Бейтап катуу айтса да, сөгүнсө да көтөрөбүз. Мээрман айым Эсенбаева менен маек

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүБейтапты текшерип жаткан медайым. Архив
Бейтапты текшерип жаткан медайым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айымжан Эсенбаева жарым кылымга жакын убакыттан бери медайым болуп иштейт. Миңдеген бейтаптарга жардамы тийген каарманыбыз кайдыгер адам медайым боло албасын айтат.

Бүгүн мээрман айымдардын эл аралык күнү. Көпчүлүк медайымдын жумушун жеңил көрүп, алардын эмгегинин маанимин сезе бербейт. Sputnik Кыргызстан агенттиги Мамбет Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борборунун улуу медайымы Айымжан Эсенбаева менен жолугуп, бул кесиптин өзгөчөлүүлүгү, мээрман айымдардын көйгөйлөрү тууралуу баарлашты.

© Фото / Азат АкаевМээрман айым Эсенбаева: медайымдардын жада калса ооруканада бир аз да болсо уктаганга акысы жок. Оорулуулардын өмүрү 24 саат бою биздин колубузда. Ошондуктан медайымдыкка өз кесибин сүйгөн эле адам чыдабаса, көпчүлүгү алгачкы иш күнүнөн эле кетип калат
Старшая медсестра в Национальном хирургическом центре имени Мамакеева Айымжан Эсенбаева - Sputnik Кыргызстан
Мээрман айым Эсенбаева: медайымдардын жада калса ооруканада бир аз да болсо уктаганга акысы жок. Оорулуулардын өмүрү 24 саат бою биздин колубузда. Ошондуктан медайымдыкка өз кесибин сүйгөн эле адам чыдабаса, көпчүлүгү алгачкы иш күнүнөн эле кетип калат

— Алгач өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз? Кантип медайым болуп калдыңыз?

— Азыр 62 жаштамын. Кырк жылдан ашуун убакыттан бери медайым болуп кызмат кылам. Негизи бала чагыман бери эле дарыгер болууну, оорулуу адамдарага жардам берүүнү максат кылчумун. Тилегим орундалып, 8-классты бүтөөрүм менен Караколдогу медициналык окуу жайга тапшыргам. Үч жылдан кийин, 1974-жылы окуумду аяктап, кесибиме кириштим. Бул жаатта билим алууну дагы да улантуу пландарым бар эле. Бирок турмушка чыгып ал максатым ишке ашпай калды. Алгач Ак-Суу айылында үч жыл ооруканада иштедим. Андан соң Фрунзе шаарына келип Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борборуна жумушка орноштум. Ошондон бери кырк жыл өтүптүр.

— Көпчүлүк медайымдардын жумушун оңой элестетет…

Стоматолог Кубанычбек Алибеков в Москве - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы дарыгер Алибеков: мигранттардын көбү тишинен жабыркайт
— Бул өтө туура эмес көз караш. Мындай ойду биздин жумуштун ыссык-суугун билбеген адамдар гана айтышы мүмкүн. Медайымдардын иши жеңил, жоопкерчилиги аз деген өтө жаңылыш пикир. Хирург Мамбет Мамакеевич деле өмүр бою "доктурлар операциясын жасап, бейтаптын өмүрүн сактайт. Бирок операциядан кийинки маанилүү жумуштун 70 пайызын медайымдар аткарат" деп азыркыга чейин айтып келет. Медайымдын иши оор жана түйшүктүү, абдан маанилүү. Биз айлык акынын аздыгына, жумуштун кыйындыгына карабай күнү-түнү бейтаптардын жанынан чыкпай иштеп, милдетибизди так аткарабыз. Медайымдардын жада калса ооруканада бир аз да болсо уктаганга акысы жок. Себеби, оорулуулардын өмүрү 24 саат бою биздин колубузда. Ошондуктан медайымдыкка өз кесибин сүйгөн эле адам чыдабаса, көпчүлүгү алгачкы иш күнүнөн эле кетип калат.

— Сиздердин кесипте кандай көйгөйлөр бар?

— Медайымдардын жумушун жеңилдетиш үчүн жалпы системаны өзгөртүш керек. Мисалы, медайымдыкты үч тепкичке бөлүү туура болот. Биринчиси, жогоку билимдүү мээрман айымдар. Алар орчундуу жумуштарды кылып, көбүрөөк жоопкерчилик алышы керек. Ошого жараша айлыгы да көбүрөөк болуусу шарт. Экинчиси, орто билимдүү медайымдар. Алар жогорку билимдүүлөрдүн жоопкерчилигинин тышындагы жумуштарды кылышмак. Ал эми үчүнчүсү бейтаптардын жанынан чыкпаган медайымдар. Оорулууну керебетте эки жакка жылдырып, суусун берип турат дегендей. Азыр бул иштердин баары санитар жана катардагы медайымдарга жүктөлүп калган. Ушундай система киргизилгенде медайымдардын иши жеңилдеп, жумушунун сапаты да бир кыйла жогоруламак.

— Медайымдардын айлык акысы канча?

— Категориясы жок мээрман айымдар 4 300 сом алат. Бирок иштеген жылы көбөйгөн сайын маяна да жогорулайт. Мисалы, экинчи категориядагыларга 900, биринчиге 1 300, жогорку категорияга 2 300 сом кошулат. Медайымдар кадимкидей сынак тапшырып, анын жыйынтыгына жараша кайсы бир категорияга өтөт. Мен 40 жылдык стажым менен айына 14 миң сом алам. Негизи эле медайымдардын социалдык маселеси жеңил эмес. Айрыкча ишке жаңы орношкон жаштарга кыйын. Алардын бары эле колунда бар үй-бүлөдөн чыккан эмес. Арасында айылдан келгендер көп. Жашай турган жери жок болгондуктан окууну бүтөөрү менен батирге чыгышат. Алган маянасынын жарымы эле ошол жакка кетет.

© Фото / Азат АкаевМедайым: азыр оорулуулардын саны мурдагыга караганда бир топ аз. Ошондой эле бардык нерсе компьютерлештирилди. Оорулардын тарыхы, маалыматтар, анализдердин баарынын электрондук варианты бар. Мурда булардын баарын кол менен жазчубуз
Старшая медсестра в Национальном хирургическом центре имени Мамакеева Айымжан Эсенбаева - Sputnik Кыргызстан
Медайым: азыр оорулуулардын саны мурдагыга караганда бир топ аз. Ошондой эле бардык нерсе компьютерлештирилди. Оорулардын тарыхы, маалыматтар, анализдердин баарынын электрондук варианты бар. Мурда булардын баарын кол менен жазчубуз

— Медайымдык кесибиңиз өзүңүздүн жеке жашооңузга кандай таасир берди?

— Көпчүлүк адамдар иштеген жерлерин экинчи үйүм деп коюшат го. Бизде, тескерисинче, оорукана биринчи үйүбүз болуп калган. Себеби жумуштагы көйгөйлөрдү, оорукчандардын абалын үйгө жеткенде унутуп коё албайсың. Жатсаң да, турсаң да ооруканада жасалбай калган иштериң, бейтаптар менен болгон кайгылуу же кубанычтуу окуялар эсиңден кетпейт. Башкача айтканда, жумушубуз ар дайым биз менен кошо жүрөт. Биз үчүн бул жеке жашоом, бул жумушум деп бөлүп коюу кыйын.

— Көпчүлүк адамдар мээрман айымдарга кандай мамиле кылуу керек экендигин биле бербесе керек. Негизи эле медайымдар менен бейтаптар арасында сүйлөшүү этикасы барбы?

Учурда Улуттук хирургия борборунун ашказан жана он эки эли ичеги оорулары бөлүмүнүн жетекчиси, жогорку даражадагы хирург Болот Иманов - Sputnik Кыргызстан
Жансыз бейтапты кучактап ыйлап, кечирим сурадым... Хирургдун маеги
— Жумушубуз ушундай экен, бизге ар кандай адамдар туш келет. Ошого жараша окуу жайда бейтаптарга кандай мамиле кылуу керек экендигин үйрөтүшөт. Оорулуулар менен арабызда кандай түшүнбөстүктөр жаралбасын, жеңилдеткенге аракет кылабыз. Бейтаптыкы ар дайым туура деген принципти катуу карманабыз. Катуу айттыбы, жада калса сөгүндүбү, анын баарына чыдап, көтөрө билүү — биздин милдетибиз.

— Союз убагы менен азыркы кездеги медайымдардын абалын салыштырып кетсеңиз?

— Ал убак менен азыркынын айырмасы өтө чоң. Учурда медайымдар үчүн эбегейсиз жеңилдиктер бар. Мисалы, азыр ийне, колкап сыяктуу бир катар медициналык буюмдарды бир гана жолу колдонобуз. Бул жугуштуу оорулардан сактайт. Мурда алардын баарын тазалап, кайрадан колдончубуз да. Экинчиден, азыр медайымдар караган оорулуулардын саны мурдагыга караганда бир топ аз. Ошондой эле бардык нерсе компьютерлештирилди. Оорулардын тарыхы, маалыматтар, анализдердин баарынын электрондук варианты бар. Мурда булардын баарын кол менен жазчубуз.

— Кандай учурда ишиңизден ырахат аласыз?

Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер депрессиядан кантип арылат? Жашоодон сынган мырзалар ой бөлүшөт
— Бейтаптар дартынан айыгып, ооруканадан чыгып бара жатканда аябай сүйүнөбүз. Себеби биз үчүн ар бир оорулуунун орду башка. Бейтапты кароо гүл өстүргөндөй эле. Гүлдү канчалык жакшы карасаң ошончолук сонун гүл ачат да. Оорулуулардын да сенин мамилеңе жараша абалы жакшырат. Биз негизи жумушубуздан ырахат алабыз. Көпчүлүк медайымдар беш күн иштегенине карабай ишемби, жекшемби же майрам дебей жумушка келишет. Себеби оорулуунун операциядан кийинки абалына кабатыр болосуң. Оорлошуп кетсе көрбөй же байкабай калам деп түйшүк тартасың. Ошондуктан кайдыгер адамдар медайым боло албайт.

— Медайым болгусу келген жаштарга кандай кеңеш бересиз?

— Бул кесипте бөтөн адам жок. Ар бир бейтапты бир тууганың катары көрүшүң керек. Менин эмгегим аркылуу ушул адам жакшы болуп, айыгып кетет деген ишеним менен иштеш керек. Баарын дарыгерге таштап койбой, коркпостон жоопкерчиликти ала билүү да зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0