Коомдук ишмер Султан Раев НТС каналынын баш редактору Миржан Балыбаевден интервью алды

Раев Балыбаевден интервью алды. Айтматовду билбеген журналист, ыйманга аралашкан дин

1434
(жаңыланган 10:28 19.05.2018)
Нургүл Максутова
Sputnik Кыргызстандын студиясында кыргыз коомундагы сөз эркиндиги, дымып калган интеллигенция, дин жана ыйман, Айтматовдун чыгармасын билбеген журналисттер тууралуу сөз болду. Бул сапар өзгөчө маек рубрикабызда коомдук ишмер Султан Раев НТС каналынын баш редактору Миржан Балыбаевден интервью алды.

Султан Раев: — Миржан, студияга кош келиптирсиз. Экөөбүз адаттан тыш маек куралы деп турабыз. Өзүңөр жакшы билесиңер, адатта журналисттер маданий, саясий ишмерлерден, депутаттардан интервью алчу, эми бул бумеранг болуп, мен сизге суроо бере турган болдум. Ошентип журналисттин ордунда мен, жооп берүүчүнүн ордунда сиз.

Миржан Балыбаев: — Мен абдан сүрдөп жатам (экөө тең күлүштү).

С.Р.: — Жазуучу жана коомдук ишмер Марк Твендин эгер гезит окусам, дезинформация алган адам катары, а эгерде гезит окубай калсам, маалыматтан тышкары калган адам катары сезем деген экен. Ушул сөздүн маанисин кандай түшүнөсүз?

М.Б.: — Бул көрсө, пресса пайда болгондон тарта, XIX кылымдан бери эле келе жаткан экен да. Ал афоризмдери менен чындыкты терең казган, алысты жана маселенин түпкүрүн көрө билген адам тура. Чындыгында эле бул — диллема. Ал эми сиздин сурооңузга келсек, моюнга алыш керек, бул жерде ылгап алгыдай тажрыйба, билим керек го дейм. Чындап келсек, Марк Твендин айтканы мурдагыдан да актуалдуу. Журналисттердин кесипкөйлүгүн арттырган факт-чеккинг (фактыларды текшерүү) жалган (фейк) маалыматты чын маалыматтан айырмалай билүүнү үйрөтөт. Алган кабарды бир нече булактан текшере билүү керек. Тилекке каршы, калың элдин андай ылгап алуу жөндөмү жок да. Өзгөчө, улуу муундун өкүлдөрү "гезит жазбадыбы, демек, чындык" деп ишенип калган учурлар көп. Бул жагынан алып караганда, журналисттерге абдан чоң жоопкерчилик артылган. Муну теле үчүн айта албайм, себеби, микрофон угуп, камера көрүп тургандарды бере алабыз. Ал жагынан алганда, бизге мүмкүн азыр Марк Твен кине кое алмак эместир. 

Драматург Султан Раев взял интервью у главного редактора НТС Миржана Балыбаева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маек адегенде эле калкка берилген маалыматтардын тактыгы, журналисттердин жоопкерчилигинен башталды

С.Р.: — Ооба.

М.Б.: — Негизи жалган маалыматка караганда чын маалымат көбүрөөк го дейм.

С.Р.: — Радио менен телекөрсөтүүнүн өзүнчө спецификасы бар го. Ал жерде ушундай сөздөр, орусча айтканда, минимизированный да. Сиз бүгүнкү биздин ата мекендик гезиттер тууралуу эмне дейсиз?.. Кыргызстанды КМШ мамлекеттердин ичинен каалайбызбы, каалабайбызбы сөз эркиндиги бар мамлекет катары эсептейбиз. Эгерде сизге мүмкүнкүнчүлүк берилсе, дегеле, бүгүнкү кыргыз басма сөзүнө кандай диагноз коет элеңиз?

М.Б.: — Сөз эркиндиги бизде негизинен тирүү. А бирок илдетке көп чалдыгып, какаганга муштаган болуп келет. Ачыгын айтыш керек, аны бийлик да, журналисттер өздөрү да начарлаткан учурлар бар. Сөз эркиндигинин бар экенин айрым журналисттер айтып чыгышы мүмкүн, аларга да толук болбосо да кошулам. Мен журналистикага жаңы баш бакканда илимпоз агай "кул коенду кармаптыр, бирок коерго жер таппаптыр" деген сөздү айткан эле.

С.Р.: — Ооба…

М.Б.: — Сөз эркиндигин билип жана колдоно билүү өзүнчө маселе. Ошол өзүндөгү жоопкерчиликти сезе билиш лаазым. Сөз эркиндигин түзүү жана аны кармап, сактап калуу эки тараптуу иштин аракетинен болот го дейм. Кысым көрсөтүп жатат делген бийлик жактан, анан журналисттер тараптан да өсүү керек го дейм. Жалпы маданият, саясий маданиятыбызды өстүрүшүбүз керек деген пикирдемин. Ал эми негизинен жалпы бир динамика бар, өйдөлөйт, кайра төмөндөйт, бирок тирүү. Учурда абалы ар кандай болуп жатат. 

С.Р.: — Эми биздеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өзүнүн позициясы жана көз карашы бар. Бирок менин жеке көз карашымда кандайдыр градация бар да. ЖМКлардын өздөрүнүн макул же каршы деп аныктап алган стереотиптери бар. Эркин басма сөз деп жатабыз, бирок кожоюнун кабак-кашына, көз карашына көбүрөөк ооп, сөзүн сүйлөп калган мезгилдер да бар. Ошондой эле корпоративдик кызыкчылыктардын, саясий партиялардын позициясын көздөгөн ЖМКлар бар. Эми ушундай хаосто кантип орустар айтмакчы, "золотая середина" дегенди табабыз? Бүгүн сөз эң чоң куралга айланып, өлтүрө да, өстүрө турган күчкө ээ болуп жаткан учуру эмеспи. Сиз бүгүнкү ЖМКлардын саясий маданияты деп туура айттыңыз. Улуттук, ата мекендик ЖМКлардын саясий маданияты тууралуу айта турган болсок, ошонун деңгээлин, позитивин жана негативин эмнеден көрөсүз? 

Главный редактор НТС Миржан Балыбаев в студии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Сөз эркиндиги бизде негизинен тирүү. А бирок илдетке көп чалдыгып, какаганга муштаган болуп келет, — дейт Миржан Балыбаев

М.Б.: — Саясий маданият тууралуу айтсак, журналистика, пресса бир чети күзгү. Болгонду чагылдырат. Күзгү кыйшык болгон учурларды да моюнга алыш керек. Бейтарап боло албай жаткан журналисттер да көп. Буга объективдүү да, субъективдүү да себептер бар. Кээде ал журналисттин жеке позициясына, кээде ЖМКнын негиздөөчүсүнүн, ээсинин же бийлик органдарынын позициясына карата редакциялык саясат түзүлүп калат. Бирок бизде Коомдук деп аталган телерадиокомпания чыйыр салып, үлгү кылып баштап койсо болот эле. Аталышы коомдук болду, эми затын ошого келтириш маселеси турат. Менимче, буга бийликтин эрки керек. Азыркы ЖМКлардын көбүнүн менчик экендигин эске алганда, атаандаштык деген нерсе рынокту да, мазмунун да жөнгө салып коет эле. Эгерде улуттук жалпы, бейтарап, эл аралык тармакка айланган ресурс болсо, ишеним артмак. Мындан кийин башка маалымат каражаттары, гезити, теле же радио болобу ошол тарапка умтула баштайт эле. Чыйыр салып, өрнөк болуп бере турган олуттуу бир улуттук ЖМК баштап койсо… бирок буга эрк жетпей жатат.

С.Р.: — Сөз эркиндиги деген, албетте чоң, абсолюттук түшүнүк эмес. Биринчи кезекте ал мыйзамды сыйлоо, экинчиден жоопкерчиликти сезе билүү. Мисалы, 1994-жылы АКШнын Канзас университетинен журналистика боюнча окуп келдим. Америкадагы The Star деп аталган басылмага практикага бардык. Имараты жети кабат болсо, анын экөөндө жалаң юристтер отурат. Соттук териштирүүлөргө кабылып калбайлы деп жазылган материалдын баарын карап чыгат экен. Ал эми бизде өзүнчө эле бир процесс жүрүп жатат. Себеби, дарыгер бир эле адамды дарыласа, журналист миллиондорду дарылашы керек, бирок азырынча тескери болууда. Адамдын дүйнө таанымына, аң-сезимине, түшүнүгүнө, саясаттагы көз карашына аябай чоң таасирин тийгизип жатпайбы. Азыр коомдо болуп жаткан массалык психоз жана протесттик маанай бүгүнкү биздин чындык кайда экендигин билбей жатат. Сын ушунчалык көп, аксым болсо биз чындыкты таба албай калабыз, ар ким өзүнчө эле туура болуп калат. Андыктан, атайын дегеним, бүгүн журналисттердин мыйзамга, мыйзамды сыйлоого көз карашы кандай. Дегеле, мыйзам журналистикада негизги элемент болушу керекпи, сиз буга эмне дейсиз? Журналисттердин өзүнүн мыйзам сабаты боюнча кандай ойдосуз?

М.Б.: — Бул маселени эң туура койдуңуз да. Бул саясий маданияттан тышкары жалпы эле укуктук маданият десек болчудай. Эгер журналисттерге талап койсок, бул кесиптик чеберчилик маселеси да. Мисалы, кыргызда деле сөзмөрлөр болгон, бир сөз менен чоң маселени чечип койгон. Сөзсүз эле бетке чаап, төбөгө муштабастан, тергеп айткан да чеберчилик. Ал билимдүү, сөзгө уста болсо маселени тергеп айтса, андан да катуу тийиш мүмкүн. Бул эми кесипкөйлүк. Түз эле акмактыгына жетип эмес, фактыларды келтирип, ошол акылга сыйбаган бир чечим болсо, логикага, мыйзамга, дегеле коомдук пикирге каршы келерин көрсөтүп, далилдеп берсе болот да. Ошол эле учурда жеке намысына шек келтирбесе, бирок аргументтеп берсе, бул чеберчилик маселеси. Чынын айтсам, азыр көп гезиттерди окугум деле калбей калды, бирок ишке байланыштуу барактаганга туура келет. 

Драматург Султан Раев взял интервью у главного редактора НТС Миржана Балыбаева в студии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Султан Раев: албетте, биз катарсистен өтүшүбүз керек. Журналистикада өзүн-өзү тазалоо болушу зарыл

С.Р.: — Дезинформация алыш үчүнбү (күлдү)?

М.Б.: — Кээде карасаң, 10 маалыматтын бир-экөө мүмкүн, чындыкка таянып, бирок көбүртүп-жабыртылып жазылган болуп калат. Бул кесиптик чеберчилик маселеси. Ал эми укуктук жагынан алсак, эмне үчүн бизде мыйзам сакталбай жатат. Себеби, бизде жалпы укуктук талаага жараша болууда. Журналисттер эле эмес, биздин коомдук-саясий турмушубуздагы көп нерсени аныктаган саясатчылар, бийлик өкүлдөрү тарабынан мыйзам канчалык сакталып жатат деген суроо өзүнөн өзү жаралат. Прецедентное право деп коет, адатка, өнөкөткө таянып, укук өнүгө берет. Ошондой укуксуздук, мыйзам мындайраак турсун деген нерсе өрнөк болуп калган. Анда, мисалды журналисттерге ким көрсөтүп жатат? Ошол жагын да ойлош керек.

С.Р.: — Бул коомдо болуп жаткандан кийин андан бөлүнүп жашай албайт да. Албетте, бүгүнкү саясатта, кыргыз коомунда болуп жаткан окуялардын бардыгы журналистикага да таасир этет. Бирок журналистика ошол майда-чүйдөдөн бийигирээк турушу абзел. Албетте, бул ошол журналисттердин интеллектуалдык, кесиптик даярдыгына, анан адам катары жарандык позициясына да көп байланышкан. Дегеним, көбүнесе бизде бир объект боюнча жаза турган болгондон кийин тармактын кемчиликтерин жазбастан, жеке адамга өтүп кетебиз.

М.Б.: — Ооба, андай маселе бар.

С.Р.: — Личностко өтүп кетебиз да, адамдын абийирине, адамдык касиетине шек келтирилет. Бул көрүнүш көбөйүп кетти. Албетте Кыргызстан үчүн сөз эркиндиги деген жаңы маданият. Болгону 25 жылдын тегерегиндеги убакыт. Илгери АКШда деле, Англияда деле, Европанын өнүккөн өлкөлөрүндө деле ошол нерсе кездешкен. Бирок ошол процессте жүрө берсе кантет деген собол жаралат… Албетте, биз катарсистен өтүшүбүз керек. Журналистикада өзүн-өзү тазалоо болушу керек.

Кыргызстанда азыр журналисттерди даярдаган өтө көп жогорку окуу жайлары бар. Билбейм, менин көз карашымда журналистика коомдун, адамдардын аң-сезимине таасир бере турган чоң курал. Журналист ар тараптан өнүккөн адам болушу шарт. Илгери бизди журналистика — саясий кесип деп окутушчу. Гезит чыгаруунун техникасын эле эмес, саясатты да, фундаменталдуу илимдерди да, бардыгын окуйт элек. Атын айтпай эле коеюн, жогорку окуу жайлардагы журналистика кесибин даярдаган факультеттердеги мамлекеттик экзамендерге эки жолу комиссия төрагасы болуп барып, чынын айтсам, ушунчалык жаман ахывалда калдым. Эртең бул балдар гезитке барып эмнени жазат да, кайсы маселени көтөрөт деген ойлор түйшөлттү. Ушунчалык чабал кадрлардын чыгып жатканы толгонтот. Ошондуктан айтарым, улуттук журналистика мектебин калыптандыруу зарыл. Мектеп жок. Бул кесипке абайлап мамиле кылып, аны конвейер кылбашыбыз керек. Эгерде конвейерге айлантып жиберсек, жанагы биз экзамен алгандай балдар чыгат. Сөз эркиндигибизге 25 жылдан ашып калды. Өзүбүздү эркин мамлекет катары сезебиз. Өлкөбүздөгү эркиндикке, чындыкка болгон монополия биринчи кезекте кимге байланыштуу болот деп ойлойсуз?

М.Б.: — Негизи эле монополия болушу керекпи деген суроо койгум келип жатат. Анткени жалаң эле журналисттерде, прессада монополия болушу керек дегенден алысмын. Бул абдан азгырыктуу, орусча айтканда "соблазнительный" миссиядыр. Андай болуп, анан монополияга өтүп кетиши кооптуу. Бул диалогдун натыйжасында болуп турчу нерсе, ортодогу чындык болушу зарыл. 

Главный редактор НТС Миржан Балыбаев во время беседы в студии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Миржан Балыбаев дүйнөнү адам баласындагы адамгерчилик сактайт деген ишенимде

С.Р.: — Журналистикада чындыкка эч ким — бийлик дагы, журналисттер дагы монополия кылбайт. Ортодо көпүрө болушу керек го деп ойлойм.

М.Б.: — Эки тараптын диалогунун продуктусу болушу зарыл.

С.Р.: — Сиз философия факультетинен политология боюнча адистикке ээ болуп чыгыптырсыз. Платондун "дүйнөнү философтор башкарышы керек" деген сөзү бар. Эмне үчүн?

М.Б.: — Эми бул идеалисттик көз караш менен айтылса керек. Мында олуттуу негиз бар. Бийлик, байлык азгырыктуу нерсе да. Философтор жогоркуларга кош көңүл карап, идеяны, миссияны биринчи орунга койгондор. Бул эми утопиялык нерсе го дейм. Ошондой болсо да, ушуга умтулуш керек.

С.Р.: — Философтор дүйнөнү башкарыш керек дегенде, менин көз карашымда Платондун эч бир башкаруучудан, эч бир өкүмдардан акылмандыкты, көрөңгөсү жана дүйнө таанымы кеңири касиетти эч качан бөлүп карай албайбыз, бул акылды сүйгөн адамдар башкарыш керек деген ою болушу керек. Башкаруучунун негизги бир өзгөчөлүгү болгону шарт деген ой го.

Айтайын дегеним, журналисттердин дүйнө таанымы, көз карашы өтө кеңири болушу керек да. Маданият жагына өтсөк. Акыркы кезде кайсы китепти окудуңуз?

М.Б.: — Акыркы ирет окуган олуттуу адабий чыгармам (атын эстей албай жатам), Шайлообек Дүйшеевдин "Агындылардан" мурда чыккан китеби болду. Акыркы кезде журналистикада жүрүп, башкы редакторлук кылып телеканалда болуп, маалымат гана окумай, интернет гана карамай болуп бара жатат. Орой угулушу мүмкүн, бирок башка-көзгө чапкыласа да, мектептен окутчу экен. Ошондон уютку, көрөңгө калган окшойт. Мага да практикага студенттер көп келет. Редактор катары иштешебиз. Аларга карап, окуу жайдын деңгээлине баа берсе болот да. Чындыгында, журналистика конвейерге айланып калды. Жаман көрбөсүн, Политехникалык университетте да журналистика факультети ачылган учурлар болгон. Бизге келгендердин баш терисин байкагандан кийин эле эгерде бир нерсе чыкпасына көзүм жетсе, "журналист боло албайсың, кеч боло электе башка факультеттерге которулуп кет. Эгерде журналист болом деп абдан тырыша турган болсоң, анда филология факультетине тапшырчы. Жок дегенде адабиятты окуп жана туура, сабаттуу жазганды үйрөнүп чыгасың" деген кеңешимди берем. Анткени сабат деген өзүнчө бир маселе болуп турат. Жогоруда сиз да айтып кеттиңиз, анан мени журналистикага үйрөткөн адамдын "журналист сөздүн жакшы маанисинде алганда дилетант адам" дегени эсимде турат.

Бизде журналисттер өзүн акыркы бир инстанция сезип алган. Уккан, алган маалыматыңдан бир аз күмөн санап турушуң керек. Ошону тактап отуруп, анан бышык материал чыгат. Маалыматты чийки кылбай, текшериш керек. Бул учурлар калың элге анча кызык болбошу мүмкүн, бирок анын кесепети элге тийип жатпайбы. 

Драматург Султан Раев в студии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маек учурунда Султан Раев Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар негизинен чабал журналисттерди даярдап жаткандыгына түйшөлгөнүн билдирди

С.Р.: — Адабий чыгармаларды көп эле окусаңыз керек да. Албетте, журналисттердин көкүрөк, интеллектуалдык байлыгы, көз карашы абдан керек. Бүгүн бир гезитте Чыңгыз Айтматовдун "Материнское поле" повестин "Эненин талаасы" деп которуп коюптур. Демек, ал Айтматовдун чыгармачылыгын билбейт, "Саманчынын жолун" эч качан окуган эмес… Ошондой адамдар кантип журналист болуп, коомдук пикирди жарата алат? Өткөндө бир саясатчы балеттин ырчылары дейт. Эми бул, албетте, биздин интервьюнун жүрүшүндө айтылып кеткен сөз болду.

Илгери айтылган "жакшы журналист фельетончу, жаман журналист телефончу" деген сөз бар эле…

М.Б.: — Азыр бул жанр жок болуп калды да…

С.Р.: — Ооба, азыр турмуштун өзү фельетон болуп кетпедиби. Айтайын дегеним, биздин коомго азыр орусча айтканда "трезвая журналистика" керек болуп турат. Өтө терең аналитикага муктажбыз. Азыр баарыбыз эле үстүртөн берилген, жалпылама, тайыз журналистикага өтүп кеттик. Анын көрсөткүчү — бүгүнкү гезиттердин нускасы. Азыр эки миң, үч миң… мен мурда "Кыргызстан маданияты" деп аталган гезитте иштегем. Улуттук мааниден алып караганда, өзгөчө бир көз карашты, улуттун аң-сезимин ойготкон гезит катары тарыхта калды деп ойлойм. Себеби, ошол мезгилде тил маселесин, же аталыштары маселесин, коомдук-саясий маселелерди абдан активдүү берчү элек. Чыңгыз Төрөкулович да мыкты макалаларын жарыялап турчу. Ошол бир эле гезиттин тиражы 150 миңге жетээр эле.

Азыр китеп, гезит окуу, дегеле окуу маданияты кандай деп ойлойсуз? Социологиялык изилдөөлөргө таянсак, кыргыз окурмандары жылына болгону 24 бетке чукул эле окуйт экен. Ал же гезит, же көркөм чыгарма же кандайдыр бир эптеген анонимдүү текст болушу мүмкүн. Бизде окуунун культу тапктакыр түшүп кетти, муну сиз эмнеден улам болуп жатат деп ойлойсуз? Бүгүнкү руханий жана материалдык көз караштын кагылышынын негизги себеби эмнеде?

М.Б.: — Буга чейинки суроолоруңузда дал ушуга жооп берейин деп камындым эле. Конкреттүү мисал. Эки жыл мурда чоң энем өтүп кетти, орто билими жок эле. Эсимде, кичине кезимде кыргыз радиосунда "Театр микрофондо" деген берүү бар болчу. Ал киши ар кыл буюмдарды токуйт, мештин жанында отурабыз. Азыр эстесем, чоң энем экөөбүз ошол кезде кыргыз театрынын классикалык репертуарын угуп чыккан экенбиз. Ошондогу актерлордун үнү… Эми аларды сиз жакшы билесиз да. Спектаклди көрбөйбүз, бирок тыңшайбыз. Кичине баламын. Элестетип көрсөңүз, ошол образдык ой жүгүртүүнү кандай өнүктүрөт. Китепти айтпай эле коеюн. Азыр ал рубрика барбы же жокпу, билбейт экенмин. Эми азыр музыкалык радиолор жайнап, эфирдин баарын ээлеп алгандыктан, эгер ошол берүү болсо деле көптөр укпайттыр. Азыр деле аракеттер жасалып жаткандыр, бирок маданиятты массага жайылтууну буруп кеткен нерселер көп болуп кетти. Сиз кеп кылган "Кыргызстан маданияты" гезитинин гүлдөп турган кезинде мектепте элем. Улуттун интеллигенциясын мындай эле коюңуз, чоң энемдин сүйүктүү басылмасы болчу. Эсимде, "Ит атар" деген чыгарманы номерден номерге күтүп, калтырбай окуган. Кызыгып кетип, мен да окуган элем.

С.Р.: — Ооба. Салижан Жигитовдун "Ит атар" аңгемеси сандан санга басылган.

Кийинки суроо. Интеллигенция ар бир коомдун, өлкөнүн авангарды, алдыңкы ойдун алып жүрүүчүлөрү. Бизде парадокс — интеллигенция көп, интеллигенттүүлүк аз болуп жатат. Кандай дейсиз, биздин саясатта чыныгы интеллигенттер саясий сахнага чыга албай жатат. Чынын айтканда, азыр саясатка ар кыл адамдар келбедиби. Владимир Лениндин "эң коркунучтуу элемент — саясаттагы сабатсыз адамдар" деп айтканы бар эмеспи. Бизде саясат деген эпидемия болду. Аксакалдардан, пенсионерлерден тартып пионерлерге чейин саясат деп жатабыз да. Ушул саясатта бүгүнкү интеллигенциянын орду кандай болушу керек? Интеллигенция бүгүн эмне үчүн дымып жатат жана алардын дымып калышына эмне себеп бар деп ойлойсуз?

М.Б.: — Ооба, үмүт артылып, эми идеалында ошондой болушу керек деп айтылып келет. Бирок менимче, легендарлуу парламент тарагандан кийин интеллигенциянын авангарддык ролу эмнегедир коомдук-саясий позициядан чегинип, барган сайын кемий баштады. Ошондогу, саясий элита деп коелу, кандай адамдар бар эле. Сөзсүз эле көркөм адабият, искусстводон эмес, мындайча айтканда бүт тармактан — советтик партиялык ишмерлер, заводдордун директорлору бар эле. Бардыгынын деңгээли ар тараптан — билим жагынан, элемантардуу түрдө маселени кароо жагынан бийик эле. Мындан 25 жыл мурдагы убакыттагы жана азыркы депутаттарды салыштыралычы… эми аны түшүнгөндөр түшүнөт. Асман менен жердей.

…Мен кызуу кандуураак журналист кезде интеллигенция эмнеге унчукпайт деп нааразы болчумун. Буга чейинки Акаев, Бакиев заманында интеллигенттер эч нерсе дей алчу эмес. 

Драматург Султан Раев во время интервью с главным редактором НТС Миржаном Балыбаевым
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Раев менен Балыбаев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Кыргызстандын коомдук-саясий турмушундагы орду менен ролун кеп кылды

С.Р.: — Себеби эмнеде?

М.Б.: — Чоң-чоң дөө-шааларыбыз бар эле. Мисалы, Чыңгыз Айтматовду айталы. Дүйнө тааныган адам. Анын тергеп айткан бир ооз сөзү… Ал учурда президент Аскар Акаев абдан интеллигент адам болчу, ээ? Ошондо эмнеге калыс сөзүн айтып койбойт деп таңгалчумун. Азыркыга чейин түшүнбөй келем.

С.Р.: — Ким жөнүндө айтып жатасыз?

М.Б.: — Аскар Акаевдин учурунда Чыңгыз Төрөкулович туурасында айтайын деп жатам. Мисалы, экөө тең интеллигент, жогорку билимдүү болчу. Аскар Акаевдин деңгээли кандай эле? Залкар инсан эмнеге калыс сөзүн айтпады деп алигүнчө түйшөлөм.

Лениндин интеллигенция жөнүндө "интеллигенттер коомдун мээси эмес, башка нерсеси" деп катуу айтканы бар эмеспи. Чындыгында эле ошондой бир позицияны карманып алгандар да болобу деп да ойлойм.

С.Р.: — Эми Чыңгыз Айтматовго келе турган болсок, бул киши албетте, биздин руханий лидер болгон эмеспи. Тоталитардык мезгилде тил маселесин көтөрүп чыккан. Улутчул деп да жарлык тагышкан. Менин оюмча, Акаевдин доорунда деле, дегеле өмүрүнүн акырына чейин Айтматов өзүнүн көкүрөк чындыгын алмаштырган жок деп айтам. Айтматовдун ачык, публицистиканын тили менен айтпаса да, чыгармаларында каймана ошол нерселердин бардыгы айтылган.

М.Б.: — Мүмкүн…

С.Р.: — Ал публицистикага караганда чоң жана күчтүү таасир берет. Мен азыр биздин бүгүнкү турмушубузда болуп жаткан парадокс туурасында айтайын дедим. Өзүңүз билесиз, учурда дин маселеси да, башка маселелер да абдан күчөп жатат. Азыр бир ар кандай маселелердин, түшүнүктөрдүн, ишенимдердин кыйма-чийме маселелердин жолунда турабыз. Ыйман маселеси. Ыйман кыргыздын өзгөчө культу болчу да. Пейил маселеси. Мындай алып караганда мечиттерибиздин саны деле көбөйүп жатат, мектептер деле бар. Эмне үчүн бүгүн төбө чачты тик тургузган окуялар болуп жатат. Ата менен баланын ортосундагы ыйыктык, ата-эне менен баланын ортосундагы ыйыктык жоголууда, кичүү муун менен улуу муундун ортосундагы карама-каршылык нерселер бар. Бул эмнеге алып келди деп ойлойсуз, мунун социалдык өзөгү эмнеде да, ыймандык өзөгү эмнеде?

М.Б.: — Негизи кыргызда ыйман деген маселе диний категориянын чегинде эмес, андан кеңири түшүнүк болчу. Бул мен билгенден азыркы татаалдыкка, диндешүүгө чейин эле ушундай болуп келген. Ал эми азыркы учурда чындыгында мечиттердин саны мектептерден да ашып кетти. Бүгүнкү маселе ислам дининде эмес, ошолорду жеткирип жаткан конкреттүү инсандар өздөрүн диний лидер катары коюп алып, ошондой миссияны алып жүрөм дегенинен уламдыр. Ошондой позицияны карманып алгандан уламдыр. Дегеле ыйман, адеп-ахлак, ынсап маселеси бул жалаң эле бир конфессиянын дүйнө таанымы менен чектелбеши керек. Бул — кеңири түшүнүк. Анан, тилекке каршы, биздеги ислам динине исламий саясат көп аралашып кетти. Өзөгү, борбору Кыргызстанда эмес, башка жактардан келди. Ошон үчүн саясатташып, батыш менен чыгыштын тирешүүсүнөн болгон, эми анын кесепетин тартып жатабыз. Бул эми башка маселе. Негизи эле, дагы кайталайын, менимче, ыйман диний гана категория эмес дейт элем, ошону түшүнүү болбой жатат. Бул адамзаттык нравалык, илим-билим алып, өзүнүн жалпы дүйнөсүн байытуусу. Жалаң гана диний авторитет минтип айткан деп, бир фетвага таянбай, сурада минтип айтылган деп ага байланбай, акылды өнүктүрүү зарыл.

С.Р.: — Биздин маек да аягына чыгып бара жатат. Сизге бир суроо бергим келет. Миржан мырза, дүйнөнү сактап кала турган күч-касиет эмне деп ойлойсуз? Илгери, жазуучу Федор Достоевский сулуулук дептир.

М.Б.: — Эми ал кишиден ашып түшүп бир нерсе айтуу оор, сулуулук деген жалпы, сырткы көркөмдүк эле болбосо керек. Достоевскийдин айтканы кеңири жана терең, түптүү нерседир. Жазуучу Антон Чеховдун адамдын ою да, кебетеси да бүт баары сулуу болушу керек дегени бар эмеспи. Ошол терең түшүнүктөр сактап калса керек. Кайталаарым, ал кишиден ашып түшүп, айтыш кыйын. 

Драматург Султан Раев во время интервью с главным редактором НТС Миржаном Балыбаевым
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Редактор Миржан Балыбаев менен коомдук ишмер, драматург, жазуучу Султан Раев Sputnik Кыргызстан агенттигинде кыргыз коомундагы сөз эркиндиги, дымып калган интеллигенция, дин жана ыйман тууралуу сүйлөштү

С.Р.: — Өзүңүз жеке кантип айтат элеңиз?

М.Б.: — Чыңгыз Төрөкуловичтин "адам үчүн күн сайын адам болуу эң кыйын" дегени бар эмеспи. Башкысы — адамгерчилик. Ал баарын камтыса керек. Адам баласындагы адамгерчилик дүйнөнү сактайт дейт элем.

С.Р.: — Маекке келгениңизге чоң рахмат. Sputnik Кыргызстан жакшы долбоорлорду даярдап жатат. Сиз менен ага катышып калганыма, мындайча айтканда, өзүмдү бактылуу сезем. Ушундай долбоорлор улана берсин. Ар бир адамдын көз карашы, дүйнө таанымы коомубуздагы замандаштарыбызга өтө маанилүү болуш керек. Себеби, акылдын дагы, көз караштын дагы калыптанышы, албетте, ар кыл пикирлердин, кайчылаш ойлордун ортосунан келип чыгат. Эгер бүгүнкү сөзүбүз менен бизди уккан адамдарга кыпындай бир таасир берсек, экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүз бекер кеткен жок деп ойлойм. Саламатта, ден соолукта болуңуз.

М.Б.: — Сизге да рахмат. Мен бала кезде, студент кезде Султан палван деп угуп жүрчүбүз. Гезит чыгарып, адабиятчы, драматург, коомдук ишмер болуп, мамлекеттик кызматтарды аркалап жүрөсүз. Сиз маек алат десе, биринчи кезекте сыймык болсо, экинчиден сүрдөдүм. Маегибиз жаман болгон жок деген ойдомун. Эфирде, гезит бетинде сүйлөнбөгөн сөздөр ушинтип аз айтылат. Мындай сөздөр сиз тараптан, сиздей адамдар тарабынан көбүрөөк айтып-делинсе, эл көбүрөөк укса жакшы болмок.

Буга чейин өзгөчө маек рубрикасында Бишкектин социалдык иштер боюнча вице-мэри Айгүл Рыскулова Sputnik Кыргызстан агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбековдон интервью алган.

1434
Белгилер:
жан дүйнө, интервью, пикир, Миржан Балыбаев, Султан Раев
Тема:
Өзгөчө интервью (4)
Тема боюнча
Салтанат Саматова: жакшы жигит болсо кыздар деле биринчи кадам жасашы керек
Диктор Гүлзат Карыбаева: камера алдамчы, сулууларды серт көрсөтүп коет
Пикирлер