БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Борбор калаада мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнак такталары алынып жатканын калаа мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкектин жер иштетүү жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципиалдык ишканасы менен биргеликте уруксат кагазы жок бир нече көрнөк-жарнактарды алып салууда.
"Тазалоо иштеринин жүрүшүндө Ибраимов көчөсүнүн Киев жана Чүй менен кесилишкен жеринде эки, Байтик баатыр көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде төрт көрнөк тактасы алынды", — деп айтылат билдирүүдө.
Шаарды иреттөө жана көрктөндүрүү максатында чар жайыт илинген көрнөк-жарнактардан арылтуу иштери мындан ары да уланат.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрында Нарын облусундагы Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дем алуу көнүгүүсүн жасап бир мүнөттө уктап калса болорун Аризон университетинин (АКШ) интеграциялык медицина боюнча адиси Эндрю Вайлга таянып Daily Mirror жазды.
Адис сунуштаган ыкма "4–7–8" деп аталып, терең жана бирдей ыргакта дем алуу бир эле мүнөттүн ичинде уктап калууга жардам берет. Муну Индияда йога менен машыккандар колдонуп жүрөт.
"Түндө ойгонуп кеткенде дагы ушул көнүгүүнү жасап уктап калса болот", — деген Вейл.Мурун менен төрт секунд жай дем алып, аны жети секунд кармап, сегиз секундда демди чыгарып салуу керек. Муну уктап калгыча кайталоо зарыл. Бул дем алуу көнүгүүсү чыңалуудан арылууга да жардам берет. Адис ыкманы бир жасап таштап койбой кайталап туруу керектигин айткан.
Көнүгүү жасагандан тышкары уктаар алдында тамак, кофе ичпеш керек, ошондой эле гаджеттерди алысыраак коюу сунушталган.