ЖКдагы тиреш: Атамбаевдин кол тийбестигин алуу аракети жана башка чечимдер

© Sputnik / Акылбек БатырбековЗдание Жогорку Кенеша в Бишкеке
Здание Жогорку Кенеша в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү депутаттык комиссиянын корутундусун үч күн талкуулады.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш бүгүнкү жалпы жыйында Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана аны модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун бир катар толуктоолор менен колдоду.

Депутаттар Исхак Масалиев, Айнуру Алтыбаева, Осмонбек Артыкбаев, Дастан Бекешев өз сунуштарын жазуу түрүндө беришкен.

Депутат Исхак Масалиевдин экс-президенттин кол тийбестигин алуу маселесинин жол-жобосун иштеп чыгуу керек деген сунушу депутаттар тарабынан колдоого алынды, ал эми Дастан Бекешевдин эл аралык аудиторлорду тартуу керек деген сунушу колдоо тапкан жок. Айнуру Алтыбаеванын кеткен чыгымдарды Эсеп палатасы эсептеп чыксын деген сунушун да эл өкүлдөрү колдоп берди.

Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Исхак Масалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Масалиев: ТЭЦ боюнча экс-президентти жооп берсин десек мыйзамды өзгөртүү керек
Эми укук коргоо органдары — УКМК, Башкы прокуратура үч айлык мөөнөттүн ичинде тергөө иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү аныктап бериши керек.

Депутат Акылбек Жапаров тергөө органдарына керектеле турган каражатты маалында бөлүп берүү керектигин айтса, эл өкүлү Сайдулла Нышанов укук коргоо органдары үч айдын ичинде комиссиянын корутундусунда аты аталган кишилердин кылмыш иштерине тийиштиги бар-жогун аныктап, алар боюнча маалымат бериши керектигин айтты.

Белгилей кетсек, ТЭЦтеги аварияны жана аны модернизациялоодогу каражаттын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 10-майда, 16-майда жана 17-майда — үч күн талкууланды.

ТЭЦтеги авария жана аны модернизациялоо боюнча жалпысынан жети киши камалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0