Нарын ресторан коюлган жер. Архивдик сүрөт

Албек Ибраимов: "Нарын" ресторанынын ордуна парк курулат

307
(жаңыланган 13:14 16.05.2018)
Буга чейин ресторандын ордуна 20 кабаттуу мейманкана курулары айтылган болчу.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Түрттүрүлгөн "Нарын" ресторанынын ордуна 20 кабаттуу мейманкана эмес, сквер курулмай болду. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибрамов Октябрь районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди. 

Мэрия 2016-жылы "Нарын" рестораны архитектуралык эстелик катары макамын жоготкондугу боюнча токтом чыгарган. Андан кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги да аны түрттүрүүгө уруксат берген. Ал убакта "Бишкек башкы архитектура" ишканасы ал жерге "Хуалинь" деп аталган 20 кабаттуу мейманкана куруларын билдирген. Имараттын бийиктиги 90 метрге  жетмек. 

“Инвестор көп каражат коротконуна карабай, курулуш иштерин баштоого уруксат бербей койдум. Мен аларга аталган жерге мекеме курууга болбой турганын айттым. Эми анын орду сквер болот”, — деди мэр. 

Ошондой эле ал мейманкана куруу үчүн инвесторлорго башка жер тилкесин тандоо сунушталганын кошумчалады.

307
Белгилер:
парк, "Нарын” рестораны, Албек Ибраимов
Тема боюнча
Кайран "Нарын"! Чаң арасында калып... ресторан түрттүрүлө баштаган видео
Фотофакт: кетти, бир тарых... "Нарын" рестораны түрттүрүлүп жатат
Фотофакт: "Нарын" рестораны тыптыйпыл болгондо
Пикирлер