Алымбек Датканын айкели

Римге чейин барган Алымбек датка. Мамлекеттик ишмер тууралуу 11 факты

8386
(жаңыланган 10:00 18.05.2018)
Асан бий уулу Алымбек өз кезегинде Кокон хандыгында кызмат тепкичи боюнча экинин бири даражасына жеткен. Кыргыз тарыхынын барактарында ал айрым учурда зайыбы "Алай малийкеси" Курманжан датканын далдоосунда калып да келген.

Хандыктагы кутумчулуктун айынан 62 жашында каза болгон Алымбек датканын кыргыз саясатында, дипломатиясында жана агартуу тармагында теңдешсиз салмагы болгон. Мына ушул тарыхый инсан тууралуу 11 факты назарыңыздарда.

1. Алымбектин теги. Анын атасы Асан бий, анан Шамырза, анын аталары Ажы бий, Тилеке баатыр болуп кетет. Булардын баары азыркы Фергана өрөөнүнө, Кашкарга, Бухара шаарына чейин таанымал эл башкаруучу жана ири соодагерлер болгон. Алайдан чыккан адигине уруусунун баргы уругунан. Алымбек мына ушундай тектүү үй-бүлөдө 1799-жылы туулган.

2. Билим алууну көздөп Римге чейин барган. Алымбектин атасы аны өтө жаш чагынан соода кербендерине кошуп, Кокон, Ташкент, Жаркен, Самаркан, Бухара, Кабул, Стамбул шаарларына алып барган. Алымбек жаш чагында Алайдагы үйүндө молдодо окуп, кат сабатын жоёт. Атасынан дайындоосу менен Шамырзанын Арык деген баласы 1813-жылы Алымбекти Бухарадагы Жакыпбек аталык салдырган медресеге киргизип келет. Бул жерде ал казактын Казыбек деген бегинин уулу Максүт, соодагер Эшматтын уулу Азим дегендер менен бирге жатып окуйт. Үчөө 1815-жылы Меккеге жол алган зыяратчыларга кошулуп кетет да, адегенде Стамбулга келет, ал жерде бир жылдай окуйт. Анан татар соодагери Мансурду ээрчип Италиянын Рим шаарына барат. Римде төрт ай туруп, Кара деңиз менен Севастополь аркылуу Россияга келип, андан мекенине кайтат.

3. Кокон хандыгынын парваначысы жана даткасы. Кокондун Мадали ханы атактуу Ажы бийдин тукуму болгон Алымбекти 1826-жылы – 27 жашында хан ордого алдырып, парваначы даражасын берет. "Парвана" — чырактын жарыгын айланып жүргөн түнкү көпөлөктүн аты. Ал эми парваначы хандын жанындагы киши дегенди билдирет. Ал кезде парваначы хандыктагы эң жогорку кызмат болуп, аны хан өзү гана бекиткен, ордодон атайын эсеп менен каржылап турган, ордодо жашаган, хандык кеңештин мүчөсү катары жыйындарда чечүүчү добушка ээ болгон, өзүнүн мөөрүнө ээлик кылган, ал катардагы вазирлерден эмес эле, хан менен дайым бирге жүргөн, хандыктагы хандан кийинки экинчи киши катары эсептелген. Алымбекке 32 жашында, 1831-жылы "датка" наамы берилген. "Датка" фарси тилинен которгондо "адилеттүүлүк" дегенди түшүндүрүп, ири диний ишмерге ыйгарылган, ага жыл сайын 10 миң теңге маяна же хан казынасынан 200 батман эгин алып турууга укук берилген. Бул ошол кездин чени менен алганда өтө чоң сый болгон.

4. Анжиан бектиги. Кокон ордосу 1831-жылы 32 жаштагы Алымбек парваначы-датканы Анжианга бек кылып жиберет. Ага азыркы аймактык бөлүштүрүү боюнча Өзбекстандын Анжиан, Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу, Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо райондорунун аймактары кирген. Анжиан Кокон ордосунун Чыгыш чеги болуп, ага караган хандыктын Кетмен-Төбө, Көк-Арт, Алай сыяктуу "чуулгандуу" жерлерин башкаруу керек эле. Хандыктын жер чегин кеңейтип, ары Нарын, Ысык-Көл, Кашкар, Сары-Кол жерлерин каратып алуу ойлору да Алымбек датканын "колу" менен ишке ашырылмак. Ошол кезде бектин Кашкар, Ош, Анжиан, Кокон, Бухара шаарларында 160тан ашык соода дүкөндөрү, бул шаарларды бириктирип мал (товар) ташып турган кербендери болгон.

Алымбек датканы образын жаратуу менен калың элге таанылган актер Азиз Мурадиллаевдин архивдик сүрөтү
© Фото / предоставлено Азизом Мурадиллаевым
5. Датканын бүлөсү. Анжиандын беги, ири мамлекеттик ишмер жана атактуу байлардын бири Алымбек 1832-жылы 21 жаштагы Курманжанды аял кылып алат. Ага чейин анын бир зайыбы болгон. Улуу аялы — байбичеден Акынбек. Курманжандан Абдылдабек, Оморбек, Мамытбек, Асанбек, Баатырбек, Камчыбек. Кичүү жубайынан Кылычбек.

6. Анжиан бектигинин ордосун Ошко көчүрүү. XIX кылымдын 40-жылдарынын башында бектиктин борбору Анжиандан Ош шаарына көчүрүлө баштайт. Ал жерде Ак-Буура дайрасынан Күн батышка карай чыга бериштеги дөңсөөгө, Сулайман-Тактын этегине, болжолу азыркы (ОшМУнун жатаканалары, "Алай" мейманканасы, Шейит-Дөбө, Тешик-Таш, филармания жайгашкан жерлерге) Ак Ордо орнотуп, боз үйлөр айылын курган. Ортодо бийик секиге Алымбек датканын 12 канат ак өргөсү тигилген. Алымбек датка, ал каза болгондон кийин чоң уулу Абдылдабек, зайыбы Курманжан датка, анын урпактары дал ошол жерден элчилерди, мамлекеттик кызматкерлерди жана букара калкын кабыл алып турган. Ош борбор болуу менен шаар аралап өткөн Ак-Буура дарыясына эки өйүздү туташтырган 9 көпүрө курулуп, соода жайлары узарып жана жакшырып, кербен сарайлар кеңейтилип, мечит, медреселер, акжуваздар, майжувар, тегирмендер, жибек, жүн, пахта, тери иштетүүчү ишканалар салынган. Алымбек датканын жана анын балдарынын убагында Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуучу Төлөйкөн-Арык, Жоош-Арык, Жапалак-Арык, Баргы-Арык, Увам-Арык, Сабай-Арык, Анжиан-Арык, Коңурат-Арык, Кыдырша-Арык, Жаннат-Арык деген арыктар казылып, Ак-Буурадан суу чыгарылган. Жаннат-Арык азыркы Сулайман-Тактын түштүк жагында, мүрзөлөрдүн этегинен орун алган Айдың-Көл деген жасалма аузга (көлгө) куюп, ал жерде ак куулар, өрдөк-каздар каршы-терши сүзүп жүргөн. Шаар ичиндеги негизги жана шаардан Анжиан, Ноокат, Кара-Суу, Алай, Араван жакка чыгып кетчү жолдорго таш төшөлгөн, Ак-Буура дайрасынын боюна бак отургузган.

7. Ошто туруп ордону башкаруу иштери. Алымбек датка Кокон хандыгынын четки жагына — Анжиан менен Ошко кеткени менен ордо иштерине активдүү катышып турган: 1842-жылы Шералыны хан көтөрүүнүн, 1845-жылдагы Ош көтөрүлүшүнүн уюштуруучусу болгон; 1862-жылы 24-февралда Мала ханды жок кылууга катышкан; такка Шералы хандын он эки жашар жээни Шах Мурадды коюп алып, өзү бүт бийликти колго алып аталык аталган.

8. Алымбек — ири агартуучу. Алымбектин медресеси, же Ак медресе Ош шаарында 1844-жылы салына баштайт, башкы архитекторлору катары Самарканддан Камал ибн-ал Кадырулла, Кашкардан Ахматбек ибн-ал Курбани чакырылат, алардын чыгымын, үй-бүлөсүнүн каржы муктаждыгын бүт Алымбек датка өзү көтөрөт. Имарат алты жылдан соң 1850-жылы бүткөрүлгөн. Медресе Ак-Буура суусунун оӊ жээгинде, чыгыш тарабында, азыркы борбордук базарга Кара-Суу жактан келип кошулган жолдун тоомунда жайгашкан. Ал Кокон хандыгынын жана Бухара шаарындагы атактуу медреселер менен бир катарда турган. Төрт купасы, алдындагы эки бурчунда эки мунарасы болуп, алардын ар биринин бийиктиги он беш метр келген, имарат эки кабат болуп, шыптары бийик курулган, экинчи катарга айланма тепкичтер менен көтөрүлүшкөн. Окуу процессин жүргүзүлүүчү дарсканалары, намазканасы, кең жана кооз түркүктүү айбандары, чарпаялары, мударисканалары жана 28 чакан бөлмөдөн (келийе) турган жатак жайлары — үжүрөлөрү болгон. Жатак жайында бир эле мезгилде үч мударис, 80-100 талаба (окуучу) жаткан. Ал эми алдындагы кооз аузга (хауз – көлмө, бассейин) тоо дайрасынан муздак, таза суу улам кирип, жаңыртылып турган. Мударистери Мекке, Кашкар, Букара, Самарканд, Кокондон келген. Медресе башчылары (мутавалилери): Алымбек (1850-1862-жылда), андан кийин, Жаркынбай (1865-жылга чейин), андан кийин Абдылдабек, Камчыбек, Курманжан датка, Баатырбек болгон. Медресеге таандык 10 000 танап жер ("Алымбек чек" деп аталган Чын-Абад кыштагында, Папанда, Көк-Белде), 120 соода дүкөнү жана устаканасы иштечү. Медресенин мыкты бүтүрүүчүлөрү Бухара, Самаркан, Ташкент, Кокон, Тегеран, Дамаск, Багдад, Стамбул, Кашкар, Мекке, Каир сыяктуу ири шаарлардагы чоң окууларга жиберилип, ал жактагы окуусун Алымбек датка жана кийин анын балдары камсыз кылып турган.

9. Алымбектин өлүмү. 1860-жылы Кокон аскерлери падышалык Россиянын кубаттуу армиясына каршы алдыларынан тосуп чыгат. Ага жалпы Канаат шаа командалык кылат. Азыркы Алма-Атага жакынкы Узун-Агачта орус колуна туруштук бере албасын түшүнгөн Алымбек датка өзүнүн 12 миңге жеткен сарбаздарын өлүмгө салбай чегинет, алар Нарын тарапка өтөт. Ошол 1860-1861-жылдары Алымбек арка кыргыздарынын эл башылары, баатырлары Үмөталы, Байтик, Жангарач, Ажы бий, Адыл баатыр, Төрөгелди менен мамиле түзүп, арка кыргыздары менен алай жана анжиан кыргыздарын бириктирүү идеясын көтөрүшөт. Бул арада Кокон бийлиги аны өлүм жазасы тартуу өкүмүн чыгарат. Анын өлүмүнүн кандай болгону да азырга чейин табышмактуу: өзүнүн атаандашы Алымкул тарабынан 1863-жылы өлтүрүлгөн (Ч.Валиханов), 1863-жылы дарга асылган ("Туркстанские ведомости" газетасы, В.М.Плоских жана В.П.Мокрынин), 1862-жылы кутумчулар тарабынан муунтулган (А.Х.Хасанов), Алымкул аталыктык буйуртмасы менен Чотон өлтүргөн (Т.Өмүрзакова) ж.б. пикирлер айтылып келет. Ал Кокон хандыгында отуз бир жыл чечүүчү фигура болуу менен Мадали, Шералы, Мала, Шах Мурад деген төрт хан менен иштешкен.

10. Эстеликке айланган тагдыр. Алымбек датканын эстелиги Ош шаарына Чыгыш тараптан кире бериш дарбазага (Кыр-Арык), Ош шаарындагы "Алымбектин ак өргөөсү" деген аянтка жана Алай районунун Гүлчө кыштагы башталган айлампага тургузулган.

12. Көркөм образга өткөн өмүр. Алымбек датка Курманжан датка менен бирге Т.Касымбековдун "Келкел" романында, Т.Касымбеков менен К.Сактановдун пьесасында, С.Жусуевдин "Курманжан датка" деген ыр менен жазылган романында, З.Эралиевдин "Тоо ханышасы" документалдык жана С.Шернияздын "Курманжан датка" деп аталган көркөм фильминде чагылдырылган. 2016-жылдын май айында ОшМУда анын 215 жылдыгына карата "Алымбек датка жана анын доору" деген илимий-тажрыйбалык жыйын өтүп, анда окулган макалалар китеп болуп чыкты.

8386
Белгилер:
Алымбек Датка, Курманжан датка, Кокон хандыгы, Алай району
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (391)
Тема боюнча
Жетим өсүп жетилген. Башкы стадионго аты берилген Дөлөн Өмүрзаков деген ким?
"Эрте келген турналар" повести тууралуу кызыктуу 7 факты
Бишкектеги Өлбөс полк маршы. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

63
Жекшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. 9-майда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Таласта +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +19...+24 градус болору айтылды.

Борбор калаада кечке маал жаан жаап, күн күркүрөйт, ал эми Ошто күн ачык болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28...+30, Ош шаарында +29...+31 градуска жетет.

63
Белгилер:
май, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жолдо абайлап жүргүлө! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Инженер-программист Болот Калил уулу

Ат-Башыда жүрүп Англияда IT компания ачкан Болот. Программист менен маек

201
(жаңыланган 21:08 08.05.2021)
Программист-инженер Болот Калил уулу Ат-Башы районундагы алыскы Казыбек айылында жашап, ошол жактан мыкты стартаптарды ишке ашырып келет.

Жаш жигиттин азыр Лондондо катталган бир компаниясы жана көпчүлүктү кызыктырган бир инновациялык жабдуусу бар. Элетте жашап дүйнөлүк IT тармагына аралашкан жаш адис менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Айылдагы мектепте билим алып, кийин борбор калаадагы университетте окуган экенсиз. IT тармагына башынан эле кызыкчу белеңиз?

— Айылда мектепте аябай начар окучумун. Кичинекей кезимде сабакка көңүл жок болуп соодага жакын өстүм. Ал кезде кыргызстандыктар арасында чет элдик телесериалдар аябай популярдуу болуп кеткен. Мен 4-5-класста ошол сериалдардын чапталчу сүрөттөрүн базардан дүңүнөн сатып алып мектепте чекене сатып пайда көрчүмүн. Тапкан акчага компьютердик клубга барып оюн ойнойт элек. Кечинде үйдө жатканда ал оюндар түшүмө кирип, компьютердин ичиндеги процесстер мага өтө кызык болчу. Кийин диск алып-сатып тыйын таап PlayStation алдым, андан кийин компьютерлүү болдум. 9-класска келгенде "программалар кантип иштейт" деп түрдүү суроолор менен жашап жүргөм. Ал жылдары сабактан такыр нөл болчумун, эч нерсе окучу эмесмин. Бир күнү жакындарым мага "билим албасаң, бир кесипке ээ болбосоң кантип оокат кыласың" дешти. Ушу сөз мага чоң чакырык болду, анын үстүнө такыр айылда калгым келчү эмес. Ошентип шаарда математика сабагынан мугалим болуп иштеген эжемдикине атайын барып, кышында 5-класстан 9-класска чейинки программаны 1,5-2 айда толук окуп чыккам. Айылга келип сабактан доскага чыгып эсептерди чыгарып, эжейди, классташтарымды аябай таң калтыргам. Ага чейин "эч нерсе билбейсиң, оңгулуктуу окуй албайсың" деп мени көбү басынта берчү. Ошондон кийин өзүмө ишеним пайда болуп, башка илимдер мага жеңил эле болуп калган. Үч жылдын ичинде мурун жетишпей жүргөн бардык предметтерди кайра окуп чыккам.

Инженер-программист Болот Калил уулу вместе со своей супругой
© Фото / предоставлено Болотом Калил уулу
Программист-инженер Болот Калил уулу Ат-Башы районундагы алыскы Казыбек айылында жашап, ошол жактан мыкты стартаптарды ишке ашырып келет

Окуучулар арасындагы олимпиадага информатика сабагынан катуу даярдандым. Ал кезде интернет түнкүсүн чектөөсүз берилчү, мен түнү менен өзүмө керектүү китептерден көчүрүп баш-отум менен кызыгып кеттим. ЖОЖго ташпырганда 3-курска чейинки программаны өздөштүрүп салганымды байкагам.

Кыргыз улуттук университетинин инженер-программист адистиги боюнча тапшыргам. Ал жакты жакшы окугандыктан мага сабак тандоо, каалаган убакытта университетке баруу мүмкүнчүлүктөрү берилген. 3-курста эле программа жазып иштеп алгачкы буюртмаларды жасап калгам. Окууну бүтүрүп группалаштарым менен социалдык тармактарды, жарнама сайттарды ачып иштетип көрдүк. Машинаны сатып, бир нече жолу чыгашага учурадык. Орто жолдо мобилдик тиркеме, программаларды даярдап Бишкектен үч компания ачтык.

— Түшүнүктүү. Соңку эмгегиңиз жөнүндө кеп кылалычы. АVA селфи роботун толук иштеп чыгууга канча убакыт жумшалды? Негизи эле бул эмне жабдуу экенин кеңири айта кетсеңиз..

Инженер-программист Болот Калил уулу вместе со своей супругой
© Фото / предоставлено Болотом Калил уулу
Болот Калил уулу: келинчегим Кытайдын Шанхай шаарындагы университетте чет тилдерди окуп келген. Азыр айылда турабыз, экөөбүз тең онлайн иштейбиз

— Узак убакыттан бери аутсорсинг менен иштешип жүргөн британиялык бир кардар өз командасына чакырып калды. Алар менен АVA селфи роботун иштеп чыгуу идеясы пайда болуп, 2020-жылдын башында алгачкы аракеттер башталган. Командабыз менен кийин макет түзүп, 3D принтер менен прототиптерин чогултуп чыкканбыз. AVA селфи роботу жасалма интеллект менен иштейт, робот оператордун ролун аткарат. Ал программанын жардамы менен адамды ээрчип сүрөткө тартат. Андан сырткары, азыр иштелип жаткан Eye site модулунун жардамы менен салмагы бир килограммдан ашпаган камера, телефонду орнотуп фото, видео тартса да болот. Келечекте ошондой эле гольф же теннис менен алектенгиси келгендер атактуу бир спортчунун кыймылы, ыкмаларын көрүп машыга алат. Ага биздин программа кыймылдарын салыштырып анализдеп берет. АVA телефондой эле заряддалып 10 саатка жетет. Бул эмгек командалык аракеттин жыйынтыгы, мен электроника, программалык камсыздоосун иштеп чыккам. Калгандары дизайн, маркетинг, жарнама жактарын жөндөшкөн. Башында биздин жабдуу бир гана спортко гана арналса, азыр бардык тармактарга кеңири жайылып кетти.

— Жыйынтык кандай болуп жатат?

— Учурда 300дөй жабдууга буюртма берип акчасын төлөп коюшту, анын ар бири 60 фунт стерлинг (болжолдуу 7000 сом) турат. Биз кардарларга ушул жылдын аягында почта менен жеткирип беребиз. Азыр бир топ инженердик, техникалык маселелерди жолго салдык. Продукциябыз Кытайдын заводдорунда жасалып келет. Ошондой эле ишибизди Kickstarter деген платформага жарыяладык, анын жардамы менен каржылык колдоо таап стартапты алдыга жылдырса болот. Ошол эле маалда селфи роботту Amazon интернет-дүкөнүнө да чыгардык.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Болот Калил | Кодер (@bolotkalil)

— Ат-Башынын эң четки делген Казыбек айылында жашап, Лондондогу компаниянын ишмердүүлүгүн алдыга жылдырып жаткан турбайсызбы?

— Улуу Британияда стартаптар жакшы колдоого ээ, салык жагынан жеңилдиктер каралган. Келечекте мындан дагы оор, кардарларга көп функциялуу жабдууларды жасоо пландарыбыз бар. Айылда кирип-чыгып мал карап көп стресс болбойсуң. Себеби кээде бир эле техникалык мүчүлүштүктү чечүүгө эле эки-үч ай убакыт кетип калат. Абасы, тамак-ашы таза, шаарга салыштырмалуу тынч, жакындарыңдын жанында болосуң. Менимче, программисттер үчүн элет жери өтө ыңгайлуу. Мен Лондондо ачылган компаниянын негиздөөчүлөрүнүн биримин. Спортко арналган дагы бир катар долбоорлорубуз бар. Мисалы, боло турчу спорттук мелдештин жүрүшүн, упайларын жасалма интеллектинин жардамы менен болжолдоп, эсептеп бере алган кызматты иштеп чыгууну көздөп жатабыз.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Болот Калил | Кодер (@bolotkalil)

— Жеке жашооңузга кайрыла кетели, үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз?

— Былтыр үйлөнгөм. Коронавирус учурунда шаан-шөкөтү жок эле баш кошконбуз. Келинчегим Кытайдын Шанхай шаарындагы университетте чет тилдерди окуп келген. Азыр айылда турабыз, экөөбүз тең онлайн иштейбиз. Аялым кыргызстандык жаштарга Кытайдын ЖОЖдоруна тапшырууга көмөктөшөт.

— Мектеп окуучуларына, студенттерге кандай кеп-кеңеш бересиз?

— Эң негизгиси адамдын дүйнө чабыты, көз карашы кеңейсе, дүйнөнүн эшиктери ачылат экен. Ошондуктан ар кыл маданиятты изилдеп, көп китеп окуп, чет тилдерди өздөштүрүп билим алууга аракет болуш керек. Азыр илимдүү адам дүйнөнүн кайсы жерине барбасын өз ордун табат, ишсиз калбай, сый-урматта болот. Жаштар, туура суроо бергенди үйрөнгүлө. Анткени жакшы берилген суроо жооптун жарымы болуп эсептелет. Анан эмгектенбей кыялданып жата берсек, ийгилик өзү эле келип калбайт.

201
Белгилер:
Болот Калил уулу, маек, IT, компания, программист, Кыргызстан
Тема боюнча
АКШда окуш үчүн Афганистанда иштедим. IT-компания негиздеген Динара менен маек
Жашагың келсе кайдан-жайдан болсо да күч табылат экен. Эркин Асрандиев менен маек
Дүйнөнүн ири компанияларында иштеген кыргыздын 10 уул-кызы. Тизме
РФ президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушу

Путин менен Рахмон Москвада жолукту

0
(жаңыланган 23:46 08.05.2021)
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жана жалпы аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашкан.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Россия Тажикстанга Афганистан менен чектеш экенин эске алып ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиргенин РИА Новости жазды.

Бүгүн Россия өлкө башчысы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

"Афганистанда болуп жаткан окуялардан улам аймактагы коопсуздук маселеси курч турат. Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасы узун. Кырдаал сиздин тынчыңызды алып жатканын түшүнөм, негиздүү. Окуя кандай нукта өнүгөрү тууралуу сиздин пикириңиз кызык. Биз өз кезегинде колдоо көрсөтүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз", — деди Путин.

Ал Тажикстанда Россия Куралдуу күчтөрүнүн 201-базасы жайгашканын, өлкө анын кубаттуулугун арттыруу боюнча иштерди жасап жатканын айтып өттү.

Сөз кезеги келгенде Рахмон Афганистандагы абалга катуу тынчсызданып жатканын белгиледи.

"АКШ Афганистандан аскерин алып чыгарын эске алып коопсуздук маселелерин талкуулоо зарыл. Бул билдирүүдөн кийин өлкөдө кырдаал курчуп кетти", — деди Рахмон.

Президент Тажикстан менен Афганистандын чек арасы 1 300 чакырымдан көп экенин, башкача айтканда, жалпы чек ара тилкесинин 60 пайызын түзөрүн белгилеп өттү. Муну менен бирге Россия менен бардык тармак боюнча, анын ичинде коопсуздук маселеси дагы бар, байланыш бекемделип жатканын кошумчалады.

Андан сырткары, Тажикстандын жетекчиси ЖККУ менен ШКУ уюмдарында төрагалык кылчу мамлекет катары саммиттерге даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканына токтолду.

Жолугушууда Улуу Ата Мекендик согуштун мааниси тууралуу да сөз болуп, тараптар бири-бирин Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттукташты.

0
Белгилер:
чек ара, Афганистан, саммит, Тажикстан, Россия, Эмомали Рахмон, Владимир Путин
Тема боюнча
Путин Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттуктады