Жээнбеков Манас Ниязов баштаган мыкты уул-кыздардын энелерин сыйлады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-майда көп балалуу энелерди "Баатыр Эне" ордени менен сыйлап, өлкөнү даңктаган уул-кыздардын энелерине алкыш баракчаларын тапшырды
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-майда көп балалуу энелерди Баатыр Эне ордени менен сыйлап, өлкөнү даңктаган уул-кыздардын энелерине алкыш баракчаларын тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы энелерди көргөн сайын өзүнүн апасын эстей турганын айтып, ошол асыл сезимди ыроологон энелерге ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-майда көп балалуу энелерди "Баатыр Эне" ордени менен сыйлап, өлкөнү даңктаган уул-кыздардын энелерине алкыш баракчаларын тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-майда көп балалуу энелерди "Баатыр Эне" ордени менен сыйлап, өлкөнү даңктаган уул-кыздардын энелерине алкыш баракчаларын тапшырды
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-майда көп балалуу энелерди Баатыр Эне ордени менен сыйлап, өлкөнү даңктаган уул-кыздардын энелерине алкыш баракчаларын тапшырды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-майда көп балалуу энелерди "Баатыр Эне" ордени менен сыйлап, өлкөнү даңктаган уул-кыздардын энелерине алкыш баракчаларын тапшырды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖээнбеков апанын тарбиясы өзгөчө экенин, ал балдарын кандай тарбияласа, ошол нерсе мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң таасир берерин белгилеген
Жээнбеков апанын тарбиясы өзгөчө экенин, ал балдарын кандай тарбияласа, ошол нерсе мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң таасир берерин белгилеген - Sputnik Кыргызстан
2/4
Жээнбеков апанын тарбиясы өзгөчө экенин, ал балдарын кандай тарбияласа, ошол нерсе мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң таасир берерин белгилеген
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСалтанаттуу аземде президент Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан жана өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан уул-кыздардын ата-энелери да отурганын айтып, алкыш баракчаларын тапшырган
Салтанаттуу аземде президент Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан жана өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан уул-кыздардын ата-энелери да отурганын айтып, алкыш баракчаларын тапшырган - Sputnik Кыргызстан
3/4
Салтанаттуу аземде президент Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан жана өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан уул-кыздардын ата-энелери да отурганын айтып, алкыш баракчаларын тапшырган
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы апаларга өлкөнүн керегине жараган, элибиздин түндүгүн бийик көтөрөм деген уул-кыздарды төрөп, тарбиялап, уядан учурганы үчүн алкыш айтты.
Мамлекет башчы апаларга өлкөнүн керегине жараган, элибиздин түндүгүн бийик көтөрөм деген уул-кыздарды төрөп, тарбиялап, уядан учурганы үчүн алкыш айтты. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Мамлекет башчы апаларга өлкөнүн керегине жараган, элибиздин түндүгүн бийик көтөрөм деген уул-кыздарды төрөп, тарбиялап, уядан учурганы үчүн алкыш айтты.
1/4
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-майда көп балалуу энелерди "Баатыр Эне" ордени менен сыйлап, өлкөнү даңктаган уул-кыздардын энелерине алкыш баракчаларын тапшырды
2/4
Жээнбеков апанын тарбиясы өзгөчө экенин, ал балдарын кандай тарбияласа, ошол нерсе мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң таасир берерин белгилеген
3/4
Салтанаттуу аземде президент Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан жана өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан уул-кыздардын ата-энелери да отурганын айтып, алкыш баракчаларын тапшырган
4/4
Мамлекет башчы апаларга өлкөнүн керегине жараган, элибиздин түндүгүн бийик көтөрөм деген уул-кыздарды төрөп, тарбиялап, уядан учурганы үчүн алкыш айтты.

Жээнбеков апанын тарбиясы өзгөчө экенин, ал балдарын кандай тарбияласа, ошол нерсе мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң таасир берерин белгилеген.

"Бул дүйнөдө Энеден өткөн ыйык түшүнүк жок. Баланын эң жакын, касиеттүү адамы дагы эне. Энеге гана ыйык деген сөз жарашат деп айтаар элем. Өзгөчө майрам күндөрү бизди жарык дүйнөгө алып келген апаларыбызды ар дайым эстейбиз. Мээримибизди тартуулап, урмат-сыйга бөлөп, колдон келген белектерди берүүгө аракет кылабыз. Өтүп кеткен апаларыбыздын акыл-насааттарын эстеп, куран окуп, бейиштерин тилейбиз", — деп белгиледи Жээнбеков.

Салтанаттуу аземде президент Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан жана өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан уул-кыздардын ата-энелери да отурганын айтып, алкыш баракчаларын тапшырган.

Алар:

— Кинорежиссер Руслан Акундун апасы Канышай Акунова;

— Мыкты көк-бөрүчүлөр Манас, Жаныш, Байыш Ниязовдордун апасы Айсалкын Эсенбаева;

— Жеңил атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Дарья Маслованын апасы Галина Маслова;

— Шахматчылар Руслан, Арзыбек, жана Айжан Съездбековдордун апасы Гүлбарчын Калдыбаева;

— Балет артисттери Максат жана Марат Сыдыковдордун апасы Гүлкайыр Карабекова;

— Хореография режиссеру Тилек Кийизбаевдин апасы Фаризатхан Кийизбаева;

— Дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу Асель Сартбаеванын апасы Дамира Сартбаева;

Мамлекет башчы апаларга өлкөнүн керегине жараган, элибиздин түндүгүн бийик көтөрөм деген уул-кыздарды төрөп, тарбиялап, уядан учурганы үчүн алкыш айтты. Ошондой эле ал энелерди көргөн сайын өзүнүн апасын эстей турганын айтып, ошол асыл сезимди ыроологон энелерге ыраазычылык билдирген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленчү Энелер күнүнө карата быйыл 1354 аялга "Баатыр эне" ордени, 454 аялга "Эне даңкы" медалы берилет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0