Жолдон кызды коюп кете жаздаган айдоочу жазага тартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников ДПС в Бишкеке
Работа сотрудников ДПС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу Административдик кодекстин эки беренеси боюнча айыпка жыгылды.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкектин Москва жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жол чийинден өтүп бара жаткан кызды коюп кете жаздаган Honda Accord унаасынын айдоочусу айып пул төлөп жаза тартканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Буга чейин Facebook тармагында Москва көчөсү менен бараткан Honda Accord каршы тилкеге чыгып, жол чийинден өтүп бараткан кызды коюп кете жаздаганы тартылган видео тараган.

"Милиция кызматкерлери мыйзам бузган айдоочунун таап кармады. Айыпкер Бишкектин 21 жаштагы тургуну болуп чыкты", — дешти укук коргоо органдарынан.

Айдоочу Административдик кодекстин 235 (Унаанын каршы тилкеге чыгышы) жана 231-беренеси (Жол эрежесин бузуу жана тоскоолдук жаратуу) боюнча жазага тартылып, 1500 сом айып төлөдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0