Сооронбай Жээнбеков карылар үйүндө. Архивдик сүрөт

Быйыл Энелер күнүнө карата 1808 аялга орден жана медаль берилет

150
(жаңыланган 10:00 18.05.2018)
Былтыр 2168 эне сыйланган.

БИШКЕК, 17-май. — Sputnik. Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленчү Энелер күнүнө карата быйыл 1354 аялга "Баатыр эне" ордени, 454 аялга "Эне даңкы" медалы берилет. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү эки Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эскерте кетсек, "Баатыр эне" ордени жети же андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган аялга берилсе, "Эне даңкы медалы" алты баланы чоңойткон аялга ыйгарылат.

Былтыр "Баатыр эне" ордени 1 618 энеге берилсе, "Эне даңкы" медалы менен алты баланы төрөп тарбиялаган 550дөн ашык аял сыйланган.

150
Белгилер:
Орден, медаль, энелер күнү, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Атамбаев 6 жылда кимдердин даражасын көтөрдү. Экс-ажодон сыйлык алгандар
Жети баланын 33 жаштагы апасы Альбина: пол жууп тапкан акчам тамак-ашка да жетпейт
Пикирлер