Энелер — дүйнө түркүгү! Сооронбай Жээнбеков апаларды куттуктады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр КР Сооронбай Жээнбеков посетил социальное стационарное учреждение для престарелых и инвалидов в селе Нижне-Серафимовка
Премьер-министр КР Сооронбай Жээнбеков посетил социальное стационарное учреждение для престарелых и инвалидов в селе Нижне-Серафимовка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энелер күнү Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы бардык энелерди майрамы менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жээнбеков эне жана баланы коргоо, көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү — мамлекеттик социалдык саясатынын маанилүү бөлүгү экенине токтолду.

"Илгертен бери элибиз энени кут жаратуучу деп эсептеп, өзгөчө мамиле кылып келет. Бекеринен "Энелер — дүйнө түркүгү" деп айтылбаса керек. Эне сүтү ыйык, ал эми бешик ыры ар бирибиздин кулагыбызда жаңырып турат. Бүгүнкү ак тилектер, жүрөк жылыткан сөздөр сиздерге арналат", — деп жазылган өлкө башчынын куттуктоосунда.

Эске салсак, Энелер күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2012-жылы жарыяланган. Бул майрам Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0