Окуучу кыздар. Архив

Бишкекте билим берүү фестивалы өтөт

58
(жаңыланган 16:08 18.05.2018)
Иш-чаранын алкагында кызыктуу конкурстар менен мелдештер уюштурулат.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкекте маданияттын көп түрдүүлүгүнө арналган билим берүү фестивалы өтөрүн иш-чаранын менеджери Марина Колесникова билдирди.

Бул фестиваль "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык коомдук фондусу, Бишкек мэриясы, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссия жана Бишкек гуманитардык университети менен чогуу уюштурулууда.

Иш-чара 19-майда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Улуттук филарманияда жана Жаштар Аллеясында өтөт.

Фестиваль учурунда катышуучулар башка элдин тили, маданияты менен тааныша алат. Андан сырткары "Дүйнө элдеринин ашканасы" аянтчасынан тамактарды жасоо боюнча мастер-класстарды көрө алышат.

Башкы сахнада өспүрүмдөр менен жаштардын чыгармачыл жамааты өз өнөрлөрүн тартууламкчы.

58
Белгилер:
фестиваль, майрам, билим, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте беш күн бою европа тасмалары акысыз тартууланат
Пикирлер