БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Ош облусуна болгон иш сапарын сел кырсыгынан жапа чеккен Кара-Кулжа районунан баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүдө министр селден жабыркаган каналдын абалын көрүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кезиккени айтылат.
"Жолугушуу учурунда Кара-Кулжа районунун акими Пиримберди Дыйканов селдин кесепетинен жабыркаган каналдарды калыбына келтирүү маселесин козгоду. Министр облустук башкармалыкка маселени биргелешип чечип, абалды жөнгө салуу боюнча тапшырма берди", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 13-14-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн селдин суусу Ак-Турпак каналына батпай ашып, бир нече айылды каптаган.
Баса, Баткен облсунун Лейлек районунда дагы 13-май күнү сел жүргөн. Анда Чимген айылында эки турак үйдү, Исфана шаарында бир турак үйдүн жана Ак-Чайыр балдар интернатынын жер төлөсүн суу каптап кеткен.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда россиялык "Спутник V" вакцинасы менен эмдөө башталып, алгачкылардан болуп аны белгилүү хирург Мамбет Мамакеев алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
"Дарыгер Мамбет Мамакеев "Спутник V" вакцинасын алгачкылардан болуп алды. Препараттын бул партиясы 65 жаштан жогоркуларга жана өнөкөт оорусу бар жарандарга сайылат. Ал эми биринчи этапка кирген топ мурдагыдай эле Кытайдын Sinopharm вакцинасын алуусун улантышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ, 22-апрель күнү, Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы жеткирилди. Анын 15 миң дозасын Кыргызстан сатып алды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш таштоо ниети жок. Бул тууралуу Sputnik редакциясынын кабарчысына "Альянс бус" жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди билдирди.
Буга чейин интернетте айдоочулар 3-май күнү ишке чыкпай, жол кирени көтөрүүнү талап кылышат деген маалыматтар тараган эле.
Николаидинин айтымында, ага дагы мындай кептер жеткен. Бирок төрага бул ортодогу чагымчылдардын кылганы деп эсептейт.
"Биз иш таштоону пландаган жокпуз. Бул теманын тегерегинде ким мынчалык чуу көтөрүп жатканын билбейм. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек, башка жолу жок. Бизде мэриянын токтому бар. Комиссия тарифтерди көтөрүү боюнча долбоорду даярдаган. Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышы ишке киришери менен сессияда бул маселе каралат деп ишенем. Айрым айдоочулар шаар жетекчилиги тарифти көтөрүп беребиз деп коюп, убадасына турган жок деп башкаларды иш таштоого үгүттөп жатыптыр деп уктум. Тиешелүү кызматтар аларды издеп тапсын. Бирок бир дагы фирма иш токтоткусу келген жок. Мындай жол менен көйгөй чечилбейт", — деди ал.
Ушул тапта Бишкек мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгында жүргүнчү ташуу менен алектенген ишкана жетекчилеринин жыйыны өтүп жатканы белгилүү.
Быйылкы жылдын январь айында жол кирени көтөрүп берүүнү талап кылган беш фирмага тиешелүү 400дөй маршрутка ишке чыкпай койгон. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен.
Анда ошол учурдагы мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруткалардын жол киресин көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок ага жок дегенде май айына чейин убакыт керектигин айткан.