Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин архивдик сүрөт

ТЭЦ маселеси: Жантөрө Сатыбалдиев анын өкмөтү кандай иштегенин айтты

182
(жаңыланган 12:39 16.05.2018)
Эл өкүлдөрү Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун карап жатат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңеш ТЭЦтин айланасындагы окуяларды талкуулоону улантууда. Жыйынга мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков келди. Ошондой эле ТЭЦти модернизациялоо башталганда тийиштүү кызматтарда иштегендер да катышууда.

Чакырылгандарга биринчилерден болуп депутат Сайдулла Нышанов суроо берди. Ал Жантөрө Сатыбалдиевди ТЭЦтин айланасында болгон окуялардын чыгышына бардык жоопкерчиликти өзүнө алар-албасына кызыкты.

Өз кезегинди Жантөрө Сатыбалдиев ТЭЦти модернизациялоо чоң иш экенин айтып, анын өкмөтү инвестиция тартуу боюнча ошол учурдагы бардык мыйзамдарга ылайык иш алып барганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун кароо уланып жатат.

Эске салсак, депутаттык комиссиясынын корутундусу 10-майда каралып, бирок иш күнү аяктагандыктан кийинкиге калтырылган болчу.

182
Белгилер:
талкуу, ТЭЦ, Жогорку Кеңеш, Бишкек
Тема:
ТЭЦ боюнча козголгон кылмыш иштер жана кармалгандар (63)
Тема боюнча
ТЭЦтин мурдагы башчысы мекеме кызматкерлеринин калпын чыгарды
Атамбаев ТЭЦ тендери, Сапар Исаков жана "Райым миллион" туурасында айтты