Атамбаев менен соттошкон журналисттерге 398 миң сом чогулду. Акча кайда жумшалат?

Жазылуу
Азыр каражатты сарптоонун бир канча варианты каралып жатат.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Zanoza.kg интернет-порталынын эсебине жарым жыл ичинде 398 миң сом чогулганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына сайттын негиздөөчүлөрүнүн бири Дина Маслова билдирди.

Эске салсак, буга чейин Бишкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар намысын жана атуулдук беделин коргоп, аталган басылманы 27 миллион сомго сотко берген.

Пресс-конференция Наримана Тюлеева - Sputnik Кыргызстан
Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаевге жазды деген каттары боюнча үн катты
Анын 15 миллионун — сайт, тогуз миллионун — Нарын Айып, үч миллионун— Дина Маслова менен "Адилет" укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова төлөмөк. Дагы 5 миллион сомдон "Ата Мекен" партиясынын эки адвокатынын мойнуна илинген.

Мыдан кийин Сөз эркиндигин корго боюнча комитет журналисттерге жардам көрсөтүүгө каражат чогултуу үчүн кайрымдуулук кампаниясын баштаган.

Жарым жыл аралыгында активисттер, журналисттер жана жөн гана кайдыгер карабаган жарандар 400 миң сомго чукул каражат чогултуп коюшкан.

Ал эми 18-май күнү Алмазбек Атамбаев жогорудагы доосунан баш тартарын жар салган.

Маслованын айтымында, эми чогулган каражат кайсыл максатта жумшалары чечиле элек.

"Сунуштар көп, мисалы, ооруп жаткан кесиптештерге жардам берүү же сөз эркиндиги боюнча форум уюштуруу. Балким акчаны кайра эле ээлерине кайтарып берээрбиз", — деди ал.

Анын айтымында, жакынкы арада акыркы чечим кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0