БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акылбек Жамангулов Бишкек ТЭЦи үчүн сатып алынган 600 долларлык аттиштердин баасы борбор калаанын базарларында 2500 сомдон сатылып жатканын айтты.
Депутат өз сөзүндө дем алыш күндөрү жардамчылары менен барып, аттиштердин баасын атайын карап келгенин айтты.
"Өткөн жыйында Бишкек ТЭЦинин жетекчиси Андрей Воропаев келип 320 долларга сатып алдык деп аттиштердин топтомун көрсөттү. Ушундай эле аттиштердин топтому Бишкектин базарларында 2500 сомдон сатылып жатат", — деди ал.
Төрага Дастан Жумабеков депутаттарга кайрылып, 320 долларлык аттиш менен 2500 сомдук аттишти салыштырып көрүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун кароо уланып жатат.
Эске салсак, депутаттык комиссиясынын корутундусу 10-майда каралып, бирок иш күнү аяктагандыктан кийинкиге калтырылган болчу.
Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталат. Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат. Андан соң Чүй облусундагы сууга чөмүлүп чыгышат.
Крещение майрамын ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгилешет. Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип сууга түшүп кетчү.
Сүрөттөр православ христиандарынын Бишкектеги чиркөөсүнөн тартылды
Кудайга сыйынып жаткан аял
Православдардын ишенимине ылайык, сыйынуу шам жагуу менен башталат
Дин кызматкери зыярат учурунда
Крещение майрамын Кудайга тилек айтуу менен баштайт
Майрамды белгилөө маалында дагы санитардык нормалар эске алынып, бет кап тагынып келгендер болду
Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат
Крещение майрамы ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгиленет
Крещение майрамынын экинчи атын Богоявление деп атап коюшат
Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип ыйык сууга түшүп кетчү
Чиркөөнүн кызматкери келгендерге ыйык суу чачууда
Крещение майрамынын жөрөлгөлөрү 19-январга караган түнү өттү
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.
"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.
Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.