Атамбаев журналисттерге койгон миллиондогон доосунан баш тартты

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года
Пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы өлкө башчы бир жыл ичинде расмий катталган маалымат ресурстарында жакшы жакка өзгөрүүлөр байкалганын билдирген.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге койгон доосунан баш тартты. Бул тууралуу КСДП партиясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеде бир жыл ичинде расмий катталган маалымат ресурстарында жакшы жакка өзгөрүүлөр болгону айтылат.

"Журналисттер Дина Маслова жана Нарын Айыпка, укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата доо арызымдын материалдык бөлүгүнөн баш тартам. Буга бир жылдын ичинде расмий катталган маалымат ресурстары менен медиа коомчулугунда байкалган позитивдүү өзгөрүүлөр себеп болду", — деген мурдагы президент.

Эске салсак, буга чейин башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо жөнүндөгү арызына ылайык, Октябрь райондук соту журналисттер Нарын Айыпты 9 миллион, Дина Маслованы 3 миллион, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованы 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0