Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун Шералиев көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу Арчи кафеси буздурулду

Бишкекте өзүм билемдик менен курулган кафе буздурулду. Сүрөт

264
(жаңыланган 11:15 22.05.2018)
Жакынкы күндөрү мыйзамсыз курулуп жаткан бир нече объектилердин дагы иши токтотулат.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" конушунун Шералиев көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу "Арчи" кафеси буздурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

  • Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун Шералиев көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу Арчи кафеси буздурулду
    Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" конушунун Шералиев көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу "Арчи" кафеси буздурулду
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Маалыматка караганда, кафе жайгашкан аймак муниципалдык жер тилкеси болуп эсептелет.
    Маалыматка караганда, кафе жайгашкан аймак муниципалдык жер тилкеси болуп эсептелет.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 2
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" конушунун Шералиев көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу "Арчи" кафеси буздурулду

Маалыматка караганда, кафе жайгашкан аймак муниципалдык жер тилкеси болуп эсептелет.

"Имарат мыйзамсыз негизде салынгандыктан, мэриянын алдындагы Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери демонтаж иштерин аткарды. Кафенин аймагы 252 чарчы метрди түзөт. Буга чейин ээсине эскертүү берилген болчу", — деп айтылат маалыматта.

Жакынкы күндөрү мыйзамсыз курулуп жаткан бир нече объектилердин дагы иши токтотулат.

264
Белгилер:
мыйзам, кафе, Арча-Бешик, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте чар жайыт илинген көрнөк-жарнактарды алуу уланып жатат
Албек Ибраимов: "Нарын" ресторанынын ордуна парк курулат
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

Кыргыз тарап Россияга "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуштады

18
(жаңыланган 22:31 23.01.2021)
КРдин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.

Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.

Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.

Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.

18
Белгилер:
жолугушуу, сунуш, өндүрүүчү, вакцина, коронавирус, Спутник V, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
"ЭпиВакКоронадан" эмне күтүүгө болот? COVID-19га каршы вакцина тууралуу кеп
Венгрия Россиядан 2 миллион доза "Спутник V" вакцинасын алып жатат. Видео
Карды тартып аткан адамдар. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

32
24-январга караган түнү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4…+1, Нарын өрөөнүндө -7…-12 градусту көрсөтөт.

Бишкекте жана Ошто кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо -2…-4, Ош шаарында 0…-2 градуска жетет.

32
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Абайлагыла, сак болгула! Айдоочуларга эскертүү берилди