Икрамжан Илмияновдун архивдик сүрөтү

Икрамжан Илмиянов кайсы өлкөгө кеткени белгилүү болду

4988
(жаңыланган 18:58 16.05.2018)
Акыркы күндөрү социалдык тармактарда анын чет өлкөгө чыгып кеткендиги тууралуу маалыматтар тарап жаткан.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Мекке шаарына кеткендигин КСДПнын катчылыгынан тастыкташты.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү социалдык тармактарда анын чет өлкөгө чыгып кеткендиги тууралуу маалыматтар тарап жаткан.

"КСПДнын саясий кеңешинин мүчөсү Икрамжан Илмиянов кичи ажылыкка Мекке шаарына кетти. Ал эркин адам, каалаган учурда өлкөдөн чыгып, кайра кире алат. Кимдир бирөөлөрдөн суроосу болсо, жооп берүүгө даяр", — деп айтылат катчылыктын билдирүүсүндө.

Буга чейин экс-вице-премьер Аскарбек Шадиев жүрөгүнө операция жасатуу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен.

4988
Белгилер:
Мекке, Икрамжан Илмиянов, КСДП фракциясы, ажылык сапар
Тема боюнча
Илмиянов Икрамжан Саттарович — өмүр баян
Аскарбек Шадиев чет өлкөгө эмнеге чыгып кеткени белгилүү болду
ТЭЦтеги авариянын жоопкерчилиги Сапар Исаковго жүктөлүүдө. Мурунку премьердин жообу
Крандан суу алып жаткан кыз. Архив

30-сентябрда Бишкектин чок ортосунда бир күн бою суу токтотулат. Карта

11
Бир аптадан кийин суу тосмону оңдоо пландалууда. Бишкек шаарынын бийлиги бул ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда 30-сентябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки саат 21:00гө чейин таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Суу "Тоголок Молдо" тосмосунда жүргүзүлүүчү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Ошондой эле Панфилов, Фрунзе, Манас проспекти жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарда дагы болбойт.

Шаар бийлиги убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган аймакта жашаган тургундарды жана мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.

11
Белгилер:
Бишкек, таза суу, өчүрүү, оңдоо, карта
Тема боюнча
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата аба ырайы
Президенттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев. Архив

КР президентинин администрация өкүлү: интернационализмге шарт түзөлү

22
(жаңыланган 14:37 23.09.2021)
Кудайберген Базарбаев Бишкекте жакынкы чет өлкөлөрдөгү россиялыктар уюштурган аймактык жаштар конференциясына катышып, элди тилектештикке чакырды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президенттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев интернационализмге шарт түзүп берүүгө чакырды.

Ал Бишкекте акынкы чет өлкөлөрдөгү россиялыктар уюштурган аймактык жаштар конференциясында сөз сүйлөдү.

"Мындай иш-чаралар өтө пайдалуу. Башка улуттагы мекендештердин кызыкчылыгын коргоп гана тим болбой, аларга эч кандай тоскоолдук жаралбагыдай шарттарды түзүп берүүгө аракет кылалы. Башкысы, интернационализм, достук, тилектештикти күчөтүүгө жан үрөйлү", — деди Базарбаев.

Анын айтымында, дал ушул нерселер бизге чейинки муунга күч берип, алар бири-бирин дос жана бир туугандай кабыл алышкан.

22
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, ынтымак
Тема боюнча
Россиянын элчиси мекендештери менен тыгыз иштешкен кыргыз бийлигин үлгү кылды