Премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин архивдик сүрөтү

Премьер Абылгазиев Түркияга учуп кетти

163
(жаңыланган 22:05 18.05.2018)
Иш-чарада Газа секторундагы тынчыбай жаткан кагылышууларга тийиштүү маселелерди талкуулоо пландаштырылган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитине катышуу үчүн Стамбул шаарына учуп кетти. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кеңешменин жүрүшүндө Газа секторундагы тынчыбай жаткан кагылышууларга тийиштүү маселелерди талкуулоо пландаштырылууда", — деп айтылат маалыматта.

ИКУ — ислам мамлекеттеринин эл аралык уюму, ага 57 өлкө кирген. Кыргызстан 1992-жылдын 1-декабрынан тарта аталган уюмга мүчө.

163
Белгилер:
Ислам кызматташуу уюму, Мухаммедкалый Абылгазиев, Түркия
Тема боюнча
Премьер Абылгазиевдин кортежиндеги эки жол тандабас кырсыктады. Сүрөт
Пикирлер