ФСБ Балыкчыдагы турак жайларын кыргыз чек арачыларына тапшырды

Жазылуу
Кеп Балыкчы шаарындагы эки, үч бөлмөлүү батир жана 90 чарчы метр аянты бар үй туурасында болууда.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Россиянын федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Балыкчыдагы өздөрүнө тиешелүү болгон үч турак жайды Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына өткөрүп берди. Бул туурасында Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

"Эки тараптын чек ара тармагындагы кызматташуусун бекемдөө максатында РФ тарабынан кыймылсыз мүлктү кайтарымсыз берүү туурасында чечим кабыл алынган. Турак жайды өткөрүп берүү иштери 2018-жылдын 18-майында соңуна чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Кеп Балыкчы шаарындагы эки, үч бөлмөлүү батир жана 90 чарчы метр аянты бар үй туурасында болууда.

Маалыматта турак жайлардын жалпы баасы 50 миң экендиги айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0