Темир Сариевдин айылга каты. Элдин баары ийменген чоң эне менен азаптуу арпа

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы пермьер-министр Темир Сариев. Архив
Мурдагы пермьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн айылга катты коомдук ишмер, мурдагы премьер-министр Темир Сариев жазды. Ал ошол кезде келиндер сөзүн эки кылбаган чоң энесин, колу эптүү таенеси менен балдарын эмгекке тарбиялаган ата-энесин эстеди.

Биздин каарман Темир Сариев Сокулук районундагы Төш-Булак (мурдагы Белогорка) айылында туулган, он бир бир туугандын тогузунчусу.

Саламатсыңарбы, айылдаштарым!

Айылга кат жолдоп жаткандан кийин, албетте, кепти адегенде ошол кезде баалуу да, кымбат да болгон кат туурасында кеп кылгым келди.

Кат мага тааныш, кат маган жакын. Кичине кезимден тарта жаза баштагам. Себеби, Төш-Булакта төрөлүп, бирок 1-класстан тарта Фрунзе шаарындагы Надежда Крупская атындагы мектеп интернатында окуп калдым. Энем же эжелерим келип, үйгө бир айда бир эле жолу гана алып кетчү. Атам менден улуу бир туугандарымдын баарын шаардагы №5, № 1 мектептерде окутту.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Акылбек Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан
Атам атып салат экен деп бакырып ыйладым... Акылбек Абдыкалыковдун айылга каты
Аралыгы өтө деле алыс болбогону менен айылга, үйгө кат жазганым эс тартып калганга чейин токтогон жок. Анда почта да абдан жакшы иштегендиктен, тез-тез алып турчумун. Кириш бөлүгү алыскы айылда жашап жаткан атама, апама, бир туугандарыма деп башталчу. Ошол сөздөр азыр да эсимде, эмнегедир унуткан жокмун. Бой тартып, 7-8-класска келгенде, айылга өзүбүз барып-келгенге жараганда, албетте, кайкып учкан каттар сээлдеди. Анан ал кезде ата-энеге эмес, кыздарга багыштала баштады. Класстын ичинде кыздарга зыпылдап уччу. Акырын билгизбей сумкасына, чөнтөгүнө салып койчубуз. Кээде кимден экендигин жазсак, кээде аттарыбызды койчу эмеспиз. Ал да өзүнчө сонун кездер экен.

Анан кат жазуу мезгилинде кийинки доор келди — ал аскерден жиберилген салам дубайлар эле. Эки жыл Украинада кызмат өтөп, ошондо ата-энени, бир тууганды, досторду, өзгөчө туулуп-өскөн жерди, мекенди сагынуу кандай болорун сездим. Ошол чоң сагыныч — каттын өзөгүн түзчү.

Киного тартылган кез

…1973-жылы Фрунзеден жайкы каникулга барсам, энем "киночулар келип, тоонун этегине, суунун аркы өйүзүндө сарайга келишти, балдарды тандап жүрүшөт" деп айтып калды. Биздин үйгө да балдар барбы деп эки-үч жолу келишиптир. "Меникилер шаарда окуйт, каникулга жакында келет дедим, алар кайра да издеп келишсе керек" деди. Эртеси бир байке келип, "сен да жүрү" деп алып кетти. Кийин билсем, режиссердун жардамчысы, "Кыргызфильмде" иштеген Асан Айтикеев экен. Ошентип башка балдар менен кошуп, 1-2 күндөй проба кылып, экинчи ролго деп тандап алышты. Тагдыр буюруп, Чыңгыз Айтматовдун "Атадан калган туяк" чыгармасынын негизинде жаралган киного тартылып калдым.

Ошол ирмемдердин көп нерсеси эсимде. Ал убакта киного тартылуу балалык кубанычтын бири болгон. 70-жылдары айылга кино жаңыдан келип, клубдар жаңыдан салына баштаган. "Уркуя" фильми жаңы чыккан эле. Советбек Жумадылов, Сабира Күмүшалиева, Кубатбек Жусубалиев сыяктуу залкарлар менен чогуу жүрүп, чогуу басып, чогуу сүйлөшүп калгандан кийин көп нерселер жадымда жатталып калды. Кино тарых экен да. Жыл сайын көрүп, ошол учурдагы көп нерселерди эстейм. Унутулган жок.

© Фото / из личного архива Темира СариеваДембельский альбом — Темир Сариев
Дембельский альбом — Темир Сариев - Sputnik Кыргызстан
Дембельский альбом — Темир Сариев

Айыл туурасында…

Көчмөн элде терең сиңип калган үрп-адаты, салты, ар бир айылдын, үй-бүлөнүн жазылбаган мыйзамы бар эмеспи. Элеттин көзгө көрүнбөгөн бир ички байланыштары болот. Мактанып эле коеюн, нукура кыргыз айылынын маданиятынын негизинде, үй-бүлөлүк тарбиясын алган адам катары калыптандым. Менде болгон-бүткөн жакшы деген сапаттарды айылым, айылдагы тарбиям, айылдагы чөйрөм, элетте жашап-иштеген ата-энем калыптандырды. Бул тарбия кийинки чоң турмушумда, бир өзөк болуп туруп калды. Айыл ар дайым адамгерчиликке жетелейт. Эсимде…мен кичине кездерде айылдын турмушу да башкачараак болучу, айылдарда дубал жок, баары ачык эле. Илгери кыргыздардын жашоосунда бир кыштоо, бир жайлоо деген болчу да. Конуш тандаганда, алачык же боз үй тиккенде ачык жана кенен жер тандашчу тура. Көрсө, чүмкөнбөгөн ачыктыктын да өзүнүн философиясы бар тура. Боз үйдөн чыксаң да эл көрүнүп турчу. Ошондуктан "эл эмне дейт, айыл-ападагылар эмне дейт" деп тарбиялачу. Бул адамдын туура эмес иш кылбашы үчүн кандайдыр бир бөгөт катары турат экен. Токтоткон фактор. Кыргыздын сөзү күчтүү да, ошол эл, айыл эмне дейт деген сөздүн тарбиясы канча. Эми жогоруда айткан дубалга келейин. Азыр үйлөрдүн баарынын короосу дубал менен тосулган. Балким, бул деле өнүгүүнүн, урбанизациянын бир жолу окшойт. Бирок мен баягы-ыы ачык, кучагын жайып турган учурларды сагынам.

Ата-энем туурасында

Депутат Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан
Кожобек Рыспаевдин айылга каты. Кууратпайын деп Афган согушуна апама айтпай кеткем
Көп балалуу үй-бүлөдө тарбияландык. Атам Аргынбай айылдык советтин катчысы болуп 17 жыл, андан мурда бригадир болуп көп жыл эмгектенген. Атам "колхозду ал кезде башкарма менен бригадир башкарып, кыймылдатчу. Азыр жарымынан көбү жетекчи, кылган ишиңер жок" деп айтып калаар эле. Пенсияга чыкканда кадрлар бөлүмүндө иштеди. Ата-энебиз бизди эмгекке үйрөтүп, эмгекке тарбиялады. Азыр ойлоп отуруп, энемдин, дегеле ошол кездеги энелердин каармандыгына таң берем. 11 баланы төрөп, багып, андан сырткары, топ башы болуп жүрдү. Ошол кезде аялдар кош бойлуу болуп иштеп, ал тургай талаада төрөп койгон учурлар болгондугун энем айтып берчү. Азыр ойлоп көрсөк, турмуштун шарты да катуу экен да. Жыгач арабалар болор эле, үстүнө саман төшөп коюшчу, дөңгөлөгү жыгач же темирден жасалган, жолдор түз эмес. Ошого отуруп же жөө жалаңдап кетишчү. Көп келиндер, биздин энелер, жеңелер ошондой шартта, жашап, балдарын чоңойтту. Колхоздун, үйдүн жумушун кылып, балдарды төрөп, багып өстүрүп… Түшкө тамакка чуркап келип, эмизип коюп, кайра ишине кеткендерин көрчүмүн, эсимде калыптыр. Мунун баары мен балалык кездеги айыл турмушу. Мен айылдын, эмгекчил үй-бүлөнүн тарбиясын көрүп, калыптандым.

Сасыган биз, арпа сапырган азаптар…

Аскердин алдында Спорт мектебин бүтүп, мамлекеттик университетке окууга тапшырып, бир балл жетпей, конкурстан өтпөй, андагы тил менен айтканда кулап калдым. Энем Атыр сыркоолоп, жанында болоюн деп айылга кеттим. Жанында жүрүп жардам бердим, анан жөн жатпайын деп, сакманчы болуп иштедим. Ал 45 күндөй болчу, жакшы каражат төлөнөр эле.

Көп бир тууган болгондон кийин оокатка көндүк. Шаарда окуган менен каникулда үйгө кайтабыз да. Эсимде, 2-класста окуган кезде кызылча боюнча звеновой энебизге жардам берчүбүз, андан кийин машак терчүбүз. Кийин бой тарткан сайын, түйшүк арбыды.

…6-7-класс кезим, кырманда эгин сапырып иштейм. Өзгөчө, арпа азап эле, кылчыктуу келет да, пырлардын баары учуп, ысыкта күнгө какталып тердеп турган денеге жармашып, анан жаныңды көзүңө көргөзүп, кычыштырат. Чыдабай кетип суу түтүккө чуркап барып, жуунуп жиберебиз да кайра жумуш орунга келмей… Ошол күндөр да өттү, ал мага чоң мектеп болду.

8-классты бүткөндө күпкөгө иштеп калдым. Анда кой кыркылгандан кийин илдеттерден профилактика иретинде креолинге салчубуз. Ал — чоң көлмө кылып, толтурулган жыты жагымсыз суюктук. Кичине балабыз да, чоң-чоң койлорду ыргытайын десең, күчүң жетпей темтеңдеп каласың, ага болбой тырмышабыз. Алыбыз жетпей баратса, экиден бириге калабыз. Кой күү менен барып суюктукка түшкөндө, денебизге, башы көзүбүзгө креолин чачырайт. Кечинде үйгө чарчап барып жыгылабыз. Ошентип биз эмгекке көндүк…

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСариев күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышкан чатакты териштирүүнү тапшырды
Сариев күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышкан чатакты териштирүүнү тапшырды  - Sputnik Кыргызстан
Сариев күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышкан чатакты териштирүүнү тапшырды

Тентектик

Тентек эле болдук. Каникулга үйгө барганда ишке салышчу дебедимби жогоруда. Эртең менен тапшырманы берип кетет, баарын бүтүрүп коюп, күчүбүздү оюндан чыгарабыз. Шокпуз, күчүбүз ашып-ташып, анан да фантазия атылып турган чак. "Биринчи кан чыкканга чейин" деген бар эле. Мушташып, оозуң же мурдуң канап кеткенче, кээде көзүң көгөргөнгө чейин урушабыз. Бул айылдын турмушу жөнөкөй жана катуу болот. Жумшактык деген жарабайт. Таяк жеп да жүрдүк.

Интернатта окуп, күрөш менен алектенип жүрдүм да. Айылга келсен, "ай, бул спортсмен" деп калышат, бирөө тийишсе, "сага көргөзөм" деп мушташып кеткен убактар болду. Бир жакшы жери жери — бүгүн урушсаң, эртең жарашып, коюн-колтук алышып ойноп кетесиң.

Шым үтүктөгөн ноу-хаулар менен кызарган терилер

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Министр Батыралиевдин айылга каты. Уй саап, нан жапкан күндөр жана түйшүктүү балалык
Мектептеги окуялар. Күндө эртең менен тамакка барар учурда эжекелер линейкада баарыбыздын мектеп формабыз бырышып калган жокпу, тазабы деп текшерчү. Шымдардын кыры кетип калган учурлар болор эле. Ал шарт боюнча чыкыйып турушу керек. Кийин биз анын кырын бычактын мизиндей кылып чыгарганды үйрөндүк. Ал үчүн шымды ичинен аңтарып, кырдын изин самын менен сыдырып туруп, кайра аңтарып, анан үтүктөп койчубуз. Чындыгында эле көпкө чейин кыры кетпей жүрчү… 1-класстан тарта жакабызды жууп, кайра өзүбүздө тиктирчү. Тарбиячыларыбыз бизге эне ордуна эне болушту.

Уурданып көргөн чемпионаттар

70-жылдары мектептерде телевизорлор жаңы пайда боло баштаган. Жатаканадабыз. "Рассвет" деген кичинекей телевизорубуз бар. Сабакты белгиленген убакытта окуйбуз. Анан өзүбүзгө деп 30 мүнөт убакыт берилет. Ошол учурда көйнөктүн жакасын жууп, кайра тигип, же телевизор көрчүбүз. Кызыктын баары кечинде башталат. Хоккей же башка чемпионаттар өтүп, телевизордон көбү түнкүсүн көрсөтүлүп калат да, эси-дартыбыздын баары ошондо. Качан көрөбүз эми, качан кеч кирет деп күтө баштайбыз. Тарбиячылар бизди саат кечки 10:00дө жаткырып, үйлөрүнө кетет, бирок күзөткө нөөмөт менен бир тарбиячы калат. Ал бир ирет текшерип кеткенден кийин уктадык деген биз шырп алдырбай келип, дымыбызды чыгарбай, баарыбыз тыптынч, чекчейип отуруп ушундай кызыгуу менен телевизордогу оюндарга арбалчубуз. Оо, анан эртеси күнү көрбөй калган класстарга мактанмай эле. Жакшы кездер болчу…

Чоң энем менен таянем

ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Депутат Төрөбай Зулпукаровдун айылга каты. Апам акыры-ыын жашып, а мен апкаарып...
Чоң апам Зейнеп 11 жашымда каза болуп калды. Эсимде, айылдын баарына сөзү өткөн абдан күчтүү, бийлиги бар кемпир эле. Бизди назар тукуму деп коет, ошол уруунун апасы болгондуктанбы, айтор ошондой болучу. Жолдон кетип бара жаткан келиндер кыя өтчү эмес. Эшиктин алдына отурган чоң апама кайдан келе жатканын, кайда бара жатканын айтып өтүшчү. Учурашпай калса, абдан катуу зекичү. Анда мен жогоруда айткандай, баары ачык да. Штакетник деген да жок, тосулган эмес. Анын үстүнө үйүбүз дөңсөөдө болчу. Өтүп бара жаткандар башка кишилер деле токтоп, келип, кайда барып, кимге жолугуп келе жаткандыгын айтып өтүшү шарт эле. Ошондой чоң апам болгон. Ал эми таянем Асел абдан уз, колунан көөрү төгүлгөн аялзаты болчу. Бизге чийбаркыттан шым, күрмө, чыптама, ал эми кышкысын козунун терисин ашатып, кол кап тигип берчү.

Азыр баам салсам, балалыгымдагы айылдын турмушу кызык жана боегу көп болгон тура. Эң негизгиси адамда аң-сезимдин, көз караштын, кыймылдын эркиндигин берет. Айылда өскөн балдар зээндүү, тырышчаак, ар нерсени тез кабыл алган, кийин турмуштун оордугун түшүнө да, көтөрө да билген адам болуп калыптанат.

Мен айылды кантип эстейм?

Айыл десе, ачык асманды, асман тиреген тоолорду, кар жаткан аскаларды, желип урган желди эстейм. Менин кичи мекенимде шаркырап Сокулук суусу агат. Апам айылга барганда алманын ичиндеги көк шиберге таар төшөп, үстүнө төшөктөрдү салып, анан аппак шейшеп капталган жуурканды жаап берчү. Тоок, каз, өрдөктүн жүнүнөн жасалган жаздык бир укмуш жупжумшак. Асманда жылдыздар жыбырайт. Агымы укмуш… шаркыраган суунун шарын тыңшап жатчумун. Анда автоунаа бирин-серин болгондуктан, айлана мемиреп тыптынч. Мен андай ырахатты, бейпилдикти, балалыкка тааныш айыл жытын менмен деген беш-алты жылдыздуу мейманкадан таба албайм. Ал эми тоого чыксаң, көкөмерендин, арчанын, жай ортолоп кеткенден кийин шыбактын каңылжаарды өрдөгөн жыты. Мен айылды ушинтип эстейм.

Колум бошой калса, жекшемби күндөрү Төш-Булакка бир саатта жетип барам, баягы мага бала кезден тааныш алманын алдына барып уктайм, тоого чыгам. Эртең менен таң атып келе жатканын караганды жакшы көрөм. Тоонун башына күн тиет да, анан акырындап келип отуруп, айылга чачырайт. Айылга барганда кадимкидей дем, күч кубат алам, анан жакшы ойлор, идеялар келет. Кээде мени менен курбалдаш Калыбек аттуу таякем экөөбүз тоого чыгып кетебиз.

Депутат Жогорку Кенеша от фракции СДПК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Депутат Аида Касымалиеванын айылга каты. Таята, жылдыз санаган түндөр, эски ийик
Эки жума катары менен барбай калсам, кадимкидей куса болуп, сагына түшөм. Азыр атабыздын журтунда менден улуу агам карап, жашап турат. Чоң атабыздын убагында салынган үйлөр бар. Айылдагы үйүбүздө той-топурлар болот, балдарыбыздын, неберелерибиздин жакшылыгын тособуз, кыргыз үчүн абдан сый болгон кудаларды алып барганды жакшы көрөбүз. Атанын журту, атанын үйү, киндик кан тамган жериң сен үчүн эң баалуу. Балдарыбызды, жээндерибизди да айылга алып барып, айылдын турмушун, маданиятын көрсүн, салт-санаасы менен тааныш болсун деп, тарбиялайбыз. Жакшылык-жамандыктарда бардыгын ээрчитип барып, чогуу болобуз. Айылдын ынтымагы күчтүү.

Эски там, ээн турат кыштагымда,
Эзелтен ээси жок деп бузбагыла.
Түбүнөн тууган болом мен силерге,
Түңүлүп тизмеңерден сызбагыла,
- деген саптарды Надырбек Алымбеков жөн жерден жазбаган чыгар.

Аман болгула айылдаштарым, айыл бар — силер бар, айыл бар — биз барбыз. Баарыбызга өнүгүү, ынтымак, жашообузга тынчтык каалап, уулуңар Темир Сариев.

Жаңылыктар түрмөгү
0