

— коңшуларды шектүү добуштарга кулак түрө жүргүлө деп эскертип коюш керек;

— көпкө кете тургандан кийин үйгө ири суммадагы акча калтыруу тобокелдик болот;

Турак-жайдын коопсуздугу үчүн төмөнкүлөр маанилүү:

— мүмкүн болсо, сигнализация койгондон артыгы жок;

— кошуналар менен сүйлөшүп туруп, байкоо камерасын короого, подъездге орнотуу дагы жакшы кадам;

— биринчи кабатта жашасаңыз же жер там болсо терезелерди металл торлор менен тосуп коюу зарыл;

— шектүү кишилерди көрүп калсаңыз, кайдыгерликке салбай дароо милицияга билдирүү абзел;

Уурулар кайсы күнү күчөйт?

— уурулук көбүнчө биринчи, экинчи жана төртүнчү күндөрү көп жасалары айтылат;

— уурулуктун көбү адатта кечки 16:00дөн түнкү 12ге чейин "ишке ашары" белгилүү болгон.

Милициянын маалыматында уурулар адатта акчадан сырткары зер буюмдарды, тиричилик техникаларынын кичирээктерин, чөнтөк телефондорду алып кетишет, себеби аларды сатып жиберүү жеңил.

Sputnik Кыргызстан агенттиги үйүнө ууру кирген атактуулардын окуясын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0